"Кыргыздан башкасынын баарын аткардым"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Көп жылдан бери Москвада жашаган кыргыз актеру Алайбек Тойчубеков ушу тапта орусиялык тарыхый тасмада казак ханынын ролун аткарууда. Анын бир бөлүгү жакында Чехияда тартылды. Сегиз жаштагы уулу Умар менен чогуу киного тартылып жаткан актер "Азаттыктын" Прагадагы студиясында чакан маек курду.