"Мета ааламда" кантип өмүр сүрөбүз?

Нурсултан Турдалиев жана Калыгул Жунушбеков.

Былтыр "Фейсбук" компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг "Мета аалам" түзөрүн билдирип, өзүнүн компаниясынын аталышын "Мета" деп өзгөрттү. Андан сырткары, Disney жана Аррle өздөрүнүн мета ааламдарынын үстүнөн иштеп жатканы белгилүү болду.

Кадимки жашоодон айырмаланбаган виртуалдык жашоо тууралуу ойлор бир кезде фантастиканын деңгээлинде болсо, жыл өткөн сайын бул турмуштук зарылдыкка айланып бараткансыйт. "Мета аалам" деген эмне? Ага адамдар кантип кирет? Анын пайдасы жана зыяны кандай? "Мета аалам" же виртуалдык жашоо дүйнөнү канчалык өзгөртүшү мүмкүн?

"Арай көз чарай" талкуусунда Германияда жашаган журтташтарыбыз, SAP компаниясында бизнес оператор болуп эмгектенген Калыгул Жунушбеков жана программист Нурсултан Турдалиев менен бул суроолорго жооп тапканга алдыда аракет кылдык.

- Саламатсыңарбы. Алгачкы эле суроом, "Мета аалам" деген бул эмне?

Нурсултан Турдалиев: "Мета аалам" – биринчиден, бул интернеттин жаңы версиясы, жаңы муундагы интернет деп айтылып жүрөт. Экинчиден, бул виртуалдык дүйнө, мындайча айтканда, келечектеги технологиялар менен адамдардын баарын бириктирген бир чөйрө катары эсептелип келет. Азырынча биз интернетти сырттан карап тургандайбыз, тактап айтканда анын ичинде эмеспиз. Азыр социалдык тармактарга киргенде биз экрандан карап турабыз, туурабы? Бирөөлөр жазган ой-пикирлерди окуйбуз, видеолорду көрөбүз. Ал эми "Мета аалам" интернеттин ичине киргендей сезим тартуулайт. Адам виртуалдык дүйнөдө кадимкидей басып, иштеп, ойноп, секирип жүрө берет. Атүгүл үй куруп, каржы операцияларын жүргүзүп, машине да айдай алат. Негизги айырмасы ошол.

- Калыгул, жакында эле Фейсбуктагы баракчаңа ушул "Мета аалам" тууралуу пост жазып, ал ааламга кирчү өзүңдүн көчүрмөңдү же аватарыңды жасап жайгаштырдың. Ал "Мета ааламга" мен кантип кирем, аватарды кантип жасайм, ушул процессти түшүндүрө кетесиңби?

Калыгул Жунушбеков: Фейсбук атын өзгөртүшү менен, "Мета аалам" деген нерсеге кызыгуу көбүрөөк боло баштады. Бир катар ири компаниялар виртуалдык дүйнөгө көбүрөөк инвестиция жасай баштады. Биринчи жолу мындай "аалам" тууралуу 1994-жылы "Кардын жаашы" деген романда биринчи жолу айтылган. Андан кийин бул процессти пандемия тездетти десек болот. Азырынча чыныгы "Мета аалам" эч жерде пайда боло элек. Бирок компаниялар өз платформаларын кура баштады десек болот. Ошондой эле "Мета ааламдын" ичинде адамдын көчүрмөсү болот. Бирок аны аватар эмес, "мета адам" же болбосо "meta human" деп коёт. Келечекте ар бирибиздин ал виртуалдык дүйнөдө мета адамыбыз болот. Азыр Unreal Engine деген компания "meta human" адамдарды жасай баштады. Анын сайтына кирип, каш-кирпигиңе чейин өзүңдүкүндөй кылып, прототибиңди жасай аласың. Бул мен үчүн да ачылыш болду.

- Мен түшүнгөндөн ал үчүн атайын көз айнек сыяктуу аппарат кийип, анан ошол "Мета ааламга" кирсе болот, туурабы?

Калыгул Жунушбеков: Ошондой эле. Мисалы, Фейсбук ошондой VR көз айнектерди чыгарган Oculus деген компанияны сатып алды. Анткени азырынча, "Мета ааламга" ошондой аппарат менен кире аласың. Башка компаниялар да өздөрүнүн VR көз айнектерин чыгара баштады. "Мета ааламга" киргенде ал жактан кадимкидей жыттарды сезесиң, кадимкидей кол менен тийгенде сезүү органдары иштей баштайт, айтор чыныгы жашоого окшоштурганга аракет кылып жатышат.

- Нурсултан, эмне себептен азыр ири компаниялар биринин артынан бири мына ушундай виртуалдык долбоорлорду түзөрүн жарыялай баштады?

Нурсултан Турдалиев: Менимче, азыр "Мета аалам" бир аз "хайп" болуп турган учур. Мисалы, интернет, социалдык тармактар жаңы пайда болгондо да аябай "хайп" болгон да. Азыр эч ким бул компаниянын "Мета ааламы" мыкты болот деп айта албайт. Ошондуктан, компаниялар азыр кызыкдар, баары жаңы нерсе пайда болгондо ошол жакта биринчи болгонго аракет кылат эмеспи.

