Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “коррупцияга” шектелип кармалган соң башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан убактылуу алынышы талкууга жем таштады.
Бул арада президенттин башкы прокурор боюнча чечимин "мыйзамсыз аракет" деген сындар айтылды. Садыр Жапаровго жакын делген жетекчилердин кызматтан убактылуу кетишин "бийликтин ичиндеги тиреш" катары сыпаттагандар да болду.
Президент Садыр Жапаров “Коррупцияга” шектелип кармалган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен ага кылмыш ишин козгогон башкы прокурор Курманкул Зулушевди 4-июнда тергөө аяктаганга чейин кызматтан четтетти. Мында "алардын ортосунда түзүлгөн жеке мамилелери эске алынган".
Мамлекет башчысы андан мурда Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалышы боюнча "Азаттыкка" пикирин билдирип жатып, "башкы прокурор Курманкул Зулушев экөө өчөшүп калышы мүмкүн деген сөз бар экенин" айткан.
Курманкул Зулушев президенттин аны кызматтан убактылуу четтеткен буйругу "талкууга жатпасын" Фейсбукка жазды.
"Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин кабыл алган буйругу талкууга жатпайт. Анткени өлкө башчысынын ар бир кабыл алган чечими аткарылууга тийиш".
Октябрь райондук соту 4-июнда Алымкадыр Бейшеналиевди бир айга камакка алды. Кызматтан убактылуу кеткен министр Бейшеналиев башкы прокурор артынан түшүп алганын айтты.
“Улуттук госпиталдын Травматология бөлүмүн оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн компания аягына чейин бүткөн эмес. Алар мени күнөөлөп чыгышкан. Президенттин катышуусунда ремонт 30-40% гана аткарылганын далилдегем. Калган ремонтту менин балдарым бүткөргөн. Зулушев ошондо мени камайм деп коркуткан”,-деди министр бөгөт чарасы каралып жаткан учурда.
Баш прокурор Курманкул Зулушев буга чейин Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып, министрге карата чара көрүлүп жатканын, кызматтык этиканы бузганы үчүн Министрлер кабинетине эки сунуш берилгенин билдирген.
Дагы караңыз Зулушев vs Бейшеналиев: Кадрдык жүрүшкө себеп болгон эрегиш"Командадагы тоготпостук мамиле ушуга алып келди"
Зулушев менен Бейшеналиев 2020-жылы октябрдагы бийлик алмашуудан кийин Садыр Жапаров менен чогуу бийликке келген жакын адамы катары белгилүү.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, учурда бийликтеги саясий топтун мурдагы үзөңгүлөшү саналган Жылдызкан Жолдошева акыркы окуяларга президенттин командасындагылардын "бири-бирин тоготпогон мамилеси себеп болду" дейт.
“Бизде президенттер бийликке командасы менен келип, анан ыркы кеткен учурлар көп. Аскар Акаевдин тушунда командасындагы эң жакын досу Мисир Ашыркуловду кызматтан кетиришкен. Бакиевди кызматка алып келген радикалдуу оппозиция өздөрү кайра каршы чыгып, төңкөрүшкө алып келген. Атамбаевди бийликке алып келген Убактылуу өкмөттүн ынтымагы кеткен. "Эки дос" деген Жээнбеков менен Атамбаев эмне болду? Азыр болсо Садыр Жапаровдун командасында тирешүү эмес, бири-бирин тоготпогон мамиле болуп калды. Анын үстүнө саясий күчтөрдүн, саясатчылардын тиреши Жогорку Кеңештин трибунасынан ачыкка чыкты. Бул жакшылыкка алып келбейт. Тилекке каршы, Кыргызстанда саясий күчтөрдү бир муштумга, биримдикке алып келгенге бир дагы президенттин күчү жетпеди”.
Дагы караңыз Зулушев Жапаровдун буйругу “талкууга жатпайт” деп билдирди
Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнь күнү түшкө чейин Садыр Жапаров менен жүргөнүн президенттин расмий сайты жарыялаган. Ошол күнү түштөн кийин эле анын кармалганы белгилүү болду.
Бир күн мурун, 1-июнда Ысык-Көлдө жайгашкан "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексинин ачылышында президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев чогуу болгон.
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова эки жетекчинин ортосундагы окуя тиреш эмес дейт.
“Президенттин башкы прокурорду кызматтан убактылуу четтетиши мыйзамсыз. Ал эми укуктук эмес жагын айта турган болсок, башкы прокурор министрди камаарда президент менен макулдашыш керек эле деп жатышат да. Мүмкүн Курманкул Зулушев ээнбаштык кылып коюшу мүмкүн. Мага ошондой таасир калтырды. Мен муну тиреш деп айтуудан алысмын. Зулушевдин тиреше турчу алы жок. Жогорку Кеңештин үчтөн бирин түзгөн депутаттары жок. Президент оңой эле кызматтан алып коёт”.
