Жаш пианисттер сынагында кыздар жеңди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясында өткөн “Жаңы муун” аттуу жаш пианисттердин республикалык конкурсу жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрү аныкталды. Анда 14 жаштан 18 жашка чейинки биринчи категориядагы пианисттерден баш байгени Дильназ Бакытбекова жеңип алса, 18 жаштан 25 жашка чейинки таланттар арасында гран-приге Ибраимова Алтынай татыктуу болду.