Миң-Куштун тургундары жети компанияга нааразы

Миң-Куш-Чаек унаа жолуна төгүлгөн шагыл.

Көмүр казган ишканалардын ишмердигине нааразы болгон жергиликтүүлөр Миң-Куш-Чаек унаа жолуна шагыл төгүп, эки күн бою жаап турушту.

Акция тиешелүү бийлик өкүлдөрү келип, убада бергенден кийин аяктап, чогулгандар тарап кетти. Жол буулган учурда элүүдөй автоунаа токтотулган.

Учурда Миң-Кушта көмүр иштетүүчү жети ишкана бар. Жашоочулар аларды экологияга олуттуу зыян келтирип жатат деп айыпташууда. "Ишканалардын саркындысы айылдыктар ичкен таза сууга кошулуп, көмүр кенинен чыккан жагымсыз жыт Миң-Кушка тарап жатат" дешти чогулгандар.

- Биздин айылдын ички жолдорунан оор жүк ташыган автоунаалар ири өлчөмдө көмүр жүктөп өтөт. Аябай кооптуу, жолдорубузду талкалап салышты. Мындан тышкары көмүр казган компанияларга канчалаган текшерүү келет, бирок жыйынтык жок. Жол оңдолбой эле турат. Жергиликтүү элге арзан көмүр берилген эмес жана ишканалар социалдык пакеттерди аткарбай жатат. Бизге ден соолук жана тынчтык керек. Бийлик буларды көзөмөлдөбөгөнү үчүн эл жолду бууду, - деди акцияга катышкан Эдил Бакиев.

Жол тоскондор

Миңкуштуктар доомат коюп жаткан ишканалардын бири - "Бусурманкул Т" көмүр өндүрүү ишканасы. Анын аймак башчысы Максат Жайчыбеков ишкана экологиялык талаптардын бардыгын мыйзам чегинде аткарып жатканын айтты:

- Мына азыр комиссия келди, көрүшсүн. Лицензия аларда баарын текшерет, экологиялык паспорт болбосо уруксат берилбейт. Биз мунун баарын аткардык. Азыр текшеришсин. Жыйынтыгы менен бардыгы белгилүү болот.

"Талаптар аткарылбаса жол тосо беребиз"

Жол тоскондордун талабын 6-декабрда Жумгал районунун акими менен Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин адистери айылдын мектебине чогулуп угушту.

Айылдыктар жыйында көмүр ишканаларын Миң-Куштан кетирүү, иштебеген кендердин лицензияларын башкаларга берүү, жолдорду оңдоо, көмүр ташуучу транспорт каражаттарынын айыл аралап өтүшүнө тыюу салуу өңдүү талаптарды да коюшту.

Жыйынтыгында жергиликтүү тургундар менен биргелешкен комиссия түзүлүп, көмүр иштеткен компаниялар айлана-чөйрөгө канчалык зыян келтирип жатканы атайын аппараттардын жардамы менен текшерилмей болду.

Миң-Куш

Бишкек жана Чүй аймактык экологиялык мониторинг бөлүмүнүн адиси Туратбек Садырбеков көмүр чыккан жердеги абаны атайын аппарат менен сордурулуп, лабораториядан текшерилерин билдирди:

- Жыйынтыгы үч күндөн бир жумага чейин чыгып калат. Азыр атайын аппарат менен абаны сордуруп атам. Бул жерден эле текшерип койгонго болбойт.

Ушундай убадалардан кийин нааразы тарап жол тосуу акциясын токтотуп, жол боюна тигилген боз үйдү чечип, тарап кетишти. Акцияны милиция көзөмөлгө алды. Кыргызстандын мыйзамдары жолду бууган акцияларына тыюу салынат.

Миң-Кушта көмүр өндүргөн жоопкерчилиги чектелген жети коом иш алып барат. Алар өндүргөн көмүрдүн басымдуу бөлүгү Бишкек шаарындагы жылуулук борборуна ташылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.