Медиа коомчулук журналисттерге жасалып жаткан Интернеттеги чабуулга кабатыр экенин билдиришти. Алар онлайн опуза өлкөдөгү альтернативдүү пикирлерди айттырбай, демократияга коркунуч келтире турганын белгилешүүдө.
Медиа коомчулук тараткан кайрылууда соӊку бир жыл ичинде Кыргызстандагы журналисттерге, юристтерге жана укук коргоочуларга жапырт уюшулган онлайн опузалар күчөгөнү айтылат. Анын ичинде өзгөчө айым журналисттер саясий жана бийлик түзүмдөрү жалдаган троллдордун жаалаган онлайн баскынчылыгына кабылып жатканы көрсөтүлгөн.
Кайрылууга «Медиа Полиси Институту», «Журналисттик иликтөөлөр фонду», «Медиа өнүктүрүү борбору», «Журналисттердин көз карандысыз шериктештиги», «Журналисттер» коомдук бирикмеси, «Апрель» жана «Т-Медиа» телеканалы, «Кактус Медиа» басылмасы, «Интерньюс-Нетуорк» өкүлчүлүгү, «ПолитКлиника» гезити, «ГовориТВ» жана башка медиа мекемелердин өкүлдөрү, көз карандысыз журналисттер кол коюшкан.
«Кыргызстанда 2019-жылы журналисттер бажыкананын ишмердигин иликтегени үчүн онлайн чабуулдарга кабылган. Быйыл сентябрда мындай чабуул парламенттик шайлоону утурлай партиялар жана алардын лидерлери жөнүндөгү сын материалдарга байланыштуу уланды. Азыр болсо кыргыз журналисттерине Интернеттен куугунтук ого бетер катуулап, "уруп-сабайбыз, кол салабыз" деп опузалагандар көбөйдү. Бул ирет журналисттер опузачылардын жаалап киришине Конституциянын жаӊы редакциясын сындаганы же Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жоболорунун бузулушу жөнүндө коомго кабарлаганы үчүн кабылып жатышат», - деп айтылат билдирүүдө.
Дагы караңыз Соцтармактарда опуза менен жалаа күчөдү
Медиа коомчулук айрым саясий ишмерлер журналисттердин Интернетте кысымга алынышына шыкакчы болуп жатканын да белгилеп, саясий лидерлерди өз тарапкерлерин тыюуга чакырды. Ошондой эле укук коргоо органдарын журналисттерге кол салуулар менен байланышкан иштерди ыкчам териштирүүгө үндөдү.
Онлайн опуза кызматын убактылуу тапшырган жана 10-январга белгиленген президенттик шайлоодо талапкер премьер-министр Садыр Жапаров баштаган күчтөр колдоп жаткан Конституциянын жаӊы редакциясы талкууланып жаткан учурда өзгөчө күчөдү.
Социалдык тармактагы тролддор саясатчы, журналист айымдарды жамандап, опузалаганы байкалган. Алардын катарында журналист, алып баруучу Назира Айтбекова да бар. Бирок ал бул тууралуу укук коргоо органдарына кайрылган эмес.
«Муну билдирүүлөрдүн эң жеңили деп айтсам болот. Анткени, буга чейин “мээңди чачыратып атып кетем” деген сыяктуу бир топ коркутууларды жазышкан. Башында чочулап жүрдүк эле. Кийинчерээк көнүп калдык окшойт. Анын үстүнө ар биринин артынан сая түшүүгө убакыт да жетпейт. Негизи, мындай билдирүүлөрдү тараткандарга чара көрүшсө жакшы болмок. Бирок биздин аң-сезимибизде “бул процесс тажатат, узакка созулат, мыйзам жакшы иштебейт” деп укук коргоо органдарына кайрылбай, кайдыгер карап жаткандырбыз. Бул өкүнүчтүү. Мисалы, мен “Супер инфо” гезити менен үч жыл соттошком. Бул аралыкта соттон утулуп, адвокатыма оңбогондой акча төлөгөм. Ошондуктан азыр башымды көп ооруткум келген жок».
Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын өкүлү Жылдыз Бекбаева мындай билдирүүлөрдү тараткан адамдарды өздөрү да издеп жатканын айтууда. Анын билдирүүсүндө, штаб бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке да арыз жазган.
