Назарбаев Борбор Азиянын Консультативдик жолугушуусунун ардактуу төрагасы болду

29-ноябрда Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин сайты жазды.

Борбор Азиянын мамлекет башчылары чакан жана кеңейтилген курамда саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка өз ара кызматташуу боюнча маселелерди талкуулашты. Жээнбеков Борбордук Азиядагы суу ресурстарын пайдалануу боюнча механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча аракеттерди бириктирүүнү сунуштады.

Кыргыз президенти 2020-жылы Консультативдик жолугушууну Кыргызстанда өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Жыйындында Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевге Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун ардактуу төрагасы статусу ыйгарылды. Ал эми Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон Аралды куткаруу эл аралык фондунун президенти болуп шайланды. (TSh)