"Мектеп директорлорун сынак менен тандоодо тобокелчилик бар"

Догдуркүл Кендирбаева.

Билим берүү министрлиги быйыл Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү эки миңден ашык мектептин көпчүлүгүндө директорлорду сынак аркылуу кайра дайындаганы турат. Мындай дымактуу демилге коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. Министрлик жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмашарын билдирген.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева "Азаттыкка" курган маегинде конкурстук тандоо жаңылык экенин белгилеп, бирок айрым тобокелчиликтерди атады.

- Быйыл миңге жакын мектеп директору конкурстун негизинде 5 жылга дайындалганы турат. Ага 7 жылдык стажысы бар бардык педагогдор катыша алышат экен. Бул кадамга сиз кандай баа берип жатасыз?

-Директорлорду конкурс аркылуу дайындоо КМШ жана башка бир катар өлкөлөрдүн тажрыйбасында болуп жаткан жаңылык десек болот. Буга албетте, директорлордун ишмердигине коомчулуктун ишениминин жоктугу себеп болду. “Ичет-жейт, узак убакыт бир орунда отурат” деген кеп-сөз таасир этти. Мунун оң жагы да бар. Ошол эле учурда бул система эң ийгиликтүү болот деп да айта албайбыз. Анткени мунун далилденген, тастыкталган тажрыйбалары жок.

Мисалы, союз учурунда директор ишке кирерден мурда кесипти жогорулатуучу үч айлык курстан өткөн. Даярдык негизги баалуулук катары каралчу. Эстонияны деле карасаңар, директор болом деген команданы бир жыл бою окутуп, практикалык тажрыйбалардан өткөрөт.

Албетте, санариптик тест деген абдан жакшы ыкма. Мугалимдин жөндөмдөрүн аныкташы мүмкүн, hard skills деп коет. Анда диплому, мыйзамдарды, белгиленген тиешелүү документтерди билгендиги, тажрыйбасы артыкчылыкка ээ. Ошол эле учурда soft skills деп аталат. Бул директордун бүгүнкү күндүн талабына ылайык актуалдуу жөндөмдөрүн, мисалы, лидерлик мүмкүнчүлүгүн, кырдаалдан чыгуу, жамаат менен иштөө өңдүү сапаттарын аныктоо боюнча тест кандай түзүлөрүн байкай албай турам.

Дагы караңыз Директор тандоо же көйгөйү көп билим берүү

-Сиз алгачкы тажрыйба деп атпайсызбы. Кандай тобокелчиликтер болушу мүмкүн?

-Сөзсүз тобокелчилик бар. Мен өз тажрыйбама таянып деле айта алам, кезегинде мектептин каржылык өз алдынчалыгын камсыз кылалы деп, бирок директорлор каржылык менежментти алып кете алган жок. Текшерүүдөн, үйрөнүүдөн, жоопкерчиликтен коркту.

Директордун өтө чоң фунционалдык милдеттери бар да. Мектеп бюджетин, окуу программаларын, окуучу менен мектептин байланышын, сабактын структураларын билиши, текшериши керек. Салттык сабак менен новатордук сабактын, салттык башкаруу менен новатордук башкаруунун айырмасын билиш керек. Көпчүлүк учурда кагаз жүзүндө жазылган идеалдуу ойлор турмушка келгенде ишке ашпай калышы мүмкүн. Анткени биздин коомдо көп түрдүүлүк бар. Анын бардыгы менен тил табышуу, жамаатты ынандыра билүү керек.

-Азыр эми жаңы эреже боюнча директор беш жылдык мөөнөткө гана дайындала турган болуп атат. Бул мектепте билим сапатын нукка салгыдай башкаруу үчүн директорго жетиштүү мөөнөтпү?

-Негизи билим берүү системасындагы ар бир өзгөрүүнүн жыйынтыгы орточо 20-25 жылда билинет. Мисалы, бала биринчи класстан баштап алган билимин турмушка пайдаланганга жеткенде билимди туура алганбы, ошол аныкталышы керек. Мектеп - тирүү организм, билим берүү – процесс. Менин оюмча, беш жылдан кийин да кайра калууга, конкурстук жол менен кайра өз ордун тастыктаганга мүмкүнчүлүк берүү керек. Себеби, директор ишинин жыйынтыгын көргөнгө жетишпей калат.

