Музыканы онлайн окутууга ата-энелер каршы

Комуз черткен балдар.

Жаңы окуу жылында балдардын аралыктан билим алуусуна айрым ата-энелер каршы болуп жатышат.

2020-жылдын март айынан тартып Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жалпы билим берүү тармагы дистанттык окутууга өткөн.

2020- жылы 1-сентябрда 1-класска бара турган 156 миң окуучуга менчиктин түрүнө карабастан, мектептердин эшиги ачыла турган болду. Ал эми калган класстардын бардыгы онлайн режимде окутулат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн жыйынында билдирди:

«1-класстын 156 миң окуучусуна мектептердин эшиги 100% ачылат. Баланын социалдык адаптациясы, окуу көндүмдөрү, колдун моторикасы жашында калыптанганы абдан маанилүү. Ошол эле учурда экинчи жагынан эпидемиологиялык кырдаалдын шарттары эске алынып, окутуунун алгоритмдери толук жана так иштелип чыксын».

Бул чечимге бир топ ата-энелер каршы пикирлерин социалдык тармакка жазып чыгышты. Алар билим берүү мекемелеринин баарын бир кылка кароого болбой турганын, айрымдарынын өзгөчөлүктөрү балдардын окуу жайына барып билим алышын талап кыларын эске салып жатышат.

Айрыкча музыкалык окуу жайларында окуган балдардын ата-энелеринин арасынан үйдө окутуу кыйын болорун айткандар да чыкты.

«Билим берүү министрлиги жалпы билим берүүчү мектептерден башка мектептер жок деп чечтиби? Музыкалык мектептер жөнүндө кандай чечим чыгышы мүмкүн? Музыкалык мектептерде аралыктан окуу мүмкүн эмес. Музыкалык мектепте окуган балдарга аралыктан кантип билим берүүгө болот?», - деген пикирин жазды жарандык активист Умай Арыкова «Фейсбук» баракчасына.

Анын кайрылуусуна балдары музыкалык мектепке, комуз, бий, вокал ийримдерине барган ата-энелер «сүрөт, бий өнөрлөрүнүн бардык түрлөрүн да алыстан окутууга мүмкүн эмес» деген пикирлерин бөлүшкөн.

Ал эми башталгыч мектептин мугалими Жибек Касыманкулова эне катары ийримдерди аралыктан окутууга каршы экенин айтып, себебин минтип түшүндүрдү:

«Жазында жалпы билим берүүчү мектептерде деле онлайн сабактан абдан кыйналдык. Мен өзүм башталгыч класстын мугалимимин. Кичинекей жеткинчектерге сабак өтүү оор болду. Айрымдарыбыз жаңы технологияны колдонгонду билбейбиз. Негизи эле кичинекей нерселер чоң көйгөйдү жаратат. Менин кызым Даяна эки жылдан бери "Шайыр балдар" клубундагы комуз жана сүрөт ийримине барат. Кызым мурдагы жылы комузду жакшы чертип, күүлөрдү үйрөнүп калган. Азыр артка кетти. Мен эне катары баламдын толук кандуу билим алышын каалайм. Аралыктан окутууга каршымын».

Ал эми Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп-интернаттын жетекчиси , КРнын Эмгек сиңирген артисти Исрадин Аманбаев бул тууралуу «Азаттыкка» төмөнкүдөй оюн билдирди:

«Азыр биз жаңы окуу жылына даярданып жатабыз. Биздин мектеп музыкалык кесиптик билим берүү менен жалпы билим берүү тармагын бирге окутат. Биз жалпы билим берүүнү аралыктан окутсак болот, бирок музыкалык билим берүү оор болот. Жаз айында аралыктан окуп көрдүк, бирок жыйынтык начар болду. 25-августта Маданият министрлиги менен бирге кесиптик сабактарга уруксат берүү боюнча кайрылууну туура көрдүк. Себеби, бул сабактар жекече өтүшү керек. Анткени балдар абдан эле артка кетип калды. Аралыктан окутууга азырынча даяр эмеспиз. Музыкалык мектепте окуган балдар күнүнө төрт-беш сааттан иштеп турушу керек. Анын үстүнө кээ бир балдардын үйүндө музыкалык аспап жок».

Дагы караңыз Музыка баланын мээсин өстүрөт

Бирок Маданият, маалымат жана туризм министринин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева азырынча бул маселе боюнча чечим кабыл алына элек экенин айтты:

«Көркөм окуу жайларында аралыктан окутуу эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин түзүлгөн. Бирок алар үчүн өзгөчө шарттар түзүлүшү мүмкүн. Музыкалык мектептерди онлайн билим берүүчү окуу жайларынын катарынан чыгарып салуу жөнүндө сунуш киргизилген, анткени класстар республикалык штабдын кароосуна өзүнчө өткөрүлөт. Азырынча чечим кабыл алына элек. 25-августка чейин баары түшүнүктүү болот. Бул маселени жалгыз биз чече албайт экенбиз, Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге сүйлөшүүлөр болуп жатат».

Эскерте кетсек, көркөм искусство мектептерин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги башкарат. Алардын карамагында жалпысынан 88 музыкалык мектеп, орто билим берген сегиз окуу жайы, эки жогорку окуу жайы бар. Жалпы билим берүүчү мектептердеги билим берүүнүн формасы эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот.

Жалпысынан, окутуунун үч варианты иштелип чыккан: салттуу, курама жана аралыктан окутуу. Ата-энелерге баланын билим берүү формасын тандоо укугу берилет, алар менен мектептин келишим түзүшү пландалууда. Жаңы окуу жылы 2020-жылы 1- сентябрда башталат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​