23-январда Орусиянын ири шаарларында камакта жаткан оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдогон массалык нааразылык жыйындар өтүп, айрым жерлерде ал полициянын жана демонстранттардын кагылышуусу менен коштолду. Өлкө боюнча 3100дөн ашуун демонстрант кармалды. Эл аралык коомчулук тынч митингчилерге күч колдонууну айыптады.
Орусиянын ар кыл аймактарында 23-январдагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды бошотууну жана жемкорлукка каршы күрөштү талап кылган нааразылык жыйындары маалында айрым шаарларда демонстранттар менен полиция кагылышкандыгы жана 3100дөн ашуун киши кармалгандыгы кабарланды.
Ишембидеги алгачкы нааразылык жыйындар Ыраакы Чыгышта жана Сибирдин шаарларында башталды. Коопсуздук күчтөрүнүн зомбулугуна, кармап кетүүлөрүнө карабастан, ыраакы чыгыштык демонстранттар “Навальныйга боштондук!”, “Путин – ууру!” деп ураан чакырышты.
Алар Владивосток, Хабаровск, Новосибирск, Томск, Иркутск, Барнаул сыяктуу шаарларда ызгаар суукка жана полициянын куугунтуктаганына карабастан көчөгө чыгышты. Якутск шаарында демонстранттар 50 градус суукка карабай митинг өткөрүштү. Жалпысынан, өлкөнүн Сибиринде жана Ыраакы Чыгышында 15 миңдей киши көчөгө чыккандыгы айтылууда.
Екатеринбург шаарында 15 миңдей киши 30 градус суукка карабастан демонстрация өткөрүштү.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Москва менен Санкт-Петербургда нааразылык жыйындар жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00тө башталды. Бишкек убактысы боюнча саат 20:00да да Орусиянын Европа бөлүгүндөгү шаарларда нааразылык жыйындар улантылды. Бирок ага чейин эле айрым тургундар коопсуздук кызматы тарабынан кармалды.
Орусиядагы көптөгөн демонстранттарды коопсуздук күчтөрү эл көзүнчө эле ур-токмокко алгандыгы кабарланды жана түз ободо көрсөтүлдү.
Акцияны түз чагылдырып аткан орус тилиндеги макаланы бул жерден таба аласыз.
Алексей Навальныйга колдоо көрсөткөн акция Бишкекте да болуп өттү
Өзүн Дмитрий деп тааныштырган адам Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына барганын, колундагы ураан-жазуулардын бирин милиция алып койгонун Current Time Asia телеканалынын кабарчыларына айтып берди:
«Навальный туура сүйлөп, туура иш кылып жатат деп эсептейм. Кыргызстан Орусиядан көз каранды эмес болушу керек. Аны бошотуу талабы коюлган акциялар бүгүн бүткүл Орусияда өтүп жатат».
Ал эми активист Чынар Темир Навальныйды колдогон пикирин социалдык тармакка жайгаштырды.
«Биз канча өнүккөн мамлекет болууга унтулсак да, Кремль ага каршы. Себеби өздөрүнүн бийлигине коркунуч келтирет. Ошондуктан, биз Орусиянын өнүккөн, мыйзамдуу жана адам укуктарын коргогон мамлекет болуп кетишине түз кызыкдарбыз. Биз Орусия менен дос болушубуз керек, бирок Путин менен эмес», - деп жазган ал баракчасына.
Жапонияда жүргөн эксперт Даниел Кадырбеков Навальныйдын Орусиядагы демократиялык кызыкчылыкты колдогону Кыргызстан үчүн да маанилүү экенин жазды.
Жогоруда айтылгандай, 23-январда Орусиянын айрым шаарларында оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдогон акциялар өтүп жатат.
Миңдеген адамдар көчөгө чыгып, 17-январда камалган оппозициячыл саясатчы, Кремлдин сынчысы Алексей Навальныйды бошотууну талап кылышты.
Алгачкы митингдер Сибирдеги жана Ыраакы Чыгыштагы Хабаровск, Владивосток, Новосибирск жана башка шаарларда өттү. Аларга жалпысынан 15 миңдей адам катышканы кабарланды.
Айрым талдоочулар 23-январдагы иш-чаралар 2017-жылдын март айында Орусиянын 99 шаарында өткөн ири акциялардан берки эң ири демонстрациялар болушу ыктымал экенин айтып жатышат.
Орус полициясынын ишмердүүлүгүнө көз салган «ОВД-Инфо» тобу 30 шаарда 273 адам кармалганын, Хабаровск шаарында күч кызматкерлери кармалгандарга кол көтөргөнүн маалымдады. Кийин бул маалыматтар жаңы кармалуулар тууралуу фактылар менен кошумчаланды.
Владивостокто демонстранттардын саны миңге чукулдады, алардын катарында белгилүү блогер Юрий Дудь да болду.
Оппозиционердин бошотулушун талап кылгандардын ири жыйындары Москванын Пушкин аянтында жана башка көчөлөрүндө жана Санкт-Петербургда да өттү.
Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный 17-январда Германиядан Москвага учуп келери менен “Шереметьево” аба майданында кармалган.
Навальныйды колдоо иретинде анын тарапташтары элди 23-январда бүткүл өлкө боюнча нааразылык митингдерин уюштурууга чакырышкан.
Орус бийлиги ири нааразылык акцияларынын алдында Алексей Навальныйдын бир катар тарапташтарын кармаган.
21-январда Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш уруксатсыз митингге үндөгөнү үчүн тогуз күнгө камалган. Тиешелүү чечимди Москвадагы Савелов райондук соту кабыл алган.
