"Барктабастын аялы кетип калды"

Асанбек Стамов.

Асанбек Стамовдун “Көпкөн жигит” аттуу аңгемеси 1976-жылы жазылып, алгач “Кыргызстан маданияты” жумалыгында жарыяланган. Аңгемеде турмуштун капыс соккусуна кабылган жигиттин арман-күйүтү, айтпай-дебей келип алган мүшкүлдөн кантип кутулганы көрсөтүлгөн.

Ынтымактуу жашап жаткан үй-бүлөнүн ойдо жок жерден ыдырап кетиши, ага себепкер болгон окуялар чыгармада турмуштук ыктуу деталдар аркылуу ишенимдүү баяндалат.

Отун жарчу, суу апкелчү

Асанбек Стамовдун калеминен чыккан көркөм туундулардын эң кыскасы, бирок көркөм мазмуну, формасы жагынан бар тарабы келишкен нукура туундусу, чебер устанын колунан чыккандай таасир калтырчу керемет чыгармасы ушул. Аңгемедеги ар бир сөз, сүйлөм – баарысы автордук идеяны, чыгармада козголгон проблеманы ачууга багытталган.

Барктабастын аялынын кетип калышынын себеби окуянын кийинки жүрүшүндө ачыкка чыгат. Көрсө инженердин аялы кызмат тепкичи көтөрүлүп бараткан таасирдүү аткаминер менен ашыктык отуна кабылып калган экен. Элдин кыйласы билген бул кабардан негедир Барктабас беймаалым калыптыр. Барктабас аялынын үй түйшүгүн жеңилдетиш үчүн суусун ташып, отунун жарып, даярдап коёт. Анан ошондой эркекти чанып, сүйүүгө чаңкаган аял үйүн таштап кетип атпайбы.

“Жазга маал, күндөрдүн бир ачык күнүндө “Н” заводунун инженери Барктабастын аялы кетип калды. Кеткенде да күйөөсүнө эч кандай күнөө койбостон, үй-мүлкүнүн баарын таштаган боюнча чыга берди. Алардын турмуш курганына эки гана жылча болгон. Мына ушул эки жыл ичинде эрди-катындын ортосунда боло берчү бирин-экин майда чатакты эске албаганда, алар урушуп-талашып бири биринин көңүлдөрүн калтырышкан деле эмес. Кала берсе Барктабас ак көңүл, токтоо мүнөз, үй-бүлөгө кароо жигит эле. Кызматы бүткөндөн кийин ал жолдон буйт берип кетип, жоро-жолдоштору менен арак-шарап ичкен жан эмес. Айлык алганда да профсоюз взносу үчүн кармаган тыйындан башкасын чыпчыргасын коротпой алып келип, аялынын колуна карматчу.

Үйүнө келгенде да анын жаны тынбайт. Кара терге түшүп, эшигинин алдында чачылып жаткан куу өрүктүн жумуру дүмүрлөрүн жарып, сарайчасынын ичине тизип чыгат. Анан өз үйүнөн алда канча окчун көчөнүн четиндеги крандан эки чака сууну чайпалта көтөрүп келип, аялынын майда-чүйдө үй оокатына чейин каралаша кетет. Бул үй-бүлөгө ар кимдер сыртынан чындап суктанчу эле”.

Идеалдуу дегидей үй-бүлөнүн ушул мамыр-жумур картинасы заматта бузулат. Барктабасты арабөк калтырып кетип аткан зайыптын сулуу экени, жарашыктуу кийингенди жакшы көрөрү, үнүн бийик чыгарбаганы менен кыйла көктүгү бардыгы окуянын жүрүшүндө ачыкка чыгат. Анын антиподу Барктабас куулук-шумдугу жок, баёо жан. Иши кылып, Барктабасты аялы чанып кетиши артынан толгон-токой суроолорду жаратат. Барктабас "Эмнемден жаздым?" деп айыпты өзүнөн издеп, аялы менен ажырашып кетерине ишенбей, кыйла күндү түпсүз ой-санаа менен өткөрөт. Эмнеден жазды экен? Барктабас аялы кош чемоданын көтөрүп кетип атканын айтканда алгач ага маани деле бербейт. Адаттагыдай эле курбулары менен эс алганы кетип атканбы деп ойлойт. Анын буга чейинки “эс алуулары” кандай өткөнүнө кызыкпаган Барктабас бул ирет деле көңүлкош мамиле кылат.

