Орусияда борбор азиялыктарды текшерүү токтой элек. Соңку жолу кыргызстандык таксисттерди полиция кармап, бул айрым депутаттардын көңүлүн бурду.
"Ким экениңе карабай, жерге жыгышат"
Тик Ток социалдык түйүнүндө "26-июль" деген жазуусу бар видеодон азият түспөлүндөгү колун желкесине алган 20 чакты адамды полиция тинтип жатканын көрүүгө болот.
Жаан куюп жатканда болгон бул текшерүүнү белгисиз бирөөлөр көп кабаттуу үйдүн терезесинен тартып алып, социалдык тармакка жүктөгөн.
Орусияда көп жылдан бери такси айдаган кыргызстандык Бекболот ошол күнү кармалгандардын бири.
"Жол эрежесин бузбасаң, полиция кармабайт деле. Соңку убакта мигранттар көп чогулган жатаканаларга, чайканаларга полиция кирип жатат. Чайканада таксисттер тамактанып эле кетпестен, кээ бири уктап, намаз окуп, эс алат. Эс алганча кардар күткөндөрү бар. Мурдагы күнү (26-июлда) дагы ошондой жерден кармап, документ текшеришти. Ал жерде мен дагы бар элем. Документтерим жайында болгону үчүн кое беришти. Документинде маселеси барларды участокко алып кетишет. Алар кармаганда "сен өзбексиң, тажиксиң же кыргызсың" деп бөлбөйт, баарына бирдей мамиле. "Все на пол!" дейт. Документиң жайында болбосо кеттиң участокко. Ал жакта айып салышат, башка мыйзам бузууларың болсо, сотко, соттон арты депортация болуп кетесиң да", - деди Бекболот.
Биздин маектеш мигранттарды текшерүү жылда эле болуп келгенин, бирок быйыл өзгөчө күч алганын белгиледи.
"Текшерүүлөр дайыма эле болот, мен жыйырма жылдан бери жүрөм. Бирок быйыл көбүрөөк. Москва облусунун аймагынан кармап, текшерип атышат. Шаардын борбор жагында тынч эле".
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев дал ошол мигранттар кармалган күнү Москвада мекендештер менен жолугушкан.
Ал мигранттар мыйзамдуу каттоого туруудан кыйналып жатканын, элчиликке нааразылык күчөп кеткенин белгиледи.
"Так ошол күнү таксисттерди кармашкан экен. Жамгыр төгүп жатканына карабай, полиция кармаганы социалдык тармактарда жүрөт го. Ошол күнү мигранттар менен жолугушуубуз болду. Алар мага да текшерүүлөр күчөп жатканын айтышты. Негизги нааразылык элчиликтин ишине экен. Полиция кармаган кезде тил билбегени же оюн жеткире албаганы үчүн эле айып төлөп, депортация болуп кеткен кыргызстандыктар көп болуп жатыптыр. Мигранттарыбыз кыйчалыш учурда элчиликке, элчиликтин юристтерине байланышуу таптакыр мүмкүн эмес экенин айтып, даттанышты. Бул маселени күзүндө парламентте көтөрүп, элчиликтин штатын көбөйтүү же башка жолдор менен мекендештерибизди колдоону күчөтүүбүз керек".
Бир ай мурда, июнь айында Москва полициясы кармаган кыргыз мигранттары күч органдарынын атайын автоунаасында кетип баратып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашкан. Алар элчиликтен мигранттарга эч кандай колдоо, жардам жоктугун айтып, бул маселеге көңүл бурууну өтүнгөн.
Элчиликтин жообу
Быйыл июнь айынын соңунда орус бийлиги мыйзамсыз миграцияга каршы "Нелегал" операциясын жүргүзгөн. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул иш-чарадан кийин 130 кыргызстандык депортация болгонун маалымдаган.
Элчилик "Азаттыктын" Орусияда таксисттердин кармалышы боюнча суроосуна төмөнкүдөй жооп берди:
" Учурда "Нелегал" операциясынын 1-этабы аяктаганы маалым. Белгилей кетчү жагдай, Орусия миграциялык мыйзамдардын сакталышын камсыздоо максатында, өз ыйгарым укуктарынын алкагында чет өлкөлүк жарандардын документтерин текшерүүгө укуктуу. Аны менен бирге, жогоруда аталган жайда кармалгандар арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин билдиребиз", - деп жазылган маалыматта.
