Москвада колунан ажыраган кыздын ыйы

Наргиза Турсунбек кызы.

Москвада кыргызстандык Наргиза Турсунбек кызы иш учурунда кырсыкка учурап, сол билегинен ажырап калган. Үч айдан бери ооруканада жаткан мигрант жумуш берүүчүдөн тиешелүү төлөмдөрдү алууга укуктук жардам сурап келет.

28 жаштагы Наргиза Орусияга былтыр августта иш издеп келген. Москвадагы кийим-кече жууган жайлардын бирине жумушка орношуп, иштегенине эки жарым айдан ашкан убакта кырсыктап, сол колунан ажыраган.

- Новогиреево метросундагы «Стандарт чистоты» деген кийим жуугуч ишканада иштечүмүн. 19-январда түштөн кийин ишке чыккам. Жумуш жаңы башталган. Үтүктөөчү машинага халат салып жаткам. Халаттын бир бөлүгү сол колума оролуп, тартып алганга жетишпей калдым. Негизи ал аппарат адамдын колу турганда автоматтык түрдө өчүп калышы керек экен. Бирок ал иштебей калды. Чогуу иштегендер да эмне кыларын билбей ары-бери чуркап калышты. 200 градустук бууда бир саатка чейин туруп калдым.

Мигрант өмүрү кылдын учунда...

Мигранттын өмүрү кылдын учунда...

15-февралда Анарбек Жукушев аттуу 31 жаштагы жигит бычак жеп каза тапкан. Боорунан алган жарааттан улам ал ооруканага жетпей эле үзүлүп кеткен.

Сол колунун билегине чейин кесилген кыз эки жарым айдан бери Москвадагы Ф.И. Иноземцев атындагы №36 ооруканада, ага жети жолу операция жасалган. Наргиза кийим жуугуч ишканада эмгек келишими менен мыйзамдуу иштегенин, ага карабай жумуш берүүчү жоопкерчиликтен качып жатканын айтты:

- Сол колумдун беш манжасын, алаканын толук алып салышты. Дарыгерлер жүрөккө да оорчулук келиши мүмкүн деп жатышат. Жетимиш күндөн бери ооруканада жатам. Иштен техникалык коопсуздук боюнча адис келип эле «кагаздарга кол коюп бер, өзүң күнөөлүүсүң» деп коркутуп кетти. Туугандарым ишиме барып, дарыланууга жардам сурашканда, алар баш тартышкан экен. Менин колумда эмгек келишим бар, ал жакка документтерди текшерип ишке алган. Медициналык камсыздандыруу күбөлүгүм да бар болчу. Ошон үчүн азыр ооруканада жеңилирээк болуп жатат.

Наргизанын сөзүнө караганда, ишке орношконунда ага техникалык коопсуздук боюнча инструктаж жүргүзүлгөн эмес.

- Коопсуздук, аппараттар жөнүндө түшүндүрүшкөн эмес. Негизи, үч ай сайын жумушчулар бир кагаздарга кол коюп турушчу экен. Бирок мага эч нерсе айтылган эмес. Азыр жумушта видеокамералардын баарын алып, аппаратты оңдоп, түрмөгүн жаңыртып коюшуптур. Ооруканага түшкөнүмдө "өндүрүштүк жараат" деп жазылып, полиция чакырылышы керек экен. Андай эч нерсе болгон эмес. Алар болушунча баарын жабууга аракеттенишкен. Ошончого баргыча бир адамга жардам берип коюшса оорчулук болмок эмес го? Мен кийин турмуш куруп, балалуу болгум келет. Алар колума протез жасатып беришсе эле дейм.

Москвадагы кыргыз элчилиги Мамлекеттик эмгек инспекциясына кыргызстандык жарандын иш маалында өндүрүштүк жараат алганын териштирип, тиешелүү камсыздандыруучу төлөмдөрдү чегерүү боюнча расмий кайрылган.

Адвокат Мирбек Токтошев азыр жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

- Арыз 28-февралда түшкөн. Анда Эмгек инспекциясынын адистери менен сүйлөшүүлөр жүрүп, ал мекемеге жарандын каты менен кайрылуу жасалган. Кырсык болгон маалда өндүрүштүк жараат тууралуу акт түзүлгөн эмес. Бул мыйзам чегинде жумушчуга Социалдык камсыздандыруу фондунан жөлөк пул алууга, анан жумуш берүүчүдөн протез жасатууга жана кеткен чыгымдарды өндүрүп берүүгө керектүү документ. Жумуш берүүчү Наргизанын туугандары менен сүйлөшүүдөн баш тарткандыктан, биз кыздын өзүнүн көрсөтмөсү менен тиешелүү органдарга кайрылып, жардам алууну чечтик.

"Азаттык" Наргиза иштеген кир жуучу жайдын ээлери менен байланышууга аракет кылды. Бирок телефонду алгандар "жетекчилик жок" деп жооп берүүдөн баш тартышты.

Орусияда кыргызстандык мигранттардын иш маалында кырсыкка учурап, оор жараат алып, ден соолугу зыян тарткан учурлар көп эле болот. Мигранттар иште каза болгон учурлар да кездешет. Укук коргоочулар мигранттар жумуш берүүчү менен эмгек келишимин түзбөгөндүктөн, кырсык болгон маалда полиция чакырып, өндүрүштүк жараатты ооруканада каттатпагандыктан, жумуш берүүчүлөр жоопкерчиликтен качып кетишерин белгилешет.

Мамлекеттик органдарга өз маалында кайрылбастан, жумуш берүүчүлөрдүн же ортомчулардын акчалай жардам берүү жөнүндө убадаларына ишенип, алданып калгандар да болот.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Москвада колунан ажыраган кыздын ыйы

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.