“Баягы эле ордунан ойлонгонсуп, кыймылсыз отурган Барктабас бир маалда босогодо турган аялынын:

- Мен кетип атам,- деген үнүн укту.

Ал башын көтөрүп аялын тиктеди. Анын бейкапар турушунда аялынын сөзүнө маани бербегендик билинип турду. Сымбаттуу денесине көйнөгү куюп койгондой жарашкан аялы айткан сөзүнүн маанисин эри түшүнбөй калганын билип, эми олуттуу көрүнүүгө аракеттене:

- Барктабас, мен биротоло кетип атам. Кош, - деди эле, үнү каргылданып, көзүн жаш чайып кетти. Жаш келин кантсе да өзүнө бир жолу да өйдө карабаган жоош, ары баё чалыш эрин көңүлүндө аяп кетти көрүнөт.

Ушу сөздөрдүн мааниси жигитке дагы эле болсо жетпейт беле, эми ал чын ыкласы менен аялын тиктегенде, анын жанында турган кош чемоданды көрүп, көңүлүндө кандайдыр кызыгуу пайда болгондой:

- Каякка? – деп койду.

Аялынын эрине айтайын деп камдаган далай сөзү бар болчу. Бирок көкүрөгү ысып, бошой түшкөн жаш келин мындан башка эч нерсе айта албасын билди да “Кош!” – дегенге араң жарап, чемодандарын сүйрөгөн боюнча чыгып кетти.

Бул жигиттин санаасына кирбеген окуя болчу. Аялынын чемодандарын көтөрүп чыгып кетиши анын көңүлүндө күдүк туудурганы менен, жагдайдын канчалык чындыгы бар экенин дагы эле түшүнө бербей, туфлисин бутуна коңултак кийген боюнча аялынын артынан чыкты. Ал эми эшик алдында туруп үстү жаңы брезент менен жабылган “Газ” машинага түшүп жаткан аялын көрүп кыйкыра алган жок. Артынан да чуркабады. Оозунан алдыргандай болуп чоочун машина дыр коюп жүрүп кеткенден кийин анын карааны алда качан көрүнбөй калса да, ошол жакты тиктеген боюнча далдайып жылбай далайга чейин турду.”

Аялы эмнеге кетти, эмне үчүн кетти? Качан, кайсы жерде анын көңүлүн оорутту экен? Бул суроолорго Барктабас жооп таба албай кыйла күн деңдароо жүрдү. Урбаса, сөкпөсө, колу бошосо жанында жардамдашып жүрсө, анан эле минтип таламандын тал түшүндө кетип атса - ойлонбой турган жорукпу? Барктабасты таң калтырган нерсе ушул болчу. Алгач аялынын кетип калганына ишенбей жүрсө, кийин ал кайрылып келчүдөй умсунуп, кусалыгы артып, айласын таппай калат. Ал өзүн кыйнаган суроолору менен өзү гана болуп, башкалардан бул ишти жашырып коёт.

Амалдуу аялдын айласыз аргасы

Барктабасты аялы качан эле башка бирөөгө алмаштырып, ага жетиштин ыктуу планын түзүп, жылуу-жумшак ажырашууну гана күтүп калганын башкалар билсе да өзү билбейт. Аялынын бирөөлөр менен жүрүп кеткенин билсе деле ал баарын кечирип салмак. Себеби ага аялы менен гана жашоо кызык. Ошон үчүн анын кетип калганына, ал түгүл ажырашуу маселесин козгогонуна, ажырашкандан кийин деле болгон ишке ишене албай, аялын эңсей берет, сагыныч менен кусалыктан чыга албай кызыкча жашоо кечирет.

