Жеңишке 75 жыл: Жоокерлердин аты өчпөйт

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, медициналык кызматтын ага лейтенанты Рафа Айдарбекова. Ленинград фронту. 1942-жыл.

Акын жана Кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Алай-Куу өрөөнүндө жайгашкан Кызыл-Жар кыштагында туулган. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында армияга алынып, 1943–1945-жылдары Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөп, майданда эки жолу жарадар болгон. Ал 1945-жылы үйүнө кайткан. Акын 2016-жылы 91 жашында дүйнө салган. 

Сооронбай Жусуевдин майданда жүрүп жазган "Алдыга жүргүн кыргыздар!" деген ыры "Ала-Тоо" журналынын 1943-жылдагы 12-санына жарыяланган.

Шаабай Шатманов окууну аяктап, бир жыл мугалим болуп иштегенден кийин 1939-жылы аскерге чакырылат. Андан ары согуш башталып, жаштыгынын жети жылы согушта өткөн.​Согуш учурунда Түндүк Кавказда согушуп, Новороссийскини, Беларусту, Польшаны бошотууга катышып, Германияга чейин барган. 1946-жылы үйүнө кайткан.  Согуштагы эрдиги үчүн "Кызыл жылдыз", "Кызы Туу" ордени, Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени менен сыйланган. Согуштан кийин мугалим болуп иштеген, журналисттик кесипти аркалаган. 1987-жылы "Жоокердин жолу" деген китеби жарык көргөн.

Дилдебай Жапаров 1943-жылы 17 жашка толо элек курагында өзүнүн арызы менен Улуу Ата Мекендик согушка кеткен. Ошол жылы Алматыдагы аскердик машыгуудан өтүп, ноябрь айында фронтко жөнөтүлгөн. Дилденбай Жапаров  (ортодо) Логинов.А.Н, Ношкин.В.Д деген жолдоштору менен. 1-май, 1950-жыл.

Дилдебай Жапаров 316-аткычтар, 8-гвардиялык Панфилов дивизиясынын 94-артилериялык аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. Новосокольники, Латвия, Варшава, Франфурт, Дрезденди фашисттерден бошотууга катышкан. 

Евдокия Пасько 1919-жылы 30-декабрда Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Липенка айылында туулган. Ал 1941-жылы өз ыктыяры менен Кызыл Армияга жазылган. Энгельс шаарындагы авиациялык мектепте штурмандын окуусун окуп, душмандар “Түнкү жезкемпирлер” (“Ночные ведьмы”) деп атаган атактуу түнкү бомбалоочулардын 46-гвардиялык эскадрильясына кошулган. Евдокия Пасько 790 аскердик жана 10 атайын тапшырма менен аскердик учууларды аткарган. Душмандардын позицияларына 100 тонна бомба таштаган, алар күйүүчү май, аскердик курал-жарактарды сактаган кампаларды өрттөп, жардырган. Евдокиянын атына жалпысынан 157 жардыруу жана 109 өрт жазылган.

Евдокия Пасько Кавказда “Көгүш сызык” (“Голубая линия”деп аталган оор салгылашууларга, Севастополду бошотууда, Беларус, Польша жана Берлин операциясына катышкан. Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн 1944-жылы Советтер Союзунун Баатыры наамын алган. Андан тышкары Ленин, Кызыл Туу, эки жолу Кызыл Жылдыз жана эки жолу Улуу Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы орденине татыктуу болгон.

Эсенгул Асымов (оңдо) 1920-жылы Тоң районунун Кызыл-Туу айылында төрөлгөн. 1941-жылы Чүй облусунун Кара-Дөбө айылында орто мектепте мугалим, 1942-жылы Кочкор районунда райкомдо инструктор болуп иштеп, 1943-жылы согушка кеткен. Улуу Ата Мекендик согушта 1-Украин фронтунда саясий жетекчи болуп, Киевди бошотууга катышкан. 1944-жылы оор жараат кылып үйүнө кайткан. Согуш ардагери быйыл 100 жашка чыкты. 

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Дыйкан Баймамбетов 1920-жылы 12-декабрда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кажы-Сай айылында туулган. Ал кан майданда 1941-45-жылдары болгон. 1-Прибалтика фронтунда, 7-аткычтар ротасынын 142-аткычтар полкунда байланышчы, бөлүктүн командири болуп кызмат өтөгөн.

