Нурсултан Назарбаев президенттиктен кетти

Нурсултан Назарбаев менен Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кызматтык ыйгарым укуктарын токтотуп жатканын жарыялады.

19-мартта жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 7де Нурсултан Назарбаев мамлекеттик телеканал аркылуу элге кайрылды. Анда өзүнө шайлоодо ишеним көрсөткөн элине алкыш айтты. Ал «Нур Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин да билдирди.

Назарбаев Казакстандын Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектей алат.

Аталган конституциялык орган улуттук коопсуздукту, ички саясий стабилдүүлүктү камсыздоо, конституциялык түзүлүштү, көз карандысыздыкты коргоо максатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү координациялап турат.

Орусиялык саясат таануучу, Борбор Азия боюнча адис Аркадий Дубнов BBC радиосуна берген комментарийинде "Назарбаев алдын ала даярдалган кызматка - Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары кетип жатат. Анын ыйгарым укуктары президенттикинен да жогору болот. Башкача айтканда, ал Казакстандын Дэн Сяопинине айланат",-деди.

Назарбаев президенттин милдетин Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев убактылуу аткарып турарын жарыялады.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Назарбаевдин президенттиктен кетүү тууралуу кайрылуусу

Президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруу милдети жүктөлгөн Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев 20-мартта ант берип, кызматына киришет.

Касым-Жомарт Токаев ким?

65 жаштагы Касым-Жомарт Токаев дасыккан саясатчы жана тажрыйбалуу дипломат катары белгилүү. Ал СССРдин Тышкы иштер министрлигинде жана чет өлкөдөгү дипломаттык өкүлчүлүктөрүндө, анын ичинде Кытайдагы жана Сингапурдагы элчиликтеринде ар кандай кызматтарда иштеген.

Дипломат Казакстан эгемендик алгандан кийин тышкы иштер министринин орун басары, тышкы иштер министри, премьер-министрдин орун басары, премьер-министр жана парламент төрагасы кызматтарын аркалаган.

Токаев 2011-2013-жылдары БУУнун баш катчысынын орун басары болуп иштеген. Ал 2013-жылы кайрадан Сенаттын төрагасы болуп шайланган.

Алматы шаарында туулган дипломат, Назарбаевдин сөзүнө караганда, чет тилдерден кытай, англис тилдерин мыкты билет жана илимдин доктору.

"Назарбаев кетсин!" чакырыктары

79 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1990-жылдын 24-апрелинен бери президент катары жетектеп келе жаткан. ​

Анын кызматтан кетүүсү Казакстанда көп балалуу энелердин жумалап созулган нааразылыктарынан кийин өкмөт алмашкан учурга туш келди.

21-февралда Бакытжан Сагинтаевдин өкмөтү отставкага кетип, анын ордуна премьер-министр Аскар Мамин башында турган министрлер кабинети келген.

Ушул окуяларга удаа эле, 27-февралда Астанада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда "Нур Отан" партиясынын курултайы өткөн. Ошол күнү Астана, Алматы жана башка шаарларда "Нур Отан" партиясынын кеңселерине келгендер бийликке жумушчу орундарын түзүү, элдин турмушун жакшыртуу талаптарын коюшкан. Алматыдагы нааразылык акциясында "Назарбаев кетсин!" деп кыйкыргандарды полиция кармап кеткен.

Нурсултан Назарбаев бийликте турган жылдары Казакстанда ондогон саясатчылар, журналисттер жана укук коргоочулар камалып, айрымдары чет өлкөгө качууга аргасыз болсо, кээ бири ар кандай жагдайда мерт болду.

Укук коргоочулар, бийликтин сынчылары жана эл аралык уюмдар Назарбаев оппозицияны жана сөз эркиндигин күч менен басып, демократиялык эмес шайлоо аркылуу бийликтеги мөөнөтүн узартып келе жатканын айтып келишкен.

Маселен, өткөн жумада Европарламент Казакстандагы адам укуктарынын абалы боюнча резолюция кабыл алып, бийликти «эл аралык милдеттенмелерин аткарууга, адам укуктарын, жарандык эркиндикти сыйлоого, саясий репрессияларды токтотууга» чакырган.

