Миталип Мамытов: Ой кирдегенде мээ ууланат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Азаттыктын” “Сыябан-маегинин” кезектеги коногу - медицина илимдеринин доктору, академик, Кыргыз Республикасынын баатыры Миталип Мамытов. Советтик жана кыргызстандык белгилүү нейрохирург кыргыз медицинасындагы реформалар, Орусия менен Украинанын согушунун тармакка таасири, ден соолуктун кадыры, мээге жасаган жүздөгөн операциялардан кийинки өкүтү, кубанычтары тууралуу ойлору менен бөлүштү.