Орусиялыктар тарткан “Кухня” сериалында Айнура аттуу каармандын ролун жараткан жердешибиз Жаңыл Асанбекова Жети-Өгүздөн. Москва шаарында жашайт. Жаңыл 45 жашка чыкканда киного тартылуу жөнүндө кыялы орундалганын “Азаттыкка” айтып берди.
Москвадагы француз ресторанынын биринде Айнура аттуу орто жаштагы аял иштейт. Идиш-аякты, полду мизилдете жууган Айнура Кыргызстандан барган мигрант. Орусча жакшы сүйлөй албайт. Айрыкча ачуусу келгенде кыргызча урушуп жибермей адаты бар. Бирок чогуу иштегендер арасында кадыр-баркы бийик. Эң башкысы ага башкы ашпозчунун көзү түз. Мүнөзүнө киши чыдагыс бул адамдын тилин Айнура таба билет. Албетте тасмада Айнуранын ролу башкы планда эмес, бирок ал болбосо “Кухнянын” “тузу татыбай” каларын буга чейин орус басылмалары белгилеген.
“Азаттык”: Өз ролуңузда кээде кыргызча сүйлөп аткарганыңыз бизге өзгөчө кызык болду. Сценарийде ошондой жазып беришти беле?
Жаңыл Асанбекова: Мага ошондой эркиндик беришкен. Аягында кыргызча сүйлөнүп, уруша берсең болот дешкен.
“Азаттык”: Бул биринчи ролуңузбу?
Жаңыл Асанбекова: Ооба, 1989-жылы Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайын бүткөм. Кийин турмушка чыгып, бала төрөп, тиричиликке алаксып кеткендиктен өз кесибимде иштеген эмесмин. Театралдык окуу жайын бүткөнүмө 24 жыл толгондо бала кездеги кыялыма жетип, болгондо да орус тасмасында ойноп калдым.
“Азаттык”: Ага кандайча тартылып калдыңыз?
Жаңыл Асанбекова: "Кухняны" тартаарда, былтыр жайда жарыя беришкен. Алардын талабы боюнча, 40-45 жаштагы кыргыз улутундагы актриса аялдар керек экен. Айшат аттуу курбум кулактандырууну көтөрүп келип, катышып көрбөйсүзбү дегенинен сүрөттөрүмдү салып жибергем. Ошол учурда Кыргызстанга барганга камынып жатканбыз. Көп өтпөй эле “тандоодон өттүң” деген жооп келип, кастингге чакырышты. Кокусунан эле болду десем жаңылышпайм. Кырк беш жашка чыккан кезде самаган тилегиме жеттим.
“Азаттык”: Тасманы тартууда сиз үчүн эмнеси өзгөчө болду? Эсте каларлык учурларын айтып бере алсызбы?
Жаңыл Асанбекова: Тасманын бир сезонун үч ай аралыгында тартып бүттүк. Ар күн кызыктуу өтүп жатты. Телевизордон гана көрүп жүргөн атактуу кино жылдыздар: Назаров, Нагиев, Могилевская менен чогуу киного тартылып калганым мен үчүн күтүлбөстүк болду. Туулган күнүмдө кыргыз тамак-ашын жасап келип, кесиптештериме ооз тийгиздим. Палоо, боорсок, чакчак баарына жакты.
“Азаттык”: Тасмадан кийин ал жактагы мекендештерибиз “кыргыздын баарын пол жуугуч катары көрсөтүп жатасың...” деп таарынган жокпу?
Жаңыл Асанбекова: Жердештеримен андай пикир уккан жокмун. Тескерисинче, кай жерге барсам “ушул киного сиз тартылганыңыз үчүн ар бир сериясын үзбөй көрөбүз” деп калышат. Орусиянын ар бир ресторанында жок дегенде бир кыргыз иштейт да. Атургай бутуна турган жердештерибиз жеке ашканаларды ачып алышпадыбы. Режиссерлор башында эле “ролуң биринчи планда эмес, бирок ашкана сенсиз кызыксыз” дешкен. Ошон үчүн ашпозчулар жаңы тамак жасаганда биринчи менин “сынымдан” өткөрүшөт. Бул сериалдан кийин көчөдөн, метродон токтотуп, кол тамга сурагандар көбөйдү.