Кенже сержант, Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов согуш жылдарында. Курск шаары. 1944-жыл 

Маткерим Рахманбердиев 1915-жылы 20-апрелде Талас облусунун Манас районуна караштуу Ак-Таш айылында туулган. Экинчи Дүйнөлүк согуш башталган биринчи күндөн тарта анын акырына чейин фашисттик баскынчылар менен салгылашкан. Майданда Берлинге чейин барып, мекенине 1946-жылы кайтып келген. Ал 1995-жылы 80 жаш курагында каза болгон. Маткерим Рахманбердиев согушта чалгынчы-фотограф болгон деген маалымат бар. Анын архивине таандык сүрөттөрдү бул жерден көрө аласыз. 

 Маткерим Рахманбердиев 1943-жылы 5-апрелде Орел, 1943-жылы 25-сентябрда Смоленск (Орусия), 1944-жылы 24-июлда Витебск (Беларус), 1944-жылы 8-октябрда Шаулей (Литва) шаарларын, 1944-жылы 23-октябрда Чыгыш Пруссияны, 1945-жылы 9-апрелде Кёнигсберг калаасын бошоткондугу үчүн бир катар орден-медалдар менен сыйланган. Согуштан кийин да бир катар сыйлыктарды алган. Маселен, 1946-жылы 7-июлда Германияны бошоткондугу үчүн, 1985-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун экинчи даражадагы орденин алган. Бардыгы болуп 14 орден-медал менен сыйланган экен. ​

Сарман Курманалиев (оңдо) Экинчи Дүйнөлүк согушка, андан ары жапон согушуна катышкан. 1940-жылы 20 жашында аскерге чакырылган Курманалиев алты жыл дегенде Ата Журтуна кайтып келген. Ал Ата Мекендик согушта 50-артиллериялык полктун катарында кызмат кылган. Жапон согушунда Мудассан, Хардин, Дайрен, Порт Артур жана башка шаарларды бошотууга катышкан.

Моту Усупбеков (оңдо) 1926-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунун (мурдагы Киров району) Бакыян айылында туулган. 1944-жылдын 16 -ноябрында Улуу Ата Мекендик согушка аттанган. 1945-жылы кат менен кошо сүрөт келип, өзү дайынсыз кеткен. 

Мамбетказы Байбараков 1908-жылы Ысык-Көлдүн Түп районунда төрөлгөн. 1942-жылы Казарманда мугалим болуп эмгектенип жүргөн кезинде согушка чакыруу келип, майданга аттанат. 1944-жылы 22-июнда Беларустун аймагында согушуп жүргөн кезинде каза болгон. 

Василий Мандрыкин (оңдон биринчи)​ 1943-жылы 14 жашында согушка аттанган. Ал номер 32-Батыш ок атуу полкунда согушкан. Ал 1946-жылы үйүнө кайтып келген. ​
"Үй-бүлөдө үч бир тууган элек. Агам 1941-жылы согушка кеткен. Ошол бойдон кайткан жок. Үч жаштагы иним ооруп чарчап калды. Атамды 1942-жылы алып кетишти. Ал Украинада согушуп жатканда мина жарылып каза болуптур", - деп эскерет ардагер "Азаттыкка" 2019-жылы берген маегинде. 

Хатипа Сафина (оңдон биринчи) 15 жашында өз каалосу менен согушка аттанган. Ал номур 522978 темир жол аскердик бөлүгүндө кызмат кылган. 

Хатипа Сафина ​2019-жылы "Азаттыкка" берген маегинде согуш бүткөнүн төмөндөгүчө эскерет: "1945-жылкы 9-май күнү бүгүнкүдөй эсимде. Согуш бүткөнүн укканда сүйүнгөнүбүздөн ыйлап, ошол эле учурда бийлеп да жаттык".

Садыр Мамбеткожоев (солдо) Жеңишти Берлинде тоскон жоокерлердин бири. Он сегизге чыгып чыкпай согушка кеткендердин катарында Садыр Мамбеткожоев да бар. Ал 1943-жылы Кызыл армиянын катарына чакырылып, 1944-жылы Беларуста 3-армиянын 2-фронтунда согушка катышкан. Берлинге чейин жетип, 1946-жылы үйүнө кайтып келген. 

Абдулхалик Гасин  1044-жылы 18 жаңы чыкканда согушка кетип, согуш бүткөн соң Ыраакы Чыгышта, 1946-жылдан баштап Хабаровскидеги штабда телеграфист болуп аскердик мөөнөтүн өтөгөн. Ал үйүнө 1951-жылдын жазында кайткан.

Сабар Жайылканов 19 жашында,1943-жылы согушка кетип, 1946-жылы согуштан аман-эсен үйүнө кайтып келген. 

81 жыл мурда советтик армиянын буйругу менен Ашир Рахматов 20 жашында согушка жөнөп, ошол жылдын август айында Эфан шаарын коргоого катышкан. Ашир Рахматов ал учурда аскердