Назарбаев четтеги акчаны кайтарууну талап кылды

Казак президент Нурсултан Назарбаев инвестиция жана өнүгүү министри Женис Касымбек менен, Астана, 6-декабрь 2017-жыл.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казак компанияларынан чет мамлекеттеги миллиарддаган долларлык каражатын өлкөгө кайтарууну талап кылды. Эксперттер акчаны кайтарууга өлкөдө шарт барбы деп суроо салышууда.

Нурсултан Назарбаев Астанада 6-декабрда өткөн жалпы улуттук телекөпүрөдө акчасын чет өлкөдө сактаган казак компанияларга катуу эскертүү жасады. Ал 18 казакстандык ишкананын 12,5 миллиард доллардай акчасы чет мамлекетте экенин айтып, аларды артка алып келүүнү талап кылды.

Эл башы сырттагы акча Казакстанга кайтса, өлкө экономикасына жөлөк болорун, антпесе казак ишкерлери акчасынан кол жууп калышы мүмкүндүгүн айтты:

- Акчадан айрыласыңар. Өзүңөр сезип жатсаңар керек, санкциялар согушу күчөп турат. Мындай шартта сиздерге эч ким көмөктөшө албайт. Акчаны Казакстанга кайтарып, бул жактан колдонгула. Кандай кепилдик керек? Мен тиешелүү мыйзамдарды да, жарлыктарды да чыгарып берем. Андай кылбасаңар, анда биз кылабыз. Таарыныч болбосун.

Назарбаев билдиргендей, "Тенгизшевройл" компаниясынын 4,5 миллиард доллары, "КазМунайГаз" улуттук компаниясынын 3 миллиард, "Азия газ кууру" ишканасынын бир миллиард доллары чет өлкөдө сакталып турат. Аталган компаниялар бул боюнча маалымат бере элек.

Эксперт Амиржан Косановдун айтымында, акчасын сыртта сактаган ишканаларды көбү жаратылыш байлыктарын өндүрүү менен алек болот.

Кантсе да казак лидери өкмөт башчы Бакытжан Сагинтаевге бул акчаны Казакстанга кайтаруу үчүн мыйзам долбоорлорун даярдай баштоону тапшырды.

Казакстан буга чейин кеминде эки жолу, 2001-2014-жылдары көмүскө капиталды мыйзамдаштыруу үчүн мунапыс жарыялаган. Бул демилге да чет өлкөдөгү банктардан казактарга тиешелүү каражатты өлкөгө кайтарууну көздөгөн. Бирок президенттин дагы бир жолу казак компанияларына кайрылып жатканы иш ойдогудай жүрбөй жатканын билдирбейби?

Алматыдагы көз карандысыз саясатчы Амиржан Косанов өлкөнүн каржы жана сот системасына ишенбөөчүлүк акчаны чет жакта сактоого түрткү берип жатканын, анын үстүнө казак аткаминерлери да буга кызыкдар эместигин айтты:

- Бизде өкмөттө жүргөн адамдардын, ошол президенттин талабын аткара турган кишилердин көбү ошондой бизнестин ээси же акционери. Тек гана оппозиция же саясатчылар эмес, бизнестегилер да күтүшөт. Аларда "Өткөөл мезгилден кийин эмне болот? Назарбаевдин ордуна ким келет?" деген суроолор бар. Эртең бизнесибизди тартып албайбы дешет. Ушундай кооптонууларды жоюу керек. Ошондо акча өзү кайтып келет.

Назарбаевдин Индустриялаштыруу күнүнө арналган телекөпүрөсүнө анын күйөө баласы, "Ата Мекен" улуттук ишкерлер палатасынын башчысы Тимур Кулибаев да катышты. "Форбс" журналы анын байлыгын 2,1 миллиард доллар деп баалаган.

Эксперт Амиржан Косанов

2016-жылдын май айында ачыкка чыккан "Панама барактары" аттуу документтерде Назарбаевдин небереси Нурали Алиев офшордо компаниялары бар бай адам катары сыпатталган.

Өткөн айда Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциуму ачыкка чыгарган "Бейиш барактары" деп аталган документтерде офшор менен байланышы бар бир нече казакстандыктын аты аталган. Маселен Казакстандын Коргонуу жана аэрокосмос өнөр жай министри Бейбит Атамкулов менен "КазМунайГаз" улуттук компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Сауат Мынбаев офшордук түзүмдөр менен байланышта жана салык төлөбөй жүрөт деген маалыматтар тараган. Аталган адамдар бул дооматтарды четке кагышкан болчу.

Эми Назарбаевдин курч эскертүүсүнөн кийин чет жактагы каражат Казакстанга кайтаар бекен?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.