УКМК башчысы коррупцияга каршы күрөш, андан мамлекетке өндүрүлгөн каражаттар тууралуу сын-пикирлерге жооп берди.
“20 миллиард сом дегениңиз бери жагы, бир аз эскирээк маалымат. Бүгүнкү күндө накталай түрдө 40 миллиард сом каражат мамлекеттик бюджетке которулду. Эгерде биз мамлекетке толук өтүп бүтө элек акчалай, ошондой эле ар кандай кыймылсыз мүлк, мал, автоунаалар ж.б. түрүндөгү кирешелерди эске алсак, акыркы үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн түшүп жаткан сумма 100 миллиард сомдон ашып кетти. Сот иштери бүткөндөн кийин калган каражаттар да өндүрүлүп, түздөн түз казынага барып түшөт”, - деди Ташиев.
Ташиев атайын кызмат өндүргөн бардык каражат мамлекеттик казынага түшөрүн айтып, “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” талкуусундагы саясатчы Өмүрбек Суваналиевдин коррупцияга каршы күрөш боюнча сынына жооп берди.
“Баарын тарых өзү таразалайт. Жакында биз коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгында канча акча түштү, кайсы күнү түштү, кимден түштү - баарын жарыя кылабыз”, - деди Ташиев.
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы генерал Өмүрбек Суваналиев "Азаттыктын" талкуусунда ал жараян ачык-айкын болуп, соттун чечими аркылуу ишке ашырылышы зарыл экенин белгилеген:
"Биз УКМК айткандын баарына эле ынанып калбашыбыз керек. Анткени бул деген алдын ала тергөө. Сотко жеткенде ал канча болот, кандай болот? Мисалы, Көлбаевге байланыштуу кармалгандардын баары чыгып кетүүдө. Алар кандай, канча төлөдү - белгисиз. Өнүккөн мамлекеттерде бул ачык-айкын болот. Сот аркылуу түрмөгө барат, ошол жерден зыяндын орду толтурулат. Бул жерде пиар кампания кылбаш керек. Сот ачык өтүп, элдин баары алардын каяктан, кандай уурдаганын көрүшү керек да".
“Коррупцияга каршы күрөштөн 20 млрд сом түштү”. Ишкерлерди түйшөлткөн жагдайлар
Буга чейин кыргыз өкмөтү соңку төрт жылда коррупцияга каршы күрөштүн алкагында мамлекеттин пайдасына 20 млрд сомдон ашык каражат өндүрүлгөнүн билдирген. Анын басымдуу бөлүгү бюджетке жумшалган.
Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев бир жылдай мурда коррупцияны ооздуктоонун экинчи айлампасы башталганын, ал "оор болорун" эскерткен.
Азыркы бийликтин тушунда бир катар мурдагы жана азыркы аткаминерлер, ишкерлер кармалган жана айрымдары акча төлөгөндөн кийин абактан, убактылуу кармоочу жайлардан чыккан.
Деген менен эл арасында "кустуруу" деп аталып калган бул жараяндын айланасында суроолор көп.
Финансы министрлигинин билдиришинче, 2020-жылдан 2024-жылдын алгачкы эки айына чейин коррупцияга каршы күрөштүн негизинде укук коргоо органдарынын депозиттик эсебине 20 миллиард 455 миллион сом түшкөн. Бул каражат мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана өз ыктыяры менен акча которуунун негизинде топтолгон.
Акчанын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда, 14 миллиард сомдон ашыгы бюджетке жумшалган. Калганы Турукташтыруу фондуна которулган. Финансы министрлиги каражаттын таржымалы тууралуу мындан башка кеңири маалымат берген жок.
Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев жемкорлукка каршы күрөш мындан ары дагы күчөйт, турмуш-тиричиликте кездешкен паракорчулукка чейин жетет деп ишендирди:
"Элди, коомду мыйзамдуулукка, мыйзам менен жашаганга үйрөтүү сөзсүз түрдө ушундай кыйынчылыктар менен коштолот. Коррупцияга каршы күрөш болуп, канча бир адам камалбаса, коом тазаланбайт. Бүгүнкү күндө күрөш системалуу жүрүп жатат. Мен буга чейин деле жазып келгем, "реформада бир көзүңөрдөн кан, бир көзүңөрдөн жаш чыгат, реформа деген татаал" дегем. Реформа күчөгөн сайын күрөш дагы күчөйт. Анткени биздин коом буга чейин мыйзамсыз жашаганга үйрөнүп алган. Азыр эми мамлекеттик деңгээлде чоң коррупцияны жоюуга байланыштуу иш болуп жатса, кийинки кадам күнүмдүк тиричиликтеги майда коррупционерлерге каршы болот".
Жогорку Соттун маалыматына ылайык, 2023-жылы коррупцияга байланыштуу 750гө жакын иш каралып, алардын теңине карата өкүм чыкты. Анын негизинде 410 адам соттолуп, 100дөн ашыгы акталган. Мамлекетке келтирилген зыян 186 миллион сом деп эсептелип, анын 55 миллион сомуна жакыны сотко чейинки өндүрүштө, сот процессинде 9 миллионго чукул гана акча өндүрүлгөн.
