Түндүк Корея: кырк жылдагы курултай
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Түндүк Корея Эмгек партиясынын дээрлик акыркы 40 жыл ичиндеги алгачкы курултайы жабык эшик артында өтүп жатат. Азыркы жол башчы Ким Чен Ындын бийлигин мындан ары да чыңдап, бекемдөөнү максат кылган курултайга миңдеген делегаттар келди. Бирок дүйнөдөн изоляцияда жашаган бул өлкөгө окуяны чагылдырууга чакырылган чет элдик журналисттер жыйын залына киргизилген жок.