Мал киндиктүү Нарында эт кымбаттады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарын облусунда быйыл жылдагыдан мал кымбат. Маселен, бодо мал былтыркы жылга салыштырмалуу 10 миң сомго, ал эми майда жандыктар 5 миң сомго чейин кымбаттаган. Жергиликтүү бийликтин маалымдашынча, баа эт экспортко чыгып жаткандыгына байланыштуу жана кыргыз-кытай чек арасы эки айдан бери жабык тургандыктан өсүп жатат.