Назарбаевди сындаган активист соттолду

Активист Альнур Ильяшев митингг е даярданып жатат. Алматы, 30-май, 2019-жыл.

Казакстанда бийликтин “Нур Отан” партиясынын дарегине такай сын айтып келген жарандык активист Алнур Ильяшов үч жылга кесилди. 

Алматы шаарынын Медеу райондук сотунун чечимине ылайык, бийликти сындаганы үчүн камалган жарандык активист Алнур Ильяшов үч жыл абак мөөнөтүнөн тышкары 100 саат коомдук иштерге тартылмай болду. Ага беш жыл бою пикирин ачык жарыялоого жана партия түзүүгө тыюу салынды.

Бир катар активисттер Ильяшовду бошотууну талап кылып жатышат. Ал эки ай мурун казак бийлигин социалдык тармактарда сындагандан кийин "жалган маалымат тараткан" деген айып менен кармалган. Сот активист жарыялаган пикирлердин арасынан экөөнү “жалган маалымат” деп тапты.

Бири - “Нур Отан” партиясынын дарегине айтылган сын, экинчиси - мурунку президент Нурсултан Назарбаевди саясаттан кетүүгө чакырган видео кайрылуу.

Дагы караңыз Токаев Назарбаевдин токочуна тиш салдыбы?

Медеу райондук сотунун судьясы Залина Махарадзе Ильяшовго чыккан өкүмдү окуду.

"Ал үч жыл эркинен ажыратуу иретинде жазалансын. Үч жыл бою жылына 100 сааттан коомдук иштерге тартылсын".

Эки ай бою тергөө абагында жаткан Ильяшов өзүнө тагылган айып менен макул эмес. Ал соттогу акыркы сөзүндө соттун чечимин саясий куугунтук катары баалады.

"Кылмыш иши саясий буюртма экени башынан белгилүү болчу. Башынан эле сот Конституция талап кылгандай адилеттүү болбой турганы ачык көрүнгөн. Биз ушуга окшогон адилетсиздикти жоюу үчүн бир нече жолу эл менен бийликтин ортосунда диалог кылууну сунуштаганбыз. Анын ордуна бизди камап, полициянын күчү менен жолубузду тосуп атты. Эми бизди ойдон токулган кылмыш иштери менен куугунтуктоого өттү".

Ильяшовду сотто коргогон үч адвокат тең аны толук актоону сурашты. Бирок алардын суранычы канааттандырылган жок.

Сот жараяны онлайн режиминде өткөнүнө карабай Ильяшовдун тарапташтары сот имаратынын алдына чогулушкан. Алар сот башталганга чейин эле адилеттүү чечим болоруна ишенбей турганын айтышты.

Дагы караңыз Косанов: Жаңы спикер Токаев менен Назарбаевдин батасын алган

Алардын бири, тарыхчы Эсенгазы Куандык соттор саясий буюртманы аткарып жатат деген пикирде.

"Нур Отандын кемчилигин айтты. Абдан жаман үйрөнгөн бийлик өзүнүн колундагы укук коргоо органдарынын күчү менен сотторду да өз кызыкчылыгына иштетип жатат. Мына, бул соттордун баары тапшырма алып отургандар. Баары мыйзамсыз. Ошол түккө турбай турган сөз үчүн соттоп атышат. Алнур жарандык коомдун активисти. Казакстанга демократиянын үрөнүн чачуучу азаматтардын бири".

Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары казак бийлигин Алнур Ильяшовду бошотууга чакырып келишет. Ильяшовдун социалдык тармактарга жарыялаган пикирлерине экспертиза жүргүзгөн саясат таануучу Досым Сатпаев активист жарыялаган пикирлер коомго коркунуч жаратпайт деген тыянакка келген.

43 жаштагы активист нааразылык акцияларга үзбөй катышып, талаптарын ачык айтып келген. Ал өткөн жылы да “Нур Отан” партиясынын арызынын негизинде соттолуп, 2 миллион теңге айыпка жыгылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​