Назарбаевди айга-күнгө теңеген аткаминер кесилди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Казакстанда Нурсултан Назарбаев бийликте турганда Элбашыны даңазалап, ыр окуган Атырау облусунун акиминин мурдагы орун басары, экс-депутат Бакытгүл Хаменова коррупцияга айыпталып, жети жылга соттолду. Сот Хаменованын үй-мүлкүн конфискациялоо менен мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратты. Соттун өкүмү үч жылдан кийин күчүнө кирмей болду.