Ноокаттагы карантин: жолдо калгандар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Республикалык штаб кабарлагандай, Ноокат райондук администрациясынын башчысы Давранбек Маматалиевдин буйругу боюнча Ош облусунун Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. 20-мартта саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы үч учур катталганын маалымадады. Министр алар Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келген Ош облусунун Ноокат районунун тургундары экенин кошумчалады.