“Азаттык”: Эгер сыр болбосо канча гонорар алдыңыз?
Жаңыл Асанбекова: Жакшы эле. Эми суммасы жашыруун болсун, өзүмө жетет. Албетте башкы ролду жараткандарга караганда мага азыраак төлөндү. Бирок ошол суммага ыраазымын.
“Азаттык”: Мындан соң башка кинолорго да сунуш түшүп жаткандыр?
Жаңыл Асанбекова: Ооба, көп эле сунуштар түшүп баштады. Ушул күндөрү украиналыктар төрт сериялуу боевик киносун тартып, мен анда таиланддык бай аялдын ролун ойнодум. Кинону тартуу үчүн жакында эле Таиландга барып келдик. Эми калганын Киевден тартабыз. Көбүнчө кытай, жапон аялдардын образын жаратууга сунуштар түшүп жатат. Анан “Кухня” тасмасынын төртүнчү сезонун тартуу башталат буюрса.
“Азаттык”: Актриса болуп, гастролдоп кетишиңизге жолдошуңуз кандай карады? Каршы эмеспи?
Жаңыл Асанбекова: Тескерисинче жардам кылып, колдоп турат. Жаңы үйлөнгөндө тамашалап, “мен келечектеги киножылдыздын жубайымын” деп калчу. Уулум он тогузга чыкты, кызым 8-классты бүтүрдү. Чоңоюп калышкан. Актрисалык карьерамды мындан ары өркүндөтүүгө толук мүмкүнчүлүгүм бар.
“Азаттык”: Кыргыз киночуларынан сунуш түштүбү?
Жаңыл Асанбекова: Азырынча Кыргызстанга бара элекмин. Быйыл жайында туулган жерим Дархан айылына барам. Тели-теңтуштарга жолугам. Келечекте Жаңыл Мырза тууралуу тасма Голливуддун деңгээлинде тартылса деген кыялым бар. Кыргыз кыздарынын мүнөзүн ушул кино аркылуу тааныса дейм. “Жакшы тилек - жарым ырыс” деп коёт го.
Жаңыл менен маекти бул жерден угуңуз:
“Азаттык”: Атыңыз да ошол Жаңыл Мырзадай болсун деген тилек менен коюлган го?
Жаңыл Асанбекова: Ооба, чоң атам коюптур. Мен кичинекейимден эле чоң ата, чоң энем баккан. Чоң атам алдына отургузуп алып: “Жаапар мерген Жаңыл кыз. Жакшы адамдуу биздин эл” деп ырдап калчу. Бала кезимден ыр-күүгө жакынмын. Москвада өткөн иш-чараларга катышып, комуз менен да ырдап калам.
“Азаттык”: Иштериңизге ийгилик! Самаган максатыңызга жетиңиз!
“Азаттык”: Өз ролуңузда кээде кыргызча сүйлөп аткарганыңыз бизге өзгөчө кызык болду. Сценарийде ошондой жазып беришти беле?
Жаңыл Асанбекова: Мага ошондой эркиндик беришкен. Аягында кыргызча сүйлөнүп, уруша берсең болот дешкен.
“Азаттык”: Бул биринчи ролуңузбу?
Жаңыл Асанбекова: Ооба, 1989-жылы Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайын бүткөм. Кийин турмушка чыгып, бала төрөп, тиричиликке алаксып кеткендиктен өз кесибимде иштеген эмесмин. Театралдык окуу жайын бүткөнүмө 24 жыл толгондо бала кездеги кыялыма жетип, болгондо да орус тасмасында ойноп калдым.