«Журналисттерге, коомчулукка таанымал айымдарга мындай чабуулду кимдер жасап жатканын биз да издеп жатабыз. Соцтармактардагы бул аккаунттарды карап көрсөк, айрымдарды “Мекенчил” партиясынын сүрөтүн коюп алышыптыр. Бирок партиядагы жана алардын тарапташтарынан сураштырсак, андай аккаунттарды иштеткендер табылган жок. Мындай көрүнүш жаңы эле чыга калган жок. Он күндөй болду. Садыр Жапаровду жаманатты кылуу компаниясы жүрүп жатат. Биз бул эле фактыны эмес беш-алты көрүнүштү чогултуп туруп УКМКга кайрылып, арыз жаздык. Алар бизге табылгандарын акырындык менен берип жатышат. Биз мындай кылык-жоруктар Садыр Жапаровду жана анын тарапташтарын жаман көрсөтүү максатында орун алып жатат деп ойлоп жатабыз».
Конституциялык реформаны жана Садыр Жапаровдун өкмөтүн сынга алгандар коркутууга кабылып жатканын мурдараак бир нече активист, коомдук ишмерлер да айтып чыгышкан.
Саясатчы Бектур Асанов 27-ноябрдагы маалымат жыйынында Садыр Жапаровду сындагандарды жана президенттикке талапкерлигин койгон кишилерди анын тарапкерлери «өлтүрүп кетебиз» деп коркутуп жатканын билдирген.
Дагы караңыз Сотко нааразы саясатчы ачкачылык кармоону чечти
Бирок атайын кызмат Бектур Асановдун сөзүн өзүнчө белгилеп, аны ашыкча эмоционалдуу деп баалаган:
«Башка жарандык активисттер жана саясий ишмерлер да жеңил пиар үчүн ушул сыяктуу фейк маалыматтарды таратып, кырдаалды атайлап курчутуп жатат. УКМК бардык укук коргоо органдары менен бул багытта тиешелүү жумуштарды улантат. Буга байланыштуу бардык жактарды кандайдыр бир чагымчыл чакырыктарды, туура эмес маалыматтарды жана күмөндүү видеоматериалдарды таратуудан карманууга чакырабыз», - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
УКМК мындай билдирүү "социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын кадыр-баркына шек келтирет, коомчулукта нааразылык жаратат" деп эсептейт. Ошондой эле Асанов мындай жол менен адамдардын эмоциясына ойноп жатканын маалымдап, анын жоопкерчилиги бар экенин эскерткен.
Кыргызстанда социалдык тармактардагы кайым айтышуу, каралоо адатта ар кандай саясий жараяндардын тушунда күчөйт. Эксперттер калктын медиа сабаттуулугу, сынчыл көз карашы төмөн болгондуктан, көбү Интернеттеги такталбаган ушак-айыңдарга ишенип, анын артынан ээрчип кетерин белгилешүүдө. Алар мындай маалыматтар, коркутуу көбүнчө фейк-аккаунттардан таратыларын, ушундан улам аларды табуу кыйын экенин айтып жатышат. Медиа-эксперт Азиз Азимов буларган токтолду.
«Онлайн опуза - бул зомбулуктун бир түрү. Биз зомбулук физикалык түрдө болот деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок дүйнө онлайн тартипке өтүп жаткан чакта зомбулук бул тармакта дагы үстөмдүк кылып жатат. Ал эми Кыргызстанда болуп жаткан бул көрүнүш глобалдык тренддердин бир түрү. Бирок Кыргызстан муну менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолун таба элек. Менимче, бул көйгөйдү коомдо агартуу саясатын жүргүзүү менен гана чече алабыз»,.
Кыргызстанда октябрда өткөн парламенттик шайлоодо саясий топтордун социалдык тармактардагы кармашы, компроматтар күрөшү күч алган. Эми конституциялык реформа маселесинде эки жаат болуп айтышкандар жанданды. Интернетте референдумга каршы чыккандарды кодулоо, аларды өмүрүнө коркунуч жараткан опузалар да көбөйдү.
Азыркы жагдай адам укуктары жагынан мүшкүл катары сыпатталса, укук коргоо органдары чабуулчуларды таап, жазага тартыш үчүн атайын мыйзам талап кылууда.