Жайды күткөн жаштык. Бишкектеги мода көргөзмөсү

Мода көргөзмөсү бий менен башталды.

Дефиледе негизинен жайкы кийимдер көрсөтүлдү. 

Мода көргөзмө "Дордой Плаза" соода борборунун чатырында ачык асман алдында өттү. 

Көргөзмөгө жергиликтүү дүкөндөр да жайкы коллекцияларын коюшту. Алардын коллекцияларында негизинен күнүмдүк турмушта кие турган мырзалардын жана айымдардын кийимдери камтылган.

Моделдер подиумга кыргызстандык музыканттардын чыгармаларынын коштоосунда чыгышты.  

Дизайнер Арзубек Вонаманын сый кече үчүн тигилген көйнөктөрү.

Арзубек Вонаманын көйнөктөрү негизинен кызыл, ак  жана кара түстө. 

Зергер жана дизайнер Залкар Аскаралинин "Аян" коллекциясы. Анын эмгектери негизинен кара-ак түстө болуп, эркектер үчүн өзгөчө стилде тигилген чапандар, кемселдер менен толукталган.
 

Дизайнер Залкар Аскарали ак-кара түскө басым жасаганын төмөндөгүчө түшүндүрдү:

"Ак менен кара эч качан модадан калбаган, классикалык өңдөр. Мен экөөнү айкалыштырып, түшүмдө көргөн образды бергим келди. Негизинен эркектер үчүн кийимдерди тигем. Бирок акыркы жылдары менин эмгектеримди кыздар деле сатып алып кийип атышат. Бул - акыркы жылдары мода аял-эркек деп бөлүнбөй калганын түшүндүрөт", - деди Залкар Аскарали.
 

Көрүүчүлөр подиумга чыккан ар бир моделге кызыга карап отурушту. 

Дизайнер Чолпон Антонисес 2021-жылы күзгү мода жумалыгында койгон коллекциясын толуктап кайрадан эл сынына койду. 

Чолпон Антонисестин ачык жашыл түстөгү көйнөгү.

Дизайнер Ынтымак Абдылдаевдин токулган, жүндөн жасалган боз түстөгү кийимдери.  

"Дүйнөнү, айланаңдагы бардык нерсени кандай болсо, ошондой кабыл алганда гана башкалардан көп нерсени күтүп, талап кылбайсың. Боз түстүн өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Жөнөкөй, бирок ошол эле учурда ар түркүн", - дейт дизайнер. 

Ынтымак Абдылдаев мырзаларга арналган кийимдерди сунуштаган. 

Модель кыздар дефилеге чыгуу үчүн тизилип турушат.  

Айрым дизайнерлер өзчөгө юбкаларды да эл сынына коюшту. Алия Нуриеванын "Изде" коллекциясы. 

Подиум артындагы даярдык.

Айгерим Нурланованын эмгектери.