Миграция: Түркиядагы аялдардын түйшүгү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Түркияда болгон зилзалада кыргызстандык келин каза болгондон кийин ал жактагы мигранттардын коопсуздугу кайрадан козголду. Расмий маалымат боюнча Түркияда иштеп, окуп жаткан кыргызстандыктардын саны 30 миңге жакын.
Бирок алардын саны андан эки эсе көп болушу мүмкүн экени айтылып келет Түркияда эмгектенген мигранттардын көпчүлүгү кыз-келиндер. Анкара университетинде докторантурада окуп, мигрант аялдар тууралуу диссертация жазып жаткан Айканыш Эшназарова "Азаттыкка" маек курду.