А бирок үй-бүлөлүк ынтымак жашоодон бийик ашыктык деген сезим барын, ал ушундай бактылуу деген үй-бүлөнү деле ойрондоп кетерин, күйөөсүн сүйүп тийген аял да бирөөнү андан да катуу сүйүп, ал үчүн кичинекей мамлекетин – үй-бүлөсүн таштап кетерин Асанбек Стамов адабиятта биринчи ирет козгоп аткан жери жок. Көп кырдуу, сансыз катмарлуу турмуштун мына ушул катмары адабиятта арбын чагылдырылган, эрди-катын, анан аялдын же эркектин ашыгы - мына ушул үчилтиктин тарых-таржымалы көп жазылган. “Көпкөн жигит” аңгемесинде да ушул салттуу сюжет негизге алынган. Көрсө ынтымактуу үй-бүлө үчүн камкордук, жакшы мамиле аздык кылат экен. Барктабас аялынын кайда, кимдер менен жүргөнүн билбейт, баарысын кеч билиши анын турмуштагы биринчи соккусу болду. Сотко келгенде деле ал аялынын кеткенине ишенбей жүргөн.

“Бир жумадан кийин жигит аялына кайрадан жолукту. Аялы ажырашуу жөнүндө арыз жазып сотко кайрылыптыр. Арыздын мазмуну менен жигитти тааныштыргандан кийин соттун эрди-катынды жараштырууга кылган аракетине аялы караманча болбой койду. Сот алдында “жарашпайм” деген бир гана жообун айтып туруп алды. Аялынын кылган мындай мамилеси Барктабастын ичин күйгүздү. Ушу кезде анын эркектик намысы козголду көрүнөт, айтор, башын шылкыйтып баятан бери унчукпай отурган ал ажырашууга каршы эместигин билгизген арызын жазып сотко карматты да, аялы менен коштошпостон эшикке чыгып, туш келди басып кетти. Бир жумадан кийин экөө сотко келип, ажырашуу жөнүндөгү күбөлүккө кол коюшту.

Эшикке чыгып, жигит шар басып кете албай артына имериле бергенде өзүн тиктеп турган аялына көзү уруна түштү. Кечээ эле коломтодон бирге түтүн булатып, бирге өмүр сүргөн аялынын заматта жат болуп чыга келишине анык көзү жеткен карапайым жигиттин тамагы буулуп, бараандуу тулку бою түбү бошогон карт терекче чайпалып, жыгылып кетчүдөй ал өзүн бир саамга араң кармады.

Күйөөсүнүн көзүнөн көзүн араң тартып алган аял күнөөлүү боло:

- Кечиргин, Барктабас. Кечиргин мени, - деп үнү дирилдеди.

Эми жигиттин чындап мууну бошоп, ыйлап жибербес үчүн аялын жоопсуз калтырган боюнча тескери бурулду. Басып баратканда ал аялынын:

- Кош. Бактылуу бол, - деген тааныш үнүн кулагы чалды.

Эч ким менен иши жоктой, далысы уркуюп, жүдөгөн, басынган Барктабас көз жашын араң тыйып, ичинен күйүп, ичинен ыйлап келатты.

Ажырашкандан бери алда канча күн өтүп, айлар алмашса да Барктабастын эсинен аялы түк кетпейт. Басса-турса да аялынын элеси көзүнөн карыш калбай, көз алдында турганы турган. Акыры Барктабас аялын мурдагыдан да катуу сүйөрүн, ансыз жашаган өмүр азапка гана толорун анык билди. Ошентип жигиттин айласы түгөндү. Бирге жашап жүргөн кездерде аялына болгон мынчалык махабатты ал сезбегенсиген. Эми болсо кечээки эле жөнөкөйдөй көрүнгөн адамдык мамиле өзөгүн өрттөп, жүрөгүн ачыштырып, жүрөгүн өйкөп жанына тынчтык бербейт.”

Ачылып калган ачуу сыр

Барктабас аялы экөөнүн ажырашканын элден жашырганы менен эл билчү экен. Барктабас дагы санаа дүйнөсүндө канча жашайт эле, бирок да жашырылган чындык баары бир калкып чыгат.

“Бир жолу анын үйүнө качанкы бала чактан берки курбусу Карып кирип келди. Мурда тез-тез жолугушуп турганы менен Барктабас ушу аялына үйлөнгөнү экөөнүн мамилеси үзүлүп калган. Карып үйгө киргенде эле Барктабаска көңүл айта сүйлөдү.

- Эмне эле мынча мөгдүрөп калгансың? Кетсе бир катын кеткендир. Ага эмне!..Көтөр башыңды.

