Кандуу каңтар: Назарбаевдин иниси кылмышка шектелүүдө
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Казакстандын Башкы прокуратурасы экс-президент Нурсултан Назарбаевдин иниси Самат Абишке каршы сотко чейинки иликтөө жүргүзүп жатат. Ал Улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын мурдагы биринчи орун басары болуп иштеп турганда кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Иш былтыркы Январь окуяларына байланыштуу ачылган. Самат Абиш - Нурсултан Назабаевдин маркум иниси Сатыбалдынын уулу.