350 миң долларын алдатып, 4 жылдан бери сотто жүргөн инвестор Ким Чул Ёң
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстанга келген инвесторлор дайыма эле мамлекеттик органдар тарабынан корголо бербейт. Ошондой тагдырды Кореядан келген Ким Чул Ёң аттуу ишкер баштан кечирип жаткан чагы. Ал алдатып жиберген акчасын кайтарып алуу максатында 2018-жылдан бери сот жана укук коргоо органдарынан акыйкаттык издеп келатат. 5-октябрда анын арызынын негизинде кылмыш иши Чүй облустук сотунда каралды.