"Аялымдын кетип калганын башкалар деле билишет турбайбы" дегенсип, Барктабас ушу жерден сөзгө бир сынды. Анан ээрчишип алып көчөгө чыгышты. Күнгө жекшемби эле. Алар мейманканага чейин жөө басып барышып, ресторанга киришти. Барктабас бүгүн арак ичти. Ичкенде да тартынбай ичти. Ичкен сайын анын көңүлү ачылып, санаасындагы күйүт унутула түшкөнсүйт. Ушу кезде кызып калган Карып:

- Билесиңби, дос! Катының эрге тийиптир. Кимге тийгенин билип кой. Аныңдын сени чанганындай эле бар экен. Чериков дегенди уктуң беле?- деп койду.

Барктабас башын чайкады. Чындыгында андай фамилиядагы адамды билчү эмес.

- Байкушум... Билбесиң чын. Ал деген Нарын тараптагы жөндүү кызматкерлерден. О-о, карап тур, Чериков дагы өсөт. Катының экөө бирин бири мурда жакшы көрүшчү экен. Ал жигит келген сайын ушу мейманканага токтоп, ушу ресторанда экөө далай чер жазышыптыр. Ашыктык деген оңойбу, акыры ашыктар ышкыларына чек коё албай баш кошуп тынышыптыр. Атасынын көрү, кайгырба, дос. Катын дегенден көп эме жок. Сендей эркектер талаада жатыптырбы. Андан көрө ич,- деди.

Бул сөздөрдү укканда Барктабастын жүрөгү зырп эте түштү. Андан ары жигит арак ичкен жок. Кала берсе ресторанда отуруунун өзү көңүлсүз боло баштады.

Ошентип бүгүн Барктабастын көзү ачылды. Аялынын эмне үчүн аны таштап кеткенинин себебин бүгүн түшүндү”.

Барктабас ошондон кийин мейманкана менен ресторанды жек көрүп, анда отурган аял-эркек соо эместей кыжырын келтире баштайт. Аялы көңүлдөшү менен келип чер жазган ресторанга барбайт. Бирок бир ирет ачуусу менен аялы Чериков экөө отурчу ресторан менен мейманкананын алдына кантип барып калганын өзү да билбейт. Келсе кечки шаар турмушу өз нугунда өтүп аткан экен. Ресторанга кирген-чыккандар көп, мейманканадан аял менен эркектин күлкүсү угулат. Барктабас кантип эңкейип таш алып күлкү чыккан терезени карай ыргытканын, талкаланган айнекти көрүп ал жердегилер милиция чакырышканын деле билбейт. Жетип келген милиция анын соо экендигин көрүп, бул кылыгын иштеген жерине билдирмек болуп жигитти бошотуп жиберет. Ал жерде тургандар Барктабасты "көпкөн жигит, милицияны да тоотпойт, айнекти талкалап качкысы да келбейт" деп күбүр-шыбыр болуп тим болушат. Алар Барктабастын ичинде эмне болуп жатканы менен иши жок болчу.

Асанбек Стамов - улут адабиятына өткөн кылымдын 60-жылдары келип кошулган муундун өкүлү. Улуттун көркөм сөз өнөрү “интеллектуалдуу каарман” деген, элеттен келип, калаада жашап, акыл-эс эмгегинин аркасында жашоо кечирген катмардын жашоо-турмушун көркөм иликтөөгө алган жазуучу. Белгилүү адабиятчы, философ Жамгырбек Бөкөшевдин айтуусунда, анын кара сөз жаатындагы ийгилик-кемчиликтеринин баары ушул тематикалык өзгөчөлүккө байланыштуу.

- “Көпкөн жигит” - шаарга келип жашап калган билимдүү, маданияттуу жигит. Аны аялы таштап кеткенден кийинки кызганыч сезими, ой-санаалары, анан аялынын көңүлдөшү менен отуруп кеткен жерине барып чыр салышы - бул дагы жаңы боёкторду, жаңыча сыпаттоолорду талап кылган тема болчу. Бул жагынан жазуучу өзүнчө чыйыр салып, жазуучулук өнөрүн көргөзө алды.

Асанбек Стамов алгачкы “Ата”,“Кеч күздө” повесттеринен кийин “Эгиз тал”, “Чүй баяны”, “Нөшөрдөн кийин”, “Жаңы тууган”, “Жоголгон күчүк же чоңдор үчүн икая”, “Жол боюндагы жалгыз там” сындуу повесттерди, “Кан Тейиш” романын жарыкка чыгарган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.