Берлиндеги кыргыздар: Назгүлдүн ийгилиги

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандык Назгүл Жаманкулова Германияда жашап, иштегенине он беш жыл болду. Ал дары-дармектерге лицензия берүүчү Parexel аттуу Берлинде жайгашкан дүйнөлүк ири компанияда инженер болуп иштейт. Немис элинин ичинде кызын кыргыз элинин каада-салты менен тарбиялап жаткан Назгүл Кыргызстанга качандыр бир кезде кайтып келүүнү самайт.