"Азаттыктын" жаңылыктары, 6-август

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусиянын Белгород жана Самара облустарында 150 тонна эт азыктары жок кылынды. Латвияда жүздөгөн адамдар Африка менен Жакынкы Чыгыштан келген 250 качкынды кабыл алуу боюнча бийликтин чечимине каршы нааразылыкка чыгышты. 70 жыл илгери Хиросимада адамзат тарахындагы биринчи атом бомбасы жарылган. Франциянын эксперттери Ренюньон аралында табылган учактын канаты өткөн жылы дайынсыз жоголгон малайзиялык лайнерге тийиштүү экенин тастыкташты.