Трамп-Ким жыйыны чукул аяктады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Трамп менен Ким эч бир келишимге кол коюшкан жок. Атүгүл жолугушууну эрте бүтүрүп, үйлөрүнө жол тартышты. Украина Конституциялык соту антикоррупциялык мыйзамды четке кагып, сынга кабылды. Татарстандын мамлекеттик опера жана балет театры «жапыз бою» үчүн ырчы Хачатур Бадалян менен келишимди үздү. Сириядагы террорчулардын акыркы таянычы Багхуз аймагынан жүздөгөн адам куткарылды. Тажикстанда чет элдик жашылча-жемиштин баасы көтөрүлдү.