Наристенин өлүмүнө ким жооптуу?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

5-январда Бишкектин Ленин райондук соту Балдардын тез жардам клиникалык ооруканасынын жана Эне-баланы коргоо улуттук борборунун камактагы беш кызматкерин үй камагына чыгарды. Дарыгерлер 13-ноябрда ооруканага тушүп, чарчап калган үч жаштагы баланын ишине байланыштуу айыпталып жатышат.

Бүгүн талкуубузда тармактагы көйгөйлөр, медициналык тейлөө, улуттун саламаттыгы маселелерин алып чыгууну туура көрдүк. Ага саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков, Улуттук онкология жана гематология борборунун мурдагы директору, доктор Эрнис Тилеков жана эксперт, дарыгер Эрмек Исмаилов катышты.