Академик, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жамин Акималиев коррупцияга каршы күрөштөн өндүрүлгөн акчага, паракорчулукка шек саналган адамдардын бошоп кетип жатканына байланыштуу суроолор бар экенин белгиледи:
"Чындыгында коррупцияга каршы күрөш катуу жүрүп жатат. "Кустурууда" өндүрүлдү деген 20 миллиард сом - бул абдан чоң акча. Бул жерде ошол акча кандай пайдаланылып жатат деген суроо бар. Ошол акча элдин турмушун жакшыртууга, жумушсуздук, кымбатчылык менен күрөшүүгө жумшалса, анан сөзсүз түрдө өндүрүштү өркүндөтүү сыяктуу элге пайда келтирген багытта иштетилсе жакшы болот эле. Ушуга көңүл бурулушу керек. Экинчиден, абдан ызы-чуу менен кармалып жаткан кылмышкерлер, мафиялар, коррупционерлер акчасын төлөп эле кутулуп кетип жатканы мени абдан тынчсыздандырат. Жазалоону аягына чейин чыгармайынча паракорчулук токтобойт. Күнөөлүүлөр ошону менен эле акталып, кутулуп кетпестен, жазасын тартышы керек. Мына ошондо коррупциянын эсебинен байып-чирип жаткан адамдар сезет, аларга сабак болот".
Январь айынын аягында башкы прокурор Курманкул Зулушев басма сөз жыйында коррупцияны жоюуга байланыштуу 2023-жылы сегиз миңге чукул текшерүү жүрүп, 20 миңдей мыйзам бузуу аныкталды деп кабарлаган. Миңдеген адамдар кызматтык, административдик жоопкерчиликке тартылганын айтып, мамлекеттин пайдасына 740 миллион сом акчалай, 11 миллиард сомдон ашык каражат натуралай өндүрүлгөнүн тактаган.
Былтыр май айында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн экинчи айлампасы башталганын, бул жараян алгачкысынан дагы оор болорун билдирген.
Андан көп өтпөй Ташиев өкмөт жыйынында коррупцияга шек саналып кармалгандардын үй камагына чыгарылышына байланыштуу сын-дооматтарга жооп берген. Атайын кызматтын төрагасы мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруп, тергөө менен кызматташкандардын бөгөт чарасы өзгөрүп жатканын маалымдады. Ошол эле учурда коррупцияга каршы күрөш токтой электигин белгилеген.
КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбековдун пикиринде, жалаң күч менен коррупцияны жоюу мүмкүн эмес:
"Эгер азыр элден "коррупцияга каршы күрөш кандай жүрүп жатат" деп сураса, "абдан сонун жүрүп жатат, эң туура" деп жооп берсе керек. Биз эми жалпысынан бул же тигил адамдын "алгансың, жуткансың, мыйзамсыз байыгансың" деп камалганын, "кустурулганын" көрүп жатабыз да. Алардын басымдуу көпчүлүгү бай адамдар. Бул кайсы бир деңгээлде колунда бар адамдар менен колунда жоктордун ортосунда антагонисттик, коомчулукту ажырымга алып келе турган сезимди дагы жаратып жатат. Колунда бар адамдарга карата терс мамиле жаралып, кайсы бир адам жакшыраак, тыңыраак жашаса эле мыйзамсыз жол менен байыган окшойт, ошону камаш керек деген шектенүү адатка дагы айланып калышы мүмкүн. Бул негизи жакшылыкка алып келбейт. Себеби колунда бар адамдар өлкөдөн бизнестерин четке алып кеткенге аракет кылат. Бул жараян азыр деле болуп жатат, бизнесмендер башка өлкөлөргө бизнестерин ачып, ошол жерге олуттуу киреше алып келип жатканы жашыруун деле эмес. Бир эле мисал: Салымбековдун балдары жакында эле Ташкентте Борбор Азиядагы эң чоң кинотеатрды ачышты. Эми Өзбекстанда эл көп, ошол себептен ачылды деп дагы айтышы мүмкүн. Бирок, менимче, биздеги жараяндар ачык-айкын, түшүнүктүү болсо, ошондой кинотеатрларды алар бизде деле ачышмак. Ушуга окшогон нерселер колунда бар адамдарды чочутуп, үркүтүп атат. Биздин бийлик азыр коррупция менен күчкө таянып, баса калып, кустуруп эле күрөшүп жатат да. Бир дагы өлкө паракорчулукту күч менен аягына чейин жоё алган эмес. Өнүккөн өлкөлөр ага каршы ырааттуу, системалуу түрдө күрөшүү керектигин түшүнгөн. Ошол коррупцияга шарт түзгөн жолдорду, мүмкүнчүлүктөрдү жойгон. Ал негизинен ачыктык аркылуу ишке ашкан. Ошондо гана коррупцияга каршы күрөш натыйжалуу болгон. Азыр эми "кускандар" арасында адилеттүү айып тарткандары деле бар. Мисалы, Райымбек Матраимовдун камалышын ким туура эмес деп айтат? Баары эле туура дешет. Бирок ушул "кустуруу" деген тегирменге андай күнөөсү жок адамдар деле чайналып кетип жатат да".
Дагы караңыз Жемкорлукка каршы күрөш: УКМКнын жообу жана убадасыБылтыр ноябрда Садыр Жапаров өлдө коррупция 90% жоюлуп, жемкорлуктан түшкөн каражат менен бюджет көбөйүп жатканын билдирген. Бирок жемкордуктун деңгээли кандай, кантип аныкталганын тактаган эмес.
Transparency International эл аралык уюму коррупциянын деңгээли тууралуу жаңы баяндамасында Кыргызстан бир баскыч артка кетип, 100 баллдан 26 упай алган жана 180 өлкөнүн ичинен 141-орунга илинген. Анда көңүл буруш керек деген өлкөлөрдүн катарына кошулган. Аталган уюм докладында муну Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамга алымча-кошумчалар киргизилгени менен негиздеген.