Резолюцияда Казакстанда адам укуктары, жарандык эркиндик чектелип, мыйзамдар активисттер менен журналисттерге кысым көрсөтүүдө колдонулуп жатканы белгиленип, «Казакстан саясий репрессиянын бардык түрүн тез арада токтотушу керек» деген талап Европа парламентинин 14-мартта Страсбургда өткөн отурумунда айтылган.

Назарбаевден кийинки Казакстан

Казакстандык ардагер саясатчы, коомдук ишмер, 1999-жылдагы президенттик шайлоодо Назарбаевге атаандаш болгон Серикболсын Абилдин “Азаттыктын” казак кызматына берген комментарийинде Нурсултан Назарбаевдин кызматтан кетишин мындайча чечмеледи:

- Президенттик тагынан кеткени менен жалпы бийликтен кеткен жок. Конституция боюнча Коопсуздук кеңешинин башчысы катары анын колунда жаңы президенттин кулагын да бурай ала турган мүмкүнчүлүк бар. “Эл башы” деген макамды да Конституцияга киргизип койгон. Ошон үчүн кубанууга али эртерек. Бул системаны өзгөртүү үчүн көптөгөн иштер жасалышы кажет. Аны ким жасайт? Мен жанында жүргөн адамдардын ичинен Касым-Жоомарт Токаевди дурус адам деп эсептейм. Мен аны мурдатан билем, деңгээлди да, адамгерчилиги да жакшы. Бирок саясий системаны өзгөртүү анын колунан келеби, жокпу? Ага мүмкүндүк беришеби, жокпу? Анткени Назарбаевден башка да күчтөр бар. Клан дегендер бар.

Ал эми бозгундагы саясатчы, "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылынын негиздөөчүсү, акыркы жылдары Казакстанда бийликке каршы бир катар саясий акцияларды уюштурууга жетишкен Мухтар Аблязов Назарбаевдин кызматтан кетүү чечими боюнча “бизди чоң өзгөрүүлөр күтүп турат” билдирди.

- Бүгүнкү окуя бул саясий системанын урап түшүшүн шарттаган логикалык кадам болуп калды. Назарбаев жөн эле бийликтен кетип, анын ордуна Касым-Жомарт Токаев келген жок. Мен Токаевди “эмерек” деп атайм. Аны элдин эркин эмес, Назарбаевдин айткандарын ишке ашыруу үчүн гана “кол бала” катары алып келишти. Ошентсе да деградациянын кесепети менен бийликтин борбордон оолактай баштаганын көрдүк. Бийлик туш тарапка чачылып кетти. Нурсултан Назарбаев Улуттук коопсуздук кеңешинин башына келсе да, өзгөчө артыкчылыктарга ээ болсо да, чынында режимдин иши бүттү. Мен бүтүндөй өлкөнү куттуктайм. Бизди чоң өзгөрүүлөр күтүп турат.

Казакстандык ири ишкер жана банкир, экс-министр, БТА банктын мурдагы башчысы Мухтар Аблязов 2009-жылдан бери Европада качып жүрөт. Ага БТА банкын жетектеп турганда «банк ичинде кылмыштуу топ түзгөн, кызматын кыянат пайдаланган, ири өлчөмдө акча уурдаган жана банктын каражатын мыйзамсыз колдонгон» деген айыптар тагылып, былтыр сыртынан 20 жылга кесилген. ​Ал эми анын "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылы экстремисттик деп табылган.

Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев президенттин милдетин аткарып баштаган соң анын ордуна ким келет деген да талкуулар жүрүүдө. Анткени бул жүрүштөр кийинки саясий кадамдар кандай болорун да күбөлөчүдөй. Токаевдин ордун басат делгендердин арасында Назарбаевдин кызы, депутат, Сенаттын эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрайымы Дарига Назарбаеванын да аты аталууда.