Дагы караңыз Бейшеналиевдин иши: башкы прокурор кызматтан убактылуу четтетилди
Президент текшерткен буга чейинки иш
Президент башкы көзөмөлдөөчү органдын ишин көзөмөлгө алган учур биринчи жолу эмес. Ушул жерден март айында прокуратура камап, кайра бошотулган Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалиловдун ишин мисал кылууга болот.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-апрелде Жогорку Кеңеште отчет берип жатып, кылмыш иш мыйзамдуу козголгонун, прокуратуранын беш башкармалыгынын башчысын Лейлекке жөнөтүп текшерткенин айтып, камалышын туура кадам деп баалаган.
Айыл өкмөттөрдүн кармалышы боюнча жергиликтүү тургундар бир канча жолу акция чыгып, башкы прокурордун үстүнөн арызданып президентке кайрылган.
12-апрелде Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов президенттин тапшырмасы менен Лейлек районуна барып эл менен жолугушкан. Эртеси абакта отурган мурдагы айыл өкмөт башчылары үй камагына чыккан.
Дагы караңыз Жаңы-Жердин тургундары прокуратурага каршы президентке даттанды
Кызматтан четтетүүнүн мыйзамдуулугу
Анткен менен президенттин башкы прокурорду кызматтан убактылуу четтетип, ал козгогон кылмыш иштер боюнча комиссия түзүүнүн мыйзамдуулугу суроо жаратууда.
“Тандем” юристтер коомчулугунун жетекчиси Таттыбүбү Эргешбаева Башкы прокуратура көз каранды эмес мамлекеттик институт экенин, анын башчысын иштен убактылуу болсо да четтетүү үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек дейт.
“Президенттин прокуратура боюнча ченемдүү гана ыйгарым укуктары бар. Башкы прокуратура аткаруу бийлигине кирбейт. Ошондуктан мамлекет башчысы башкы прокурорго байланыштуу Жогорку Кеңеш менен гана макулдашып чечим чыгара алат. Өз чечими менен кызматтан убактылуу четтетүү мыйзамсыз. Экинчи маселе, министрге козголгон кылмыш иши боюнча комиссия түздү. Тергөө жүрүп жатканда эч ким комиссия түзүүгө укугу жок. Тергөөнүн документтерине эч кимге уруксат берилбейт. Президент тергөөгө кысым кылып жатат”.
Президент Садыр Жапаров 3-июнда саламаттык сактоо министрине Башкы прокуратура койгон айыптар боюнча комиссия түзгөнүн билдирген. Комиссияга кимдер киргени, канча убакыт иш алып барары азырынча белгисиз.
Дагы караңыз Cадыр Жапаров: Министр Бейшеналиев боюнча комиссия түздүмБирок мурдагы премьер-министр Феликс Кулов дагы президенттин башкы прокурорду кызматтан убактылуу четтетишинде мыйзам бузулат деген пикирди четке какты.
“Эгер биз Баш мыйзамды карай турган болсок, баш прокурорду Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт жана бошотот деп турат. Эгер убактылуу четтетүү болсо, Баш мыйзам тыюу салбайт. Демек, убактылуу четтете алабы деген суроо туулат? “Кызыкчылыктар кагылышы” деген мыйзам бар. Анын 17-беренесинин 7-пунктунда мындай учурда убактылуу кызматтан четтетүү керек экени жазылган. Бул жерде көп баш катырып кереги жок. Кызыкчылыктар кагылышы пайда болдубу, чечим кабыл алыш керек”.
Ошондой эле Кулов башкы прокурор кызматынын узак убакыт четтетилип турбашы керектигин, комиссиянын жыйынтыгына карап анын кызматтык тагдыры бир айда чечилиши керек дейт.
Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жалпы жети кылмыш ишин козгоду. Тагыраагы, бир кылмыш иши “коррупция” беренеси боюнча, эки иш “опузалап пара алуу”, төрт иш “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү” беренелери боюнча ачылган.
Кыргызстандын тарыхында башкы прокурорлор кылмыш иштери саясий тирешүүгө жетип кызматтан кеткен учурлар болгон.
2011-жылы башкы прокурор Кубатбек Байболов “Республика” жана “Ата-Журт” фракциялары менен болгон тирештен кийин кызматтан алынган.
2015-жылы башкы прокурор Аида Салянова "күйөөсү аралашты" делген көмүр чырынан кийин эмгек өргүүсүнө чыгып, кызматка кайтып келген эмес.
Андан кийинки башкы прокурор Индира Жолдубаева Жээнбеков-Атамбаев мамилесинин бузулушунан кийин кызматтан кетсе, анын ордуна келген Өткүрбек Жамшитов Октябрь окуясынан кийин отставкага кеткен.