Кира Ярмыш менен катар Навальныйдын дагы төрт үзөңгүлөшү: Коррупцияга каршы күрөш фондунун юристтери Любовь Соболь, Владлен Лось, Навальныйдын Краснодар аймагындагы штабынын координатору Анастасия Панченко, фонддун иликтөө тобунун башчысы Георгий Албуров кармалган болчу. Кира Ярмыштан башкалары суракка алынган соң бошотулган.
Навальныйдын мекенинде камакка алынышын бир катар өлкөлөрдүн бийлиги сынга алып, аны бошотууга чакырышууда.
Алсак, «Human Rights Watch» (HRW) укук коргоо уюму орус бийлигин оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө каршы куугунтукту токтотууга чакырып, 22-январда билдирүү тараткан.
«Орус бийлиги оппозициянын лидери Алексей Навальныйга тилектештик иретинде 23-январга белгиленген нааразылык акцияларынын алдында активисттер менен студенттерди коркуп, куугунтукка алып жатат», - деп билдирген эл аралык уюм.
Ошондой эле билдирүүдө бийлик учурда нааразылык акциясына катышуу боюнча социалдык тармактардагы чакырык камтыган постторду өчүрүп жатканына көңүл бурулган.
Буга байланыштуу баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан эл аралык уюм адамдардын тынч акцияларга чыгууга укугу бар экенин белгилеген.
Путиндин хан сарайы
Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Германиядан Орусияга кайтып келип, сот чечими менен 30 суткага камакка алынгандан бир күндөн кийин ал негиздеген Коррупция менен күрөш фонду Путиндин мүлкү тууралуу иликтөө жарыялаган.
Анда Геленжик курорттук шаарында орус президенти Владимир Путинге таандык деген «хан сарай» боюнча кеп болот. Навальный камакка алына электе даярдалган эки сааттык тасмада Путиндин Германияда иштеп жүргөнүнөн баштап 1990-жылдардагы ишмердиги камтылган.
«Путиндин хан сарайы» деген имарат Кара деңиздин жээгинде токойлуу, жүзүмдүккө оронгон татынакай дөңсөө жерде 2005-2010-жылдары дээрлик 1 миллиард долларга курулганы баяндалат.
Имараттын аянты 17 миң чарчы метр, анын азыркы баасы 100 миллиард рубл акчага тете. Мындан тышкары хан сарайга кошумча 7 миң гектар жер бөлүнүп, анда чиркөө, 80 метрлик көпүрө, амфитеатр, оранжерея, хоккей ойноого жер алдында курулган муз аянтчасы, өзүнчө конок үй жана кошумча тамдар тургузулганы тасмада көрсөтүлөт. 300 гектар жерде өстүрүлгөн жүзүм, шато, анан калса шарап чыгарчу ишкана жана деңиз моллюскасынын бир түрү – устрица өндүрүү чарбасы да бар.
Коррупцияга каршы күрөш фонду дал ушул хан сарайдын курулушун каржылоо булактарын аныктап, анда Путин коррупциялык схемалар аркылуу бул иштерди каржылаганы жөнүндө сөз болот.
Бул иликтөө боюнча Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орусиялык бир басылмага «бул баягы эле эски ыр, бир топ жыл мурун эле Путиндин Геленжикте эч кандай сарайы жок экенин түшүндүргөнбүз» деп жооп берген.
44 жаштагы Алексей Навальный орус бийлигинин элдешкис сынчыларынын бири. Ал бийликтеги бир катар жетекчилердин коррупциялык иштерин өз иликтөөлөрү аркылуу ашкерелеп, президент Владимир Путин баштаган бийликти кескин сынга алып келген. 2020-жылдын августундагы өзүн ууландыруунун артында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы турганын ачыкка чыгарган болчу.
Орусияга келгенге чейин ал Германияда дарыланып жаткан.
Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальный «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу шарттуу сот жазасын нагыз абактык жазага алмаштыруу боюнча доо арыздын негизинде кармалганын ырастаган. Бул иш боюнча сот жараяны 2-февралда башталган жатат.
Дагы караңыз Путин Навальныйдан коркобу же элденби?АКШ Орусиянын демонстрациялар уюштурулган бардык шаарларындагы митингчилер менен журналисттерге карата жасалган катаал ыкмаларды кескин айыптады. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаменти 23-январда билдирүү жарыялады. Бул документте расмий Кремль 2020-жылдын августундагы Навальныйды ууландырган факт боюнча калыс иликтөө жүргүзүү үчүн эл аралык коомчулук менен кызматташууга чакырылган.
Европа Биримдигинин тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррелл Орусия бийликтеринин ишембидеги тынч нааразылык жыйындарга карата катаал мамилесине өз тынчсыздануусун билдирди.
Боррелл “Твиттердеги” барагында Орусиядагы окуяларга кылдат көз чаптырып жатканын айтып: “Кеңири өлчөмдөгү камакка алуулар, ашыкча күч колдонулгандыгы, интернет жана телефон байланышы үзүлгөндүгү үчүн өкүнүч билдирем. Эми дүйшөмбү күнү биз Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери менен кийинки кадамдар тууралуу талкууламакчыбыз”, – деди.
Ишембидеги нааразылык чаралары 2017-жылдан кийинки учурдагы эң ири демонстрация болуп калды. Ал ызгаар суукка, коронавирустун жайылышынын коркунучуна жана экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, Орусиянын коомчулугу убактылуу абакта жаткан оппозициячыл лидер Навальныйды колдогондугун тастыктаган ири сынак болуп калды.
Бул иш-чаралар быйыл күздө боло турган парламенттик шайлоонун ирегесиндеги саясий жүрүмдүн да күзгүсү болуп саналат.