Калыгул Жунушбеков: Эмне үчүн компаниялар бул жаатта жарышка түшө баштады? Себеби, аналитиктердин айтуусунда, ал жакта триллион долларлык базар жатат. Алар биринчилерден болуп кирип, өз үлүшүн алганга аракет кылышууда. Фейсбук былтыр "Мета ааламга" 10 миллиард доллар инвестиция салды. Ошондой эле ар жыл сайын 5 миллиард доллардан инвестиция сала баштайбыз деп билдирди. Көп өтпөй Microsoft, Roblox, Falcon жана башка компаниялар да бул багытта аракетин күчөтүштү.

- Ушул жерден биз Америкадагы колдонуу технологияларын иликтөө ассоциациясынын вице-президенти Стиф Кенингтин дагы "мета аалам" тууралуу пикирин уга кетсек.

Стиф Кенинг: Азыр "Мета аалам" тууралуу абдан көп айтып жатышат, чындыгында бул жаңы тенденция жана ал жакынкы 20 жылда өнүгөт деп ойлойм. Биз 1990-жылдардын башында интернет тууралуу кандай сөз кылсак, азыр "Мета аалам" тууралуу ошентип эле айта баштадык. Эсиңерде болсо керек, бир кезде биз Интернетке туташуу үчүн кандай технолияларды колдончу элек, азыркыдай оңой болгон эмес. Онлайн баарлашуу дегенди элестете да алчу эмеспиз. Менимче, "Мета аалам" деле ушундай болот.

Талкуунун аудиоверсиясын бул жерден уга аласыз:

- Интернет технологиялары, социалдык тармактар биздин жашообузду 10 жыл мурункуга салыштырмалуу кыйла өзгөрттү. Калыгул, эми "Мета аалам" жакынкы жылдары пайда болсо, жашообуз дагы канчалык өзгөрүшү мүмкүн?

Калыгул Жунушбеков: Бир мисал берип кетейин, Трэвис Скотт деген рэпер ырчыны көбүнчөсү билсе керек. Ал концерт койгону жатканда, пандемия башталып кетти. Анан ал жаштар арасында азыр абдан популярдуу Fortnite платформасынын алкагында концерт берүүнү чечет. Ошол кезде ал оюндун 14 миллион эле колдонуучусу болгон. Бирок Трэвис Скоттун концертин көрүү үчүн 48 миллион киши катталат.

Элестетсеңиз, реалдуу жашоодо концертине көп болсо 10 миң киши бармак. Бул жерден 48 миллион адам көрүп, ырчы 20 миллион доллар тапты. Андан кийин бул Roblox деген платформа да ар кандай иш-чараларды, концерттерди дагы өткөрө баштады. "Мета аалам" пайда болсо биздин президент деле Кытайга атайын учак жалдап барбастан, VR очкини киет да кааласа дүйнөлүк экономикалык форумдарга, кааласа Жо Байден менен кеңсесинен чыкпай жолугуп, саламдашып, кандайдыр бир маселелерин талкуулап келсе болот. "Мета аалам" жашообузду жеңилдетет деген пикирдемин.

Нурсултан Турдалиев: Менимче "Мета аалам" азыр биз колдонуп жаткан социалдык тармактар сыяктуу эле платформа болуп калат деген ойдомун. Себеби, виртуалдык жашоого кирип кетип, чыныгы жашоону унутуп койбошубуз керек. Реалдуу жашоо виртуалдык ааламдан миң эсе кызык жана жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ошол үчүн, келечеги жакшы, колдонсо болот. Жаңы байланыш, жаңы сүйлөшүү жолдору пайда болот. Ошентсе дагы көпчүлүк үчүн кайра эле чыныгы жашоо баалуу деген ойдомун.

- Азыр эле социалдык тармактар биздин менталдык же психикалык саламаттыгыбызга терс таасирин тийгизип жатканы тууралуу көп айтыла баштабадыбы, ал эми "Мета ааламга" кирсек, чыныгы жашоо менен виртуалдык жашоону айырмалай албай калышыбыз ыктымалбы?

Нурсултан Турдалиев: Мисалы, 20 жыл мурда болгон оюндар менен азыркы оюндардын айырмасын карасаң өтө эле чоң. Азыркы оюндар ушунчалык өнүккөн, ушунчалык реалдуу көрүнөт. Балким келечекте, виртуалдык жашоону чыныгы жашоодон айырмалай албай калышыбыз мүмкүн. Бирок, азыркы учурда ага биздин мүмкүнчүлүктөр жетпейт. Терс таасири албетте болот. Элестеткиле, адам эч жакка чыкпай, VR көз айнекти тагып алып үйдөн чыкпай отура берсе, оорукчан болуп калышы мүмкүн да. Биз ар дайым кыймылда болушубуз керек.

Калыгул Жунушбеков: Негизинен "Мета ааламда" керек болсо космоско учуп барып келгенге шарт түзүлөт. Азыркыдай телефон аркылуу сүйлөшүп отурбай, Нурсултан байке экөөбүз VR аппаратты тагынмакпыз да алеки саатта "Азаттыктын" кеңсесине барып, талкууга катышмакпыз. Ушул жактары пайдалуу десек болот. Технология өнүккөн сайын биздин акчабызды, убактыбызды уурдап жатат. Ар кандай жаңы оорулар пайда болууда. Кээ бир адамдар интернеттен, телефондон алыстап, атайын детокс кылып жатат. Технологиялар өнүккөн сайын өзүн жалгыз сезген адамдардын саны көбөйдү. Кийин "Мета ааламга" сүңгүп кеткендер көбөйсө чыныгы жашоодо эч ким менен бири-бири менен сүйлөшпөй калышы мүмкүн. Жалгыздык да саламаттыкка терс таасирин тийгизет.