Милянфан: пандемияга бир жыл

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чүй облусуна караштуу Милянфан айылында 6 миңге жакын киши жашайт. Алардын басымдуу бөлүгүн дунган улутундагы жарандар түзөт. Коронавирус күчөгөн 2020-жылдын жай айларында айылда 100гө жакын адам каза болгон. Ал учурда тез арада ыктыярчылар тобу түзүлүп, күндүзгү стационарлар иштей баштаган. Бир күндө бир нече өлүм болгон күндөрү айылда көр казганга киши чыкпай калган учурлар да болгон. Бир жылдан кийинки Милянфандын жашоосу кандай? Пандемия айыл элинин турмушун кантип өзгөрттү?