Андан тышкары Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлдөрү 25-июлда Москва шаарындагы "Яндекс-Такси" менен өнөктөш иштеген ири такси компанияларынын бирине барып, жетекчилери менен жолукканы белгиленген.
Өкүлдөр компаниянын кыргыз жарандарын ишке тартуу шарттары менен таанышкан, зарыл документтерди элчиликтен алуу мүмкүнчүлүгү сөз болгон.
Бирок элчилик билдирүүсүндө өкүлдөрү кайсы компанияга барганын ачык көрсөткөн эмес.
Кармоо согушка тартууга шылтообу?
Акыркы күндөрү Москва шаары же Москва облусунан тышкары алыскы Урал аймагында да мигранттар кармалганы кабарланды.
Айрым укук коргоочулар катаал чараларга ЕАЭБге кирбеген Өзбекстан, Тажикстандын жарандары туш болуп жатканын белгилеп, мунун артында эки өлкөнү экономикалык биримдикке кошуу аракети турат деген божомолдорун айтышкан.
Ошол эле маалда айрым эксперттер орус бийлиги ушундай жол менен мигранттарды Украинадагы согушка катышууга мажбурлашы мүмкүн экенин айтышууда. Буга чейин ар кайсы деңгээлдеги саясатчылар тарабынан мигранттарды аскердик операцияларга тартуу чакырыктары айтылып келген.
"Бул рейддер биринчи кезекте психологиялык максатта жүрүп жатат десек болот. Ушундай жол менен күч түзүмдөрү мигранттардын миллиондук армиясын көзөмөлдөөгө аракет кылууда. Азыркы учурда, согушка байланыштуу күч органдарынын кызматкерлеринин саны аз, мындай учурда "алдын алуу чаралары" дагы абдан актуалдуу", - деген миграция маселеси боюнча тажикстандык эксперт Карим Алиев.
"Азаттык" июль айында Украинадагы согушка орус армиясынын катарында барган кыргыз жарандары тууралуу иликтөөсүн жарыялады.
Анда Баатыр Бейшенбеков аттуу каарман орус полициясы кармаган мигранттарды согушка барууга мажбурлап жатканын айтып берген.
"Ага-ини кармалып кетти. Агасынын аялы, эки баласы бар. Эмне себептен кармап жатат десем, “Согушка баргыла, 500 миң рубль берем деп атышат. Депортация кылбай, убакытты создуктуруп жатат” дешти. Ыктыярдуу түрдө, өз каалоосу менен согушка кеткен эч ким жок. Жөн эле мажбурлоо болуп атат. Бизге чейин отурган кыргыз балдарга “жарандык аласыңар, келишим түзгүлө, 100 миңден 300 миңге чейин беребиз” деп айтышкан экен", - деген Баатыр Бейшенбеков.
Москва Украинага кол салгандан кийин Орусияда абакта жаткан бир канча кыргыз жарандары "Вагнер" аскердик тобу менен келишим түзүп, согушка кеткени белгилүү болгон.
Урушта каза тапкандардын жакындары маркумдардын чоочун жерге өзү барганына ишенбей, мажбурлоо болушу мүмкүн деп шек санашууда.
Депутат Жанар Акаев парламент трибунасынан бул маселеге токтолуп, Орусияда кайсы бир кылмышка айыпталып, камакка алынган кыргыз жарандарын алып келүү маселесин тездетүү керектигин айткан.
"Мына азыр миңден ашуун кыргызстандык камакта жатат. Украинадагы согушта жүргөндөрү бар. Менде азыр жүздөн ашуун апалардын "уулум, кызым жок жерден айыпталып, камалып калды, жалган жалаа менен же билбестик кылып кармалып, камалып кетти, Кыргызстанга алып келүүгө жардам бериңиз. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы уруксат берсе да, бул жактан кое бербей жатат" деген өтүнүч каттары турат. Бул маселе мамлекеттик деңгээлде, керек болсо президенттердин деңгээлинде чече турган маселеге айланып калыптыр".
Расмий маалыматтарга караганда учурда Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын саны 1 миллиондон ашуун. Алардын тең жарымына жакыны орус жарандыгын алган.