Ноокендин капустасы кар алдында калды

Кар алдында калган капуста. Достук айылы. Ноокен. 17-декабрь, 2020-жыл.

Ноокен районуна караштуу Достук айыл аймагында 150 гектардай жерге эгилген күздүк капусталардын дээрлик көбү терилбей, талаада калды.

Достук - райондо жашылча жана жер-жемиш эң көп эгилген аймак катары таанымал. Дыйкандар кар алдында калган түшүмдүн дээрлик жарымынан көбүн үшүк уруп, жарактан чыкканын айтышууда. Ага кошумча быйыл капустанын баасы да жылдагыдан арзан болуп дыйкандарды бушайманга салып турат.

Быйыл суук эрте түшкөнүнөн улам капустасын үшүккө алдырган дыйкандар чирибегендерин жыйнап жатканын көрүүгө болот.

Кар алдында калган капуста. Ноокен.

Алардын бири Маратбек Батырбеков бир гектар 20 сотых аянтка эки түрдүү капуста айдап, мээнети акталбай калганына кейип турган кези.

“Ноябрда кар жаап салды. Суук түшкөнгө чейин жыйнап алалы десек, быша элек болчу. Экинчи түшүм кеч күздө бышат да. 80 сотых жерге басай капустасы эгилген. 40 тоннадай түшүм берет деп күтүп жатканбыз. Биз ойлогондой болбой калды. Суук уруп кеткендиктен 15 тоннадай эле жыйнайт окшойбуз”.

Эми дыйкандар кар алдынан терип жаткан капустанын сатууга жарактууларын үйүндө жылуу кармап, калыбына келгенден кийин гана дүң баада базарга алып барып өткөрөт.

Былтыр капуста жакшы түшүм берип, баасы да жогору болгон. Батырбеков капустанын басай жана ак кочан деген эки түрүн эккен. Анткени алардын баасы базарда жогору болчу. Дыйкан капуста айдаш үчүн бир топ чыгым тартканын айтууда. Эгер кар алдында калбаганда, 80 сотых жерге эгилген басай капустасынын өзү эле 40 тонна түшүм бермек.

Ноокен.

“Бул капустанын килограммын мурда 12-13 сомдон өткөргөнбүз. Азыр жети сомдон берип жатабыз. Капуста Ош, Жалал-Абаддагы базарлардан ашпайт болчу. Быйыл соода солгун. Былтыр Орусияга да экспорттогонбуз”.

Ноокендин Достук айыл аймагында жыл сайын дыйканчылык кылгандар эки ирет түшүм алат.

Быйыл кардын эрте жаашы дыйкандарды бир топ түйшүккө салды. Түшүмдү карга карабай жыйнап алышканы менен көпчүлүгү капустасын короо-жайында сактап жатат. Аны сатып алчу кардарлар да келе элек.

Достук айыл аймагынын жер адиси Адылбек Батыров Ноокен районундагы өндүрүлгөн жашылча, жер-жемиш Кыргызстандын аймагынан сырткары Казакстан жана Орусияга чейин экспорт болгонун, быйыл пандемиядан улам анын көлөмү кыскарганын айтты. Тагыраагы, өткөн жылы 26 300 тонна жашылча экспорт болсо, быйыл ал 2 миң тоннага аз.

“Бизде 200-300 гектар жерге экинчи түшүм эгилип, жыйнап алууга мүмкүнчүлүк бар. Быйыл дыйкандар экинчи түшүмүн кар эрте жааганынан улам толук жыйнай албай калды. Негизинен күздүк капуста, сабиз, түрп сыяктуу жашылчалар болчу. 150 гектардай капуста талаада калды. Пандемия дыйкандарга да өз таасирин тийгизди”.

Маалым болгондой, капустадан сырткары түрп, сабиздин да экинчи түшүмү жыйналбай, үшүк уруп кетти. Жергиликтүү дыйкандар алардын эмгеги акталбай жатканына бир эсе капа болсо, экинчи чети өкмөткө нааразы.

Дал ушул айыл аймактагы дагы бир дыйкан үч гектар жерге капуста эгип, айласыздан кароосуз турган жайга алып келип төгүп, айланасын зым менен тосуп койгон. Ошол эле айылдын дагы бир тургунунун короосунан үйүлүп турган капустаны көрүүгө болот.

Ноокен районундагы Достук айыл аймагында 1843 гектар сугат жер бар. Жыл сайын анын 300 гектардай бөлүгүнө эки ирет эгин айдалат.