- Сүрөтчү болуу бала кездеги кыялыңыз беле? Бул өнөр кимден өткөн?
- Сүрөткө болгон шык туугандардын баарында бар эле. Мен эс тарткандан баштап эле сүрөткө кызыкчумун. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз. Кызыгы, баарыбыз сүрөт тартчубуз, атам да сүрөтчү болчу. Ал агамды өзүнүн жолун жолдогон сүрөтчү кылам деген максаты бар эле, бирок чоң атам анын сүрөтчү болушуна каршы чыгып, атамдын максаты ишке ашпай калган.
Мен 5-класста окуп жүргөндө Ноокат шаарындагы Ноокат көркөм эстетикалык гимназиясын билип калып, үйдөгүлөргө айтпастан ошол окуу жайда окуп, атамдын кыялын ишке ашырам деп максат койдум.
Ата-энем жайлоодо эле, аларга барып атама сүйүнчүлөгөм, ал абдан кубанган, бирок апам сүрөтчү болбой эле койчу деп каршы болду. 2005-жылы Ноокат көркөм эстетикалык гимназиясын аяктап, ошол эле жылы академик Тургунбай Садыков атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт академиясынын "театр жана кино" факультетине тапшырып, 2010-жылы ийгиликтүү аяктадым.
-Кандай учурда сүрөт тарткыңыз келет?
-Көпчүлүк сүрөтчүлөр кеч киргенде сүрөт тартабыз, күндүз иш менен алаксып кол тийбейт. Өзүмө жаккан сүрөтчүлөрдүн жумуштарын көрүп да эргүү алам. Кээде эргүү келбей калат, өзүмдү зордоп иштөөгө аракет кылам. Сүрөттү жаңы баштап алуу өтө кыйын, жарымына келгенде эргүү күчөйт, убакытка карабай калам.
- Тарткан сүрөттөр менен эмнени айткыңыз келет?
- Мен көбүнчө портрет, натюрморт үстүндө иштейм. Сүрөт жанрындагы эң түйшүктүү, татаал жанр – портрет. Кайсы адамды тарта турган болсом, ошол адамдын басып өткөн жолун фонуна чагылдырганга аракет кылам жана ички мүнөзүн портретке чагылдырууга умтулам. Көрүүчүнүн сүрөткө болгон табити ар кандай, кээ бир адамдар тарткан эмгегиңди карап да койбойт, кээ бирлери карап суктанып, жакшы ойлорун айтып кубантат.
- Бизде негизи эле коомчулук сүрөт дүйнөсүн канчалык деңгээлде түшүнөт?
- Биздин эл эмнегедир суктануу, таңкалууну билбейт, мындайча айтканда эмоция жок. Ичибизден таң калабыз, бирок сыртыбызга чыгарбайбыз.
Жакшы пикир айтып колдобойбуз. Бул биздин элдин мүнөзү болсо керек. Тилекке каршы, көпчүлүк адамдар искусствону жакшы баалабайт.
- Сүрөт өнөрү менен биздин өлкөдө жан багууга болобу?
- Ар бир улуттун өзүнүн сүрөт искусствосуна болгон табити бар. Мисалы, кыргыз калкы өзүбүздүн тарыхыбызды, улуттук оюндарды, жайлоодогу көрүнүштөрдү жактырат. Сүрөтчүлөр элдин табитине жараша иштейт.
Ошондуктан биздин сүрөтчүлөр көп учурда кыргыз турмушун чагылдырган сүрөт тартат. Албетте, сүрөт өнөрүн сүйүүчү адамдар да көп, кайсы жерде болбосун өжөрлүк менен иштесең, өз ишиңди сүйүп аткарсаң, кандай гана өнөр, кесип болбосун жашаганга болот. “Бизде сүрөттү баалабайт, эл албайт” деп наалыгандар да бар. Жалкоолонбой изденип эмгектенген адам биздин өлкөдө эң алдыңкылардан болуп жашай алат.
Дагы караңыз Күндү сүйгөн, бактылуу Рамис акын-Тарткан сүрөттөрүңүздү кандай адамдар баалап сатып алат? Чет элдиктердин кызыгуусу кандай?
-Азыр сүрөтчүлөр үчүн да эң жакшы шарттар түзүлүп калды, Интернет аркылуу чет мамлекеттерге да сатуудабыз. Натюрмортторду көбүнчө чет элдиктер сатып алышат. Кыргызстанда көбүнчө буюрутма менен гана иштейм портреттерди.
- Сүрөттөрдүн баасы канчага чейин бааланат?
-Чындыгында сүрөттүн баасы сүрөтчүнүн чеберчилиги менен бааланат. Жакшы чыгарманы жакшы баага баалайсың, бирок ар бир сүрөттүн өзүнүн кардары бар. Кээде өзүңө жакпаган сүрөт жогорку баага сатылып калат, кээде өзүңө жаккан сүрөт арзан бааланып калышы мүмкүн. Чет элде сүрөттөр өтө жогорку баада сатылат. Бул да өлкөнүн, элдин экономикалык абалына жараша окшойт.
Дагы караңыз
Илипов: Байыркы кыргыздарды тартканды жактырамШайыр мүнөз сүрөтчү дүйнө салдыЖалгыз бой атанын сүрөтчүлүк өнөрүНатюрморттун майын чыгарган Малеина- Биздин өлкөдөгү сүрөтчүлөрдүн коомдогу орду кандай?
- Кантсе да кыргыз эли өнөрдү сыйлаган эл. Сүрөтчүлөрдүн коомдогу орду жогору эле турат.
Садык Мурзаханов 1988-жылы 19-февралда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылында жарык дүйнөгө келген. Учурда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында көркөмдөп коюу бөлүмүнүн башчысы жана кыргыз-түрк Манас университетинин көркөм өнөр бөлүмүндө мугалим болуп эмгектенет.