Низовскийдин кармалышы: УКМКнын кинеси, тарапташтарынын талабы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте мектеп директору коррупцияга айыпталууда

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектеги 9-августта №61 мектептин директору Юрий Низовскийди коррупцияга айыптап кармап, ал соттун чечими менен 10-августта үй камагына чыгарылды. Атайын кызмат тараткан маалыматта директор окуучулардын ата-энелеринен пара алып турган туруктуу схеманы түзгөнү айтылат.

УКМК Юрий Низовский мекемеде туруктуу коррупциялык система түзгөнүн, териштирүү учурунда анын өзүнөн жана жакындарынан 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталганын билдирди.

“Балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жана биринчи класска киргизүүдө көрсөткөн жардамы үчүн каражат алган фактылар аныкталды. Ошентип, Н.Ю.Н. системалуу негизде пара алып, ошондой эле окуучулардын ата-энелеринен акча талап кылып турган. Анын жана жакын туугандарынын менчигинде 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк – жер тилкелери, коттеждер, дүкөндөр, автоунаалар, үйлөр жана батирлер бар экени аныкталган. Алардын болжолдуу баасы 150 миллион сомго жакын деп бааланууда”, - деп жазылган атайын кызмат тараткан маалыматта.

Юрий Низовский "Алтын сертификат" алган окуучулары менен.


Юрий Низовский атайын кызматта сурак берип жатканы 9-августта кечинде белгилүү болгон. Анын тарапташтары УКМКнын имаратынын алдына чогулуп, түнкү саат бирде анын баласы менен жолугушкандан кийин тарап кетишти.

Низовскийди колдоп жаткандардын бири Ирина Попованын эки баласы №61 мектепте окуган. Ал мектептин келечегинен кам санап жатканын айтты.

“Менин эки балам мектепти бүтүрүп, кийин өз күчтөрү менен чет жакта жакшы окушту. Мен балдарымдын алган билими үчүн Юрий Низовскийге ыраазымын. Азыр ата-энелер мектептин келечегине сарсанаа болуп атабыз. Биз бийликтен Низовскийдин камактан чыгышын талап кылабыз. Жакында окуу жылы башталат. Бул окуя окуучуларга да таасир этпей койбойт”.

Дагы караңыз Бишкекте мектеп директору коррупцияга шек саналып кармалды

Анын кармалышы өкмөттүн билим берүү реформасын жасоо тууралуу кадамдарды баштап, мектеп директорлору жапырт алмашып жаткан учурга туш келди.

Июлда президент Садыр Жапаров көп жыл иштеген мектеп директорлорун иштен алуу, аларды атайын сынак аркылуу дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, беш жылдан көп иштеген мектеп директорлору иштен бошотулуп, кайра сынак аркылуу тандалууда.

Бул реформаны №61 мектепти дээрлик 30 жылдан бери жетектеп келе жаткан Низовский сындап чыккан. Ал кайра сынакка катышууну "кемсинтүү" деп кабыл аларын билдирген.

"Мен үчүн бул сынакка катышуу кемсинтүү болуп эсептелет. Сынак тууралуу жободо билимдин сапатын көтөрүү максатында жасалып жатканы айтылган. Эгер биздин сапат талапка жооп бербей жатса, мен кетмекмин. Биздин мектеп өлкөдөгү мыкты мектептердин бири. Мен аны кимдир бирөөгө далилдешим керекпи?", - деген ал серепчи Руслан Акматбекке жооп берип жатып.

Юрий Низовскийге таандык экени айтылган үйлөрдүн сырткы көрүнүшү. Сүрөттү УКМК таратты.

67 жаштагы Юрий Низовский №61 мектеп-лицейинде 1991-жылдан бери директор болуп иштеп келатат. Баш калаадагы мыкты деп саналган мектептердин бири физика жана математика предметтерине басым жасайт.

Билим берүү мекемесинин сайтында 2003-2022-жылдар аралыгында мектептин бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) 254 алтын сертификатка ээ болгону жазылган. Быйыл эле лицейдин 11 окуучусу эң жогорку упай алган.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов Юрий Низовскийди бир беткей каралоо туура эмес экенин айтты.

Айданбек Акматов.

