Ар улуттун башын кошкон чайкана

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ноокат шаарындагы совет доорунан бери иштеп жаткан «Кербен-Сарай» чайканасына жалаң пенсия курагындагы аксакалдар чогулат. Көк жана кара чайдан башка эч нерсе сатылбаган бул жайда аксакалдардын маалымат алмашуучу аянтчасы. Ар улуттун өкүлдөрү ушул жерде жолугуп, узун сабак аңгеме дүкөн куруп кетишет.