1994-1997-жылдары премьер-министр болгон, кийин эл аралык издөөгө алынып, 10 жылга сыртынан кесилген Акежан Кажегелдиндин оюнча Казакстан бир үй-бүлөнүн башкаруусунан кетүүсү керек:

- Күтүлгөндөй эле, Нурсултан Назарбаев отставкага кетип, кызматын тапшырды. Күтүлгөн чечим, күтүлгөн окуя. Эми мындан ары жашоо кандай уланат? Нурсултан Назарбаевдин – бир кишинин жана бир үй-бүлөнүн башкаруусун тарыхта калтыруу керек. Буга чекит коюу зарыл. Бийликти элге кайтарып, жаңы республика түзүү кажет. Бул тиешелүү бийлиги бар, өлкө жарандарына баш ийген парламенттик республика болушу керек. Биз биримдикти ушундай жол менен гана сактап калабыз. Биз ушундай жол менен адилеттикти орнотуп, мамлекеттин коопсуздугун сактап калабыз.

Учурда чет өлкөдө жүргөн Акежан Кажегелдин 90-жылдары реформачыл премьер атыгып, кийин оппозицияга өтүп, эмиграцияга кетүүгө мажбур болгон.

Назарбаевдин кызматтан кетиши: кыргыз саясатчыларынын пикири

Кыргыз саясатчылары казак президентинин кызматынан кетиши тууралуу чечимине ар кандай баа берип жатышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков бийликтен кеткенин жарыялаган казак лидери Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Сооронбай Жээнбеков Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин өлкөсү үчүн жасаган эмгегин айтып, аймактагы интеграциялык процесстин куруучусу, улуттук гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги инсан экенин белгиледи. Ошондой эле Назарбаевдин эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана жакшы коңшулаш бир туугандык мамилелерди өнүктүрүүдөгү ролун атады.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов «Азаттыкка» эми Казакстанда кландар арасында тиреш күчөйт деген оюн билдирди:

Алмамбет Шыкмаматов.

«Ал элдин маанайын байкап, алдыдагы кооптуу жагдайлардын баарын эске алуу менен бийликти өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Бул Назарбаевдин мамлекетчил инсан катары, бышкан саясатчы катары, көптү көргөн кыраакы адам катары чыгарган саясий чечими абдан туура болду. Эми Казакстанда кландар арасында тиреш күчөйт. Шайлоо өнөктүгү башталганда түрдүү саясий тирешүү болушу турган иш. Ошондуктан саясий мураскер түзүмү иштебей калышы мүмкүн».

«Ар-Намыс» партиясынын негиздөөчүсү Феликс Кулов болсо Назарбаевдин таасири коңшу өлкөнүн ички-тышкы саясатында кала берерин божомолдоду:

«Назарбаев - акылман, кыраакы саясатчы. Ошондуктан ал алдын-ала качан, кантип кетерин эсептеп, аныктап койгон. Бул мурунтан терең ойлонулуп ташталган кадам. Силер жакшы билесиңер, Казакстандын жаңы мыйзамы боюнча өлкөнүн алгачкы президенти өмүрүнүн аягына чейин Коопсуздук кеңешин жетектеп турат. Ошондуктан анын мамлекеттин ички жана тышкы саясатындагы таасири сактала берет. Назарбаев күнүмдүк жетекчилик иштен гана кетти, эми мындан ары дагы маанилүүрөөк иштер менен алектенет».

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз саясатчылары Назарбаевдин кетиши тууралуу

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев бир жыл мурун эле Нурсултан Назарбаевдин кызматтан кетиши тууралуу ишарат кылганын эстеди. Ал ошондой эле Казакстандын Кыргызстан үчүн экономикалык жана саясий жактан маанисин эске салды:

«Бул биринчи кезекте Кыргызстан үчүн маанилүү. Анткени Кыргызстандын жашоосу түндүк тараптан Казакстан, түштүк-чыгыш тараптан Кытай менен өтө тыгыз байланышкан. Биздин соода жүгүртүүбүз мына ушул эки өлкөнүн чеги аркылуу болот. Кандай гана товарыбыз кирип-чыкпасын, ал Казакстан менен Кытайдын чек арасына байланышкан. Ушундан улам баарыбыз «Казакстандын мындан кийинки саясаты кандай болот?» деп кулак түрүп калдык. Казакстандын башына келчү жетекчинин Кыргызстанга жана ЕАЭБге кылган мамилеси, мурдакы саясатты улантууга болгон мамилеси түздөн-түз Кыргызстандын экономикасына таасирин тийгизет. Демек, Кыргызстан үчүн бир чети түйшөлткөн иш».

