Наманганда дыйкандар саман үчүн салык төлөйт

Өзбекстандын салык департаменти Наманган облусунда күрүч жана буудайдан кийин калган саманга салык салынарын билдирди. Ага ылайык жыйналган ар бир таңгак саман үчүн салык төлөнөт. Дыйкандар бул жобо бюджетти толтуруу айласы экенин айтууда.

Айыл чарба боюнча адистер Намангандагы жаңы салык ансыз да эгин менен пахтанын акчасын өз убагында албаган дыйкандарды кыйнап, эт менен сүттүн баасын көтөрүшү мүмкүн дешет.

Мамлекеттик салык башкармалыгынын облустагы бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары Бахромжон Орзибаевдин атынан Наманган районундагы "Мукаддас замин саховати" дыйкан чарбасына салык тууралуу билдирүү келген. Анда “бир гектар жерден орто эсеп менен 180 таңгак саман чыгарын, бир таңгак самандын баасы 10 миң сум болору, ушул суммадан салык төлөнөрү” белгиленген.

Наманган облусу боюнча мамлекеттик салык башкармалыгынын билдирүүсү

Мындан тышкары сатылган самандын эсеп-фактуралары кечиктирилбестен "Электрондук эсеп-фактуралар" программасы аркылуу жөнөтүлүшү керектиги, алынган кирешени кошумча нарк салыгы боюнча отчетто көрсөтүү зарылдыгы жазылган.

Эгер дыйкандар бул жобону аткарбаса, алардын үстүнөн текшерүү жүргүзүлөт.

Намангандык дыйкан Касимжон Мамасолиев мындай жаңылык ага күтүүсуз болгонун билдирди:

Бул сүрөт темага тийешелүү эмес

"Саманга дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө салык салынбайт. Америкалык комбайндар ошол саманды майдалап салат, аны топтоого да болбойт. Азыркы шартта кайра-кайра эгин экпесе, дыйкан кирешесиз калат. Анткени буудай баасы Орусия менен Казакстандын таасири астында түшүп кеткен. Буудайдын баасы өзүн араң жабат же такыр актабайт. Саманды негизинен калк сатып алат. Элге эсеп-фактура менен сатасың дешет. Бул нерсени кандай акылы ашкан адам ойлоп тапканына кызыгып жатабыз".

Намангандык дагы бир фермер Адхам Мамажонов азыркы шартта самандан салык алуунун мааниси жок экенин айтты:

"Айыл чарбасынын азыркы абалы мындай салыктарды көтөрө албайт. Жыл бою чечилбей келген маселе көп. Пахтанын акчасы жана баасы, эгиндин баасы, саман салыгы өтө эле көп. Бир таңгак самандын орточо таза кирешеси 5 миң сумду түзөт. Азыр республика боюнча орточо баа 9 миң сумга туура келет. 2 миң байлоого, 2 миң жүктөөгө жана жеткирүүгө кетет. Таза пайда 5 миң сумду түзөт. Саманда күтүлбөгөн чыгашалар да көп. Ошондуктан мал чарбасында тоют кымбат. Эттин баасы кымбаттап жатат. Бул салык эт-сүт өндүргөн фермерлерди түйшүккө салып, мал баккысы келбей калат. Дыйкандардын сөзүн уккан расмий жетекчилер жок".

Атын атагысы келбеген тургундун айтымында, фермер салык төлөбөгөн бир гана ушул саман калды. Алар мамлекетке тапшырган эгиндин да акчасын жөндөп ала албай жатканына кабатыр.

буудай талаасы

"Дыйкандын саманынан салык алуу - бул дыйканды тоноо. Дыйкандардын көпчүлүгү саманды чогултпайт, ал келерки жылга жер семирткич болот. Мамлекет сатып алган дандын акчасын бизге 14 күн ичинде төлөп бериши керек, бирок алар "фонддо акча жок" деп кечиктирип жатат. Эгинди өткөргөнүбүзгө бир ай болду, эсепке бир да сом түшө элек”.

Атын атагысы келбеген адис самандан салык алуу идеясынын төркүнү тууралуу буларды билдирди:

“Менин билишимче, жакында Наманганда дээрлик бир ай “Гүл майрамы" өттү. Майрамга көп каражат жумшалды. Бул чыгымдарды жабуу үчүн дыйкандарга салык салып жатат. Бирок саманга (буудай менен күрүчтүн куураган сабагы) салык салуу эч кимдин оюна да келген эмес".

Республикалык дыйкандар кеңеши Өзбекстандын Салык комитетине, Башкы прокуратурасына жана Бизнес-акыйкатчыга кайрылып, бул маселени карап берүүнү өтүнгөнү менен азырынча жооп түшө элек.

“Азаттык” Наманган облусунун Мамлекеттик салык департаментинин маалымат кызматынын башчысы Улугбек Синамовго байланышып, башкармалыктын бул “билдирүүсүнө” комментарий сурады.

Дагы караңыз БУУ Украинанын дан экспорту боюнча келишимдин тагдырына тынчсызданууда

"Наманган облустук салык башкармалыгы аркылуу аймактагы фермердик чарбаларга билдирүү жөнөтүлүп, 2023-жылдын июнь айында өндүрүлгөн кылкандуу дан эгиндерин жыйноодон кийин саманы киреше катары эсептелери, ага белгиленген тартипте салык төгүү керектиги айтылган".

Өзбекстандын Салык кодексинин 45-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, баалуулукка ээ болгон жана сатууга арналган жаратылыштын же адамдын ишинин (анын ичинде интеллектуалдык ишмердүүлүктүн) ар кандай субъектиси товар катары таанылат.

Мындай эреже Наманган облусунда гана киргизилген. Аталган аймакта айыл чарбачылыгы менен алектенген 2174 уюм бар.