“УКМК буга чейин мындай сүрөт, видеолордун көбүн чыгарган. Анын жигин байкадыңарбы? Ушундай жол менен кимдир бирөөнү жаманатты көрсөтүштү максат кылган учурлар бар. Бирок аягы билинбей эле калат. Мүмкүн Юрий Низовскийдин балдарында, туугандарында бардыр. Бул №61-мектепке болгон чабуулду билимге болгон чабуул катары кабыл алдым. Мектеп Кыргызстандагы эң алдыңкы билим берүү мекемеси болуп эсептелет. Анда эң мыкты балдар окуй турганын көпчүлүк билбесе керек”.

Жемкорлукка шектелип жаткан Юрий Низовскийдин баш коргоо чарасы кармалгандан кийинки 48 сааттын ичинде каралышы керек.

Юрий Низовскийдин таржымалы

Агартуучу Юрий Низовский 2010-жылдан кийин “Республика” партиясы менен Бишкек шаардык кеңештин жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Партиянын башында турган Өмүрбек Бабановдун балдары да ошол мектепте окуганы белгилүү.

2021-жылы президент Садыр Жапаров Юрий Низовскийди “Даңк” медалы менен сыйлаган.

Президент Садыр Жапаров менен Юрий Низовский.

Низовский жетектеген мектепте 2016-жылы да чыр чыккан. Ал кезде окуучулардын бири директор менен мугалимден токмок жегени тууралуу маалымат тарап, талкууга түшкөн. Маселе парламентте да көтөрүлгөн.

Шаардын мектептериндеги коррупцияны айтып жүргөн жарандык активист Чынара Эсенбекова мындай деди:

“№61 мектепте бир гана байдын балдары окуйт. Бизге окшогон "каратамандын" балдары саналуу. Негизи эле шаар ичиндеги белгилүү мектептерге кириш үчүн 500-1000 доллардан бериш керек. Директорлорго айына бир миллиондон ашык акча түшүп турат. Анан жанагындай мүлктөрдү алышат да. №61-мектеп боюнча да ата-энелер жазып атышат. Азыр директорлор акчаны “маданияттуу” алып калышкан. Ата-эненин акчасын банктагы эсепке котортушат. Азыр бир гана Низовский эмес, Бишкектеги ар бир мектептин директорун текшериш керек. Алар болушунча байыган. Мындан шек санаштын кереги жок”.

Кыргызстанда мамлекеттик мектептерде окутуу акысыз. Бирок эмеректерди жаңылоого, заманбап жабдууларды алууга жана чарбалык иштерге бюджеттен бөлүнгөн акча жетпегени үчүн каражат чогултуу маселеси Ата-энелердин камкордук кеңеши аркылуу ишке ашат. Ал мектептин рейтингине жараша 500 сомдон 5-6 миң сомго чейин жетет. Коомчулукта мектепке акча чогултууга нааразы болуп, каражат мугалимдердин сол чөнтөгүнө түшөрүн, үзүрүн директорлор көрөрүн айтып жүргөндөр арбын.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев деле мектептерде акча чогултуу бар экенин жокко чыгарбайт. Бирок билим берүүдөгү көйгөйлөр директорлорду алмаштыруу менен чечилбей турганын айтты.

Абдывахап Нурбаев.

"Кандай болгон күндө да ал кишиге этияттык менен мамиле кылып туруш керек эле. Анткени анын үч миңге жакын окуучусу, кесиптештери бар да. Башка мектеп директорлоруна кандай таасир берет деген суроо турат. Эми бийликтин реформасына токтололу. Министрлер кабинети быйыл билим берүү тармагына 51 млрд. сом бөлүп жатат. Акчаны күчтүү мектеп директорлорун тандаш үчүн бөлүп жатабызбы? Же болбосо бизге күчтүү окуучу керекпи? Директорлордун билим сапатын кайсы бир конкурс менен эмес окуучуларынын билим сапаты менен баалашыбыз керек. Ушул логика менен алганда азыркы реформанын жыйынтыгы кыска болот".

Кыргызстанда 2 296 мектеп бар. Анын 152си жеке менчик болуп эсептелет. Бишкек шаарында мектептердин саны жетпесе, аймактарда мугалимдин саны тартыш. Кыргыз өкмөтү бул жааттагы маселелерди азайтуу максатында быйыл мугалимдердин айлык маянасын эки эсеге көтөргөн.