Миңдеген гектар жерди чегиртке каптады

Чегиртке каптаган жерлерде бир чарчы километр аянтта алардын саны 40-80 миллионго чейин жетет. 40 миллион чегиртке 35 миң кишинин бир суткага жетчү тамак-ашын, 200 миң бодо малдын тоютун жок кылары эсептелген. 
 

Шаарбек Үмөткул уулу - Жайыл районунун чегиртке каптаган жерлерди дарылап жаткан адис.

Бул аймакта эгинге залал келтирүүчү чегирткенин "италиялык" жана "марокколук" деген кеңири жайылган эки түрү бар. Алар негизинен Фергана өрөөнү, Кыргызстандын Казакстан менен чектешкен аймактарында көп кездешет.

Чегиртке күнүнө 100 чакырымга чейинки аралыкты учуп өтө алат. 

Бир ургаачы чегиртке иштетилбеген талааларга 200гө жакын урук таштайт. Алардын ар бири 47 күндө 100-150гө чейин көбөйө алат.

Чегирткенин италиялык түрүнүн канаты кызыл, арткы буттары кыска жана жоон болот. Ургаачысынын узундугу 20-41 миллиметр, эркеги 14-28 миллиметр.

Казакстан менен чектешкен бул аймакка Айыл чарба министрлигинин химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинен атайын техника тартылып, чегиртке каптаган талаага дары чачылып жатат. 

"Акыркы жылдары глобалдык климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу, күн катуу ысып, мөңгүлөр эрип, чегиртке мурда болбогон жерлерди да каптап жатат. Мурун чегиртке деңиз деңгээлинен 1200 метр бийиктеги жерлерде гана кездешсе, акыркы жылдары 1600 метр бийиктикте да пайда болуп, айыл чарабага чоң зыян келтирүүдө", - деди айыл-чарба министринин орун басары Азамат Мукашев. 

Чегирткенин уругу да, өзү да дан эгиндерине, буурчак өсүмдүктөрүнө, кант кызылчасына, күн карама, гречка, пахтанын, зыгырдын, жашылча-жемиштин бардык түрүнө зыян келтирет. 

Чегиртке каптаган эгин талаасы.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) Жапония менен биргеликте Борбор Азия өлкөлөрүндөгү чегиртке каптоонун алдын алууга жети миллион доллар бөлгөн. Бул гранттын негизинде Айыл чарба министрлигинин Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти атайын каражаттар, техникалар жана коргонуучу кийимдер менен камсыз болгон.  

Быйыл Кыргызстанда тогуз миңден ашуун гектар жерди чегиртке каптаган. Азыр 47 миң гектар жерге атайын каражат жана техниканын жардамы менен дары чачылып жатат. Сүрөт баянда Чүй облусунун жайыттарындагы иштин жүрүшү баяндалат.