“Азаттык”: Ага кандайча тартылып калдыңыз?
Жаңыл Асанбекова: "Кухняны" тартаарда, былтыр жайда жарыя беришкен. Алардын талабы боюнча, 40-45 жаштагы кыргыз улутундагы актриса аялдар керек экен. Айшат аттуу курбум кулактандырууну көтөрүп келип, катышып көрбөйсүзбү дегенинен сүрөттөрүмдү салып жибергем. Ошол учурда Кыргызстанга барганга камынып жатканбыз. Көп өтпөй эле “тандоодон өттүң” деген жооп келип, кастингге чакырышты. Кокусунан эле болду десем жаңылышпайм. Кырк беш жашка чыккан кезде самаган тилегиме жеттим.
Жаңыл Асанбекова: Тасманын бир сезонун үч ай аралыгында тартып бүттүк. Ар күн кызыктуу өтүп жатты. Телевизордон гана көрүп жүргөн атактуу кино жылдыздар: Назаров, Нагиев, Могилевская менен чогуу киного тартылып калганым мен үчүн күтүлбөстүк болду. Туулган күнүмдө кыргыз тамак-ашын жасап келип, кесиптештериме ооз тийгиздим. Палоо, боорсок, чакчак баарына жакты.
“Азаттык”: Тасмадан кийин ал жактагы мекендештерибиз “кыргыздын баарын пол жуугуч катары көрсөтүп жатасың...” деп таарынган жокпу?
Жаңыл Асанбекова: Жердештеримен андай пикир уккан жокмун. Тескерисинче, кай жерге барсам “ушул киного сиз тартылганыңыз үчүн ар бир сериясын үзбөй көрөбүз” деп калышат. Орусиянын ар бир ресторанында жок дегенде бир кыргыз иштейт да. Атургай бутуна турган жердештерибиз жеке ашканаларды ачып алышпадыбы. Режиссерлор башында эле “ролуң биринчи планда эмес, бирок ашкана сенсиз кызыксыз” дешкен. Ошон үчүн ашпозчулар жаңы тамак жасаганда биринчи менин “сынымдан” өткөрүшөт. Бул сериалдан кийин көчөдөн, метродон токтотуп, кол тамга сурагандар көбөйдү.
“Азаттык”: Эгер сыр болбосо канча гонорар алдыңыз?
Жаңыл Асанбекова: Жакшы эле. Эми суммасы жашыруун болсун, өзүмө жетет. Албетте башкы ролду жараткандарга караганда мага азыраак төлөндү. Бирок ошол суммага ыраазымын.
“Азаттык”: Мындан соң башка кинолорго да сунуш түшүп жаткандыр?
“Азаттык”: Актриса болуп, гастролдоп кетишиңизге жолдошуңуз кандай карады? Каршы эмеспи?
Жаңыл Асанбекова: Тескерисинче жардам кылып, колдоп турат. Жаңы үйлөнгөндө тамашалап, “мен келечектеги киножылдыздын жубайымын” деп калчу. Уулум он тогузга чыкты, кызым 8-классты бүтүрдү. Чоңоюп калышкан. Актрисалык карьерамды мындан ары өркүндөтүүгө толук мүмкүнчүлүгүм бар.
“Азаттык”: Кыргыз киночуларынан сунуш түштүбү?
Жаңыл Асанбекова: Азырынча Кыргызстанга бара элекмин. Быйыл жайында туулган жерим Дархан айылына барам. Тели-теңтуштарга жолугам. Келечекте Жаңыл Мырза тууралуу тасма Голливуддун деңгээлинде тартылса деген кыялым бар. Кыргыз кыздарынын мүнөзүн ушул кино аркылуу тааныса дейм. “Жакшы тилек - жарым ырыс” деп коёт го.
Жаңыл менен маекти бул жерден угуңуз:
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.