"Азаттыктын" жаңылыктары, 23-ноябрь
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бельгия бийликтери Париждеги теракттарды иликтөөгө байланыштуу 16 киши кармалганын кабарлады. Париж менен Лондон “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы чабуулду күчөтөт. Түркияда күртчүл Элдик демократиялык партиянын лидери Селахаттин Демирташтын өмүрүнө кол салуу уюштурулду. Санкт-Петербургда Орусиянын Сирияда жүргүзүп жаткан аскерий операциясына каршы акция өттү.