Астана-Ташкент: чукул ысыган ымала

Нурсултан Назарбаев жана Шавкат Мирзиёев, Самарканд шаары, 21-март 2018-жыл.

Казакстан менен Өзбекстандын президенттери акыркы жолугушуусунан алты күн өтпөй кайра кездешти. Нооруз күнү Нурсултан Назарбаев Өзбекстандын Самарканд шаарына келип, Шавкат Мирзиёев менен кошо майрамдык иш-чараларга катышты.

Назарбаев Нооруз майрамын өз мекенинде да, Өзбекстанда да белгилегенге жетишкенин Казакстандын мамлекеттик телеканалдары кабарлашты.

Өзбек президентинин басма сөз кызматы байыркы Самарканд шаарындагы майрамдык иш-чаралардын убагында өзбек президентинин жанында туруп казак лидеринин айткан видео куттуктоосун жарыялады.

- Биз жакында Орто Азия менен Казакстандын башчылары бирге бололу деп жолугушуу өткөрдүк. Соода-сатыкты, маданиятты, бардыгын бириктирип, чогуу иш алып баралы деп айттык. Андыктан кудай бизди колдосун. Казак менен өзбек калкынын тарыхы, тили, дини бир. Канча кылымдан бери келе жатат. Бирге болушубуз керек, - деди ал куттуктоодо казак президенти Нурсултан Назарбаев.

Эки лидер Самарканддагы кездешүүсүндө эки тараптуу кызматташтыкты жемиштүү деп баалашканын, соода-экономикалык алака жакшырып жатканын белгилешкенин казак президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Казак лидери Нурсултан Назарбаев Самаркандда. 21-март, 2018-жыл..

Назарбаев Самарканддагы сапарында Шавкат Мирзиёев менен кошо «Хазрет Хизр» мемориалдык комплексине барып, маркум өзбек президенти Ислам Каримовду эскерген. Ошондой эле эки президент байыркы шаардын тарыхый-маданий жайларын да чогуу кыдырышкан.

Назарбаев менен Мирзиёев акыркы жолу алты күн мурда Борбор Азиянын төрт президентинин Астанадагы саммитинде кездешкен. Эки лидердин бир жума айланбай кайра жолугуп жатканын казакстандык саясат таануучу Расул Жумалы "жакшы жышаан" катары баалады:

- Өзбек президенти "Мирзиёев тек гана мамлекет аралык эмес, шаарлар менен аймактардын ортосунда да байланыш түзүлсө" деп айткан эле. Назарбаевдин Самаркандга барганы деле ошол идеяны ишке ашыруунун бир көрүнүшү. Эки тараптуу кызматташтык да бул жолугушууда талкууланса керек. Бирок кандай болсо да Борбор Азия лидерлеринин ушундай өз ара сапарлары жакшы жышаан.

Маркум Ислам Каримов дүйнө салып, бийлик башына Шавкат Мирзиёев келген бир жарым жыл ичинде Назарбаев Өзбекстанга үч жолу барды. 2016-жылдын сентябрь айында Самаркандга Каримовду эскергени барса, бир жылдан кийин мамлекеттик сапар менен Ташкентке келген.

Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекет башчылары. Астана, 15-март, 2018-жыл.

Мирзиёев да Каримовдун ордун баскандан бери Казакстанга үч жолу, Түркмөнстанга кеминде эки, Кыргызстан менен Тажикстанга бир жолудан барганга жетишти.

"Эркин Европа" / "Азаттык" радиосунун Борбор Азия боюнча баяндамачысы Брюс Панниер эки лидердин тез-тез кездешип жатканын чөлкөмдөгү эки ири өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкка болгон табигый муктаждык менен байланыштырат:

- Мирзиёев да, Назарбаев да чогуу отуруп, мамилени бекемдөөгө жол ачкан ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп калууну көздөп турушат. Борбор Азиядагы эң чоң эки өлкө жөнүндө кеп болуп жатат. Чөлкөмдө 70 миллион адам жашаса, алардын 50 миллионго чукулу ушул эки өлкөгө туура келет. Эки тарап "Борбор Азиядагы негизги кыймылдаткыч күч бололу" деп чечкен болушу мүмкүн. Чөлкөмдөгү карым-катнаш өзбек-казак алакасына көз каранды болору белгилүү. Мен соңку жүрүштөрдү табигый процесс деп атаар элем.

Ислам Каримовдун 27 жылдык башкаруусунун убагында суу, чек ара сыяктуу бир катар маселелерден улам Борбор Азияда кызматташтык кескин солгундап, Өзбекстандын өзгөчө Тажикстан жана Кыргызстан менен алакасы начарлап кеткен эле. Бир катар эксперттер Борбор Азиядагы кызматташтыкка Каримов менен Назарбаевдин ортосундагы чөлкөмдүк лидерлик үчүн атаандаштык да кедергисин тийгизгенин белгилешет.

Маркум Ислам Каримов менен Нурсултан Назарбаев Алматынын четиндеги лыжа борборунда. 6-январь, 2001-жыл.

Алардын бири, Шотландиядагы Глазго университетинин Борбор Азия боюнча окумуштуусу, доктор Лука Анчески чөлкөмдөгү маанай эми кайрадан эле Мирзиёев менен Назарбаевдин жеке мамилесине көз каранды болоорун айтты:

- Назарбаев менен Мирзиёевдин жеке мамилеси, албетте, маанилүү. Ошол эле учурда Мирзиёев Өзбекстандын Тажикстан, Кыргызстан жана Түркмөнстан менен маселелерин чече алабы деген суроо да маанилүү. Себеби бул чөлкөмдөгү азыраак интеграция болгон аймак.

Кантсе да азыр казак-өзбек лидерлеринин мамилеси жакшы экенин алардын Самарканддагы кезектеги жолугушуусу айгинелегендей болду. Айтмакчы, Казакстанда 2018-жыл Өзбекстандын жылы деп жарыяланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.