Москвадагы кыргыздар элди биримдикке чакырды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

6-октябрда Москвадагы кыргызстандык жаштардын өкүлдөрү топтолуп, Кыргызстандагы бийлик өкүлдөрүнө, саясий партиялар менен элге кайрылуу жасашты. Жыйынга Кыргызстандын жети облусу боюнча түзүлгөн коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана жаш активисттер чогулган. Алар Кыргызстандын элин өткөөл саясий кырдаалда кызыкчылыгы бар күчтөрдүн улут, аймак аралык жана партиялык чагымчылдык билдирүүлөрүнө жетеленбей, ынтымакты сактап калууга чакырышты.
6-октябрда Москвадагы кыргызстандыктардын жаштар өкүлдөрү топтолуп, Кыргызстандагы бийлик өкүлдөрүнө, саясий партиялар менен элге кайрылуу жасашты. Жыйынга Кыргызстандын жети облусу боюнча түзүлгөн коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана жаш активисттер чогулган. Алар Кыргызстандын элин өткөөл саясий кырдаалда кызыкчылыгы бар күчтөрдүн улут, аймак аралык жана партиялык чагымчылдык билдирүүлөрүнө жетеленбей, ынтымакты сактап калууга чакырышты.