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Молдалиев: Назарбаевдин мураскору бар

Мурдараак айрымдар Нурсултан Назарбаев кийинки шайлоого катышуудан баш тартып, Конституцияда бекитилген өзүнүн «биринчи президент - улут көсөмү» макамын колдонорун да болжолдошкон.

Казак журналисттери менен 2018-жылы болгон маегинде Назарбаев «Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү планы жок» экенин айткан.

Ал эми былтыр Финляндиядагы сапарында журналисттердин «2020-жылы шайлоого катышасызбы?» деген суроосуна жооп берип жатып ал убакыт дагы бар экенин, өз чечимин кийинчерек жарыялай турганын айткан.

1991-жылдан бери Назарбаев беш жолу президенттик шайлоодо утуп чыккан. Кезектеги президенттик шайлоо 2020-жылга белгиленген.

Назарбаевдин президенттик жолу

Ошентип, мурдагы СССР аймагында эң көп жыл бийликте турган президент кызматынан кетти.

Нурсултан Назарбаев Казак ССРинин президенти болуп биринчи жолу 1990-жылы 24-апрелде шайланган. Кийин Казакстан көз карандысыз болуп жарыялангандан соң да шайланып, ошондон бери улам бир шайлоону жеңип, 29 жыл бою өлкөнү башкарып келди.

79 жаштагы Назарбаев канча жолу жана кантип шайлоодо жеңген?

1990-жыл, 24-апрель. Казакстан Жогорку кеңеши коммунисттик партиясынын биринчи катчысы Назарбаевди казак ССРинин президенти болуп шайлайт. Жогорку Кеңешти ал тапта Назарбаев өзү жетектечү.

1991-жыл 1-декабрь. Назарбаев атаандашсыз шайлоодо 98,7 процент добуш менен президенттикке кайра шайланат. 16 күндөн кийин өлкө көз карандысыздыгын жарыялаган.

1995-жыл 9-апрель. Назарбаевдин ыйгарым укуктары 2000-жылга чейин узартылган.

1995-жыл 29-апрель. Элдик референдумда катышуучулардын 95 проценти Назарбаевдин ыйгарым-укуктарын узартууну колдошкон.

1995-жыл 30-август. Жаңы Конституция кабыл алынып, өзгөртүүлөр Назарбаевге иш жүзүндө чектелбеген ыйгарымдарга жол ачкан.

1999-жыл 10-январь. Президенттик шайлоодо Назарбаев добуштардын 79,7 процентин алган.

2000-жыл 27-июнь. Казак парламенти Биринчи президент жөнүндө мыйзам кабыл алды. Ага ылайык, кызматтан кеткенден кийин да Назарбаев кеңири ыйгарымдары кала берет деген кепилдик алды.

2005-жыл 4-декабрь. Мөөнөтсүз шайлоо өтүп, беш талапкердин арасынан назарбаев 91,1 процент менен кайрадан жеңген. Ошол жылдан президент 7 жылга шайланып калган.

2007-жыл май. Назарбаевге өмүр бою президент болуп шайлануу укугу берилди. Калган президенттер эки гана мөөнөткө шайлана алат.

2010-жыл 15-июнь. Назарбаев улут лидери – "Элбашы" деген расмий макамга ээ болду. Муну менен кеңири кол тийбестик ыйгарылат, анын ичинде мүлкү, банк эсептерине, кызматтагы кезинде жасаган иштери үчүн кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

2011-жыл 3-апрель. Дагы бир мөөнөтсүз шайлоодо Назарбаев 95,5 процент добуш менен төртүнчү жолу президент болуп кайра шайланган.

2015-жыл 26-апрель. Назарбаев жогорку кызматка бешинчи ирет шайланды. Бул ирет ал добуштардын 97,7 процентин алган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.