Бир эле реформаны ишке ашыруу үчүн эмне деген убакыттар кетүүдө. Тескерисинче, беш жылга жетпей эле ишинин жыйынтыгын көрсөтө албай кетип да калышы мүмкүн. Себеби, директор болуп иштеш чоң жоопкерчилик, ошол эле учурда чоң мүмкүнчүлүк болуп эсептелет. Ошондуктан мурда ийгиликтүү ишин көрсөткөн директорлорду да такыр жокко чыгарбай, алардын да эмгегин баалаш керек деп эсептейм.

Дагы караңыз Мектеп директорлору сынак менен тандалат

-Директорлорду жапырт конкурстук негизде алууга себепкер көптөгөн директорлордун 20-30 жылдап, “түшпөс хан” болуп келатканы деп түшүндүрүлүп жатпайбы. Алардын конкурска кайра катышуусуна чек жок экен. Ошондо моралдык жагы кандай болуп калат?

-Эгер ошол мектептин өнүгүү тарыхын карап, эгер директор ийгиликтерди жарата алса, аларга мүмкүнчүлүк берүү жагын, же болбосо алган баллдарындагы теңдештирүүчү коэффицентти эске алыш керек.

Кээ бир 40 жыл иштеп, эч өзгөрүү жасабагандарды жөн эле барагой деш керек. Чарчаган киши жаңылык бере албайт. Бирок жаңычыл, кырдаалдан чыгууда лидерлигин көрсөткөн, коммуникативдүү, стандартка сыйбаган чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү, туруктуу жыйынтык берип келаткан директорлордун кетишин мен каалабайм. Министрлик тест өткөргөңдө ошондой учурларды эске алат деп ойлойм. Анткени ар бир жасалган иш ийгиликке негизделет. Биз асфальтта жаңы нерсе кура албайбыз.

- Мектепте билим берүү чөйрөсүндөгү адистерди тынчсыздандырган дагы бир тобокелчилик – директор тандоодо коррупциянын аралашуусу. Албетте, уюштуруучулар адам фактору минималдашарын айтып жатышат. Сиз кандай деп ойлойсуз?

- Бул биринчи тажрыйба болуп жаткан үчүн мен эч нерсе деп айта албайм. Тест түрдүү вариантта даярдалып, суроолор тарап кетпеш үчүн ал жарандык пикири күчтүү адамдардын көзөмөлүндө болгону туура. Анткени директорлордун тилектештиги күчтүү.

Чындап келгенде бул процесс министрлик үчүн чоң жоопкерчилик, чоң жүк жана чоң сыноо. Балким, 30 жыл иштеген директорлорду кетирүү - биздеги биринчи чечкиндүү кадам. Башка өлкөлөрдө деле директорлорду минтип күчкө салып кетирүү жок экен. Анткени аларда директор коомдук чечимге же камкорчулар кеңешинин чечимине жараша иште калат же кетет экен. Албетте, аларда бир аз башкачараак: акчасын салышат, социалдык контракт түзүшөт, ата-энелердин, жергиликтүү бийликтин талаптары кайтарым байланыштарын күчтүү. Бала окутуу процессине катышуу, көзөмөл, көндүмдөр бар.

Бизде коомчулук билим берүү системасын баалоого катышууда “акча алат” деген бир тараптуу мамиле бар. Бул негизи инфраструктуралык гана маселелерден чыгууда - чечилбеген ремонт, коопсуздук, санитардык иштер. Бул директордун экинчи, керек болсо бешинчи функциясы болушу мүмкүн.

Эң башкысы мазмундук жетишкендиктерин баалоо жеткиликтүү болуш керек. Кийинки келген жаңы муундагы директорлорго “акча жыйнады” деген көп сөз кайрадан илешпеш үчүн мамлекет өз милдетиндеги каржылоону камсыз кылышы зарыл. Антпесе булар деле коомчулукка кайрылып мурункулардай жетпеген кемчиликтерди жыйноого аргасыз болот.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мектеп директорлоруна эмнеге сын көп?