Түркия: мигрантты убайымга салган лира наркы

Түрк лирасы.

Түркияда жыл башынан бери лира арзандап жатат. Бул жагдай насыядан кутулуу үчүн келген кыргызстандыктарды убайымга салды.

Түркияда кыргыз мигранттардын дээрлик көбүнө айлыгы лира менен төлөнөт. Мисалы кары-картаңдарды же бала багып иштеген кыз-келиндердин маянасы 3000-3500 лира. Бул орточо эсеп менен учурда 360 долларга барабар.

Мигрант аялдардын көбү тапкан-ташыганын Кыргызстандагы насыясын жабууга жумшайт, балдарынын билим алуусуна же туугандарына жөнөткөндөр да бар.

Январь айынан тартып түрк лирасынын арзандап, доллардын 13% кымбаттаганы бул жакта жүргөн мекендештерди убайымга салды.

Дагы караңыз Түркия: илдет мекендештерди ишсиз калтырды

58 жаштагы Гүлжамал бир жылдан бери Түркиянын Анталия шаарында улгайган адамды багат. Ал кызы сатып алган батиринин насыясын төлөй албай калып, чет өлкөгө иш издеп кетүүгө аргасыз болгонун айтып отурду.

"2014-жылы ири өлчөмдө насыя алганбыз. Келишимди доллар менен түзүп, кийин жашоо-шарт начарлаганда төлөй албай калдык. Кызымдын насыясын төлөөгө өзүм башында жардам берип жүрдүм, бирок бара-бара акчабыз жетпей калды. Насыядан кутула албай турганыбызды билгенде Түркияга барып иштейм деп чечтим. Былтыр өзүбүз турган үйдү сатып, кызымдын насыясынан кутулдук. Эми мен да үйү жок калдым. Ушул жашымда үстүмдө үйүм жок, аргасыз чет өлкөдө иштегенге мажбурмун".

Стамбул шаарындагы кыргызстандыктар.

Белин бекем бууган Гүлжамал учурда Түркияда эң аз маяна төлөгөн жумушта иштейт. Ал ай сайын алган акчасын долларга которуп Кыргызстандагы кызына жөнөтөт.

"Балдарым Кыргызстанда "тынч жашап турсун", "кем-карчы болбосун, "эптеп бир үй алалы" деп Түркияда иштеп жүрөм. Үйлүү болсом дегенде эки көзүм төрт. Кыйналганыма кайыл болуп иштегенге мажбурмун. Эптеп иштеп кетсем экен деп ойлоп, далай уйкудан калам. Айла жоктон гана жүрүп атам" , - деди Гүлжамал.

Дагы караңыз Түркия: мыйзамсыз мигранттардын абалы оор

Түркияда расмий 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенет. Иш издеп келгендердин арасында мугалим, дарыгер жана инженерлик кесипти алып кеткендер да бар.

Уруят Ташматова Түркиядан тапкан-ташыганын Кыргызстандагы насыясын жабууга жумшаган кыргызстандык мигранттардын бири. Ал көп жылдан бери Анкара шаарында эмгектенет. Уруят өзүнө окшоп карыздын айынан четте жүргөн кыз-келиндердин абалына кейиди.

"Ири өлчөмдө насыя алып, ошону төлөш үчүн Түркияда иштеп жүргөн кыз-келиндер абдан көп. Мен өзүм дагы "үй алам" деп насыя алгам. Буюрса май айынын этегинде төлөп бүтөм. Кыргызстандыктар эле насыя алып жашап калды дегенибиз менен, Түркияда деле эл насыя менен жашайт экен. Бирок түрк банктары үстөк пайызды көп койбойт. Мыйзамдын негизинде коммерциялык банктар, мамлекеттик банктар ыңгайлуу насыя бергенин көрдүм. Кыргызстанда болсо коммерциялык банктар деле үстөк пайызы аз насыя берсе болмок".

Уруят Ташматова.

Уруят насыя маселесинде кыргызстандык мигранттардын финансылык сабаттуулугу өтө төмөн экенине кейиди.

"Күнөө элибизде да болуп жатат. Насыя алгандан кийин белгилүү бир максатка жумшабай, чаржайыт колдонулуп жатат. Акчанын көбү той-топур, катышка кетет. Анан төлөй албай, там-ташынан айрылгандан кийин баары кеч болуп калат. Финансылык сабаттуулук өтө начар. Ушул теманы түшүндүрүп, элге ачык-айкын жетсе, балким жашообуз жеңил болор эле".

Түркиядагы мекендештеринин акчасын Кыргызстанга которуу иштери менен алектенген Нурбек Табышев пандемияда үйүнө акча жөнөткөндөр кыйла азайганын айтып берди.

"Мекендештер арасында "чукул акча салыш керек" деп келгендер көп. Насыясынын күнү өтүп кеткенде келгендер болот. Карызга акча сурап, айлыгы тийгенде алып келгендер бар. "Насыя бергендердин кокологонунан тажадык" дегендер андан көп. Эми пандемияда биздин Анкарадагы кеңсебизге келбей эле, Кыргызстанга акча салган ыңгайлуу болуп баратат. Анткени иш берүүчүлөр карантиндик чектөөлөрдөн улам мигранттарды көчөгө чыгаргысы келбейт окшойт. Мындан улам банк эсебинен бизге салса, биз Кыргызстандагы туугандарына жөнөтүп жатабыз", - дейт жеке ишкер.

Стамбул шаары.

Ал арада акыркы жылдары Түркиядан кыймылсыз мүлк алган кыргызстандык мигранттардын саны да өскөнү байкалат.

Көп жылдардан бери Италияда иштеп жүргөн Асел быйыл Стамбулдан батир сатып алган. Ал чогулткан каражаты өзү каалаган батирге жетпегендиктен, Италиядан насыя алган.

"Менин Италияда туруктуу жашоого уруксатым бар болгондуктан, кадимки жергиликтүүлөрдөй эле банктан насыя ала алам. Жадагалса мыйзамдарга ылайык ал жактан батир да сатып алсам болот. Бирок анын документке байланыштуу иштери бир аз оор болгондуктан, Түркиянын Стамбул шаарынан чакан батир алдым. Чогулткан акчам жетпей Италиядан 6000 евро насыя алдым. Аны буюрса эки жылда үстүнө 945 евро кошуп, төлөп бүтөм. Эмдиги жылы толугу менен насыядан кутулам", - деди Асел.

Дагы караңыз Кыргыз кыз-келиндери: Түркиядагы түркүн тагдырлар

Түрк мыйзамдарына ылайык, бул өлкөдө эмгек визасы менен туруктуу бир жерде иштеген чет өлкөлүктөр насыя алганга укуктуу. Бирок Түркияда саналуу гана коммерциялык банк чет өлкөлүк мигранттарга насыя берет.

Кыргызстандын Улуттук Банкынын маалыматына караганда, 2020-жылы чет жактагы мигранттардан 2 миллиард 377 миллион доллар келген. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 30 миллион долларга аз.

Экономика министрлиги менен Дүйнөлүк банк буга чейин мигранттардын акча которуулары 20-28% чейин азаярын эсептешкен.