Алты тоо текени атып алган деп шек саналып жаткан Нарын районундагы Орук-Там айылынын эки тургуну ошол күнү карышкырга ууга чыгышкан. Кашабаны үч күн аңдыган мергенчилердин жолу болбой, айылга кайтып келатканда алар кайберендин үйүрүнө кез келген. Арасынан алтоону атып алып, этекке түшкөндө аңчылыкка каршы күрөшкөн органдардын өкүлдөрүнө кармалып калышат.
Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Нарындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Сагынаалы Боогачиев кармалгандарга 600 миң сом доо коюлганын билдирди:
- Чогулган материалдар тергөө органдарына өткөрүлүп берилет. Алар алты тоо теке үчүн жаратылышка 600 миң сом зыян келтиришти. Анын ордун толукташ үчүн тийиштүү органдарга кайрылабыз. Кармалган тоо текенин эттерин лабораторияга өткөрүп, жыйынтыгын алабыз.
Кара-Кужур өрөөнүнүн тургуну Таалай Баялиев тоого аңчылыкка келген кымбат баалуу автоунааларды көп көрөрүн айтты:
- Айыппулду кымбаттатып салгандан бери мергенчиликке чыккан карапайым эл аз. Биздин аймакка «жип» минген чоочун кишилер көп келгенин көрүп калам. Алардын уруксаты барбы-жокпу, ким текшерерин деле билбейбиз.
Деген менен экология тармагында көп жылдардан бери иштеген Рудбек Абдраев жапайы аңчылыкка каршы мыйзамдын чийкилигин айтып, бул багытта иш алып барган адистердин көңүл коштугун сынга алды. Анын айтымында, азыр мергенчилерге керектүү маалыматтар жетпей атат.
- Алты тоо текени кармашты, - деди ал. - Бирок алардын жанынан ошол кайберендерди аткан мылтыгын табышкан жок. «Сатып алдык» же «бирөөнөн алдык» дешсе эмне кыла алышат? Мына, мыйзамдын кандай экендиги. «Кийиктин этин алып жүргөн болбойт, сатып алган болбойт» деген пункттар жок. «Кармаштыбы, болду, төлөшү керек» дешет. Мамлекет биринчи чек араны, анан жаратылышын коргошу керек. Ал эми мергенчиликке каршы департаменттин адистери түшүндүрүү иштерин убагында жүргүзүп турушу зарыл. Тилекке каршы андай болбой жатпайбы.
Мындан бир ай мурда эле аталган департаменттин облустагы өкүлчүлүгү тарабынан Ак-Сайда кыштоосунда да тоо текени аткан атбашылык тургундар кармалганы айтылган.
Аңчылык департаментинин маалыматы боюнча, өлкө аймагында 12 миңден 17 миңге чейин аркар-кулжа бар. Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча департаменттин маалыматына караганда, тоо текелерди атууга уруксат 700 миң сомго көтүрүлүп жатат. Мурда ал 450 миң сом болчу. Ал эми тоо текелерге мергенчилик кылууга уруксат алуунун баасы өзүнчө каралган. Ал 70 миң сомдон 100 миң сомго көтөрүлөт. Кызыл китепке кирген жаныбарлардын терилерин колдонууга да тыюу салынат. Анын өлчөмү 1,5 млн. сомду түзөт.
Аңчылык маалы кеч күздөн башталып, кыштын этегине чейин өзгөчө кызыйт.