"Мугалимге акча төлөп жаздырдым". Дипломдук ишти сатып алган студенттер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ушул тапта жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү дипломдук иштерин жактап жатышат. Дипломдук ишин акча төлөп бирөөгө жаздырып алган жана жазып берген, атүгүл окутуучуларына төлөп берип жаздырган айрым студенттер “Азаттык+” программасына анонимдүү маек беришти.

Бирок бул бардык студенттер дипломдук ишин дал ушундай жол менен жазат дегендик эмес. “Азаттык+” программасынын бул жолку чыгарылышы дипломдук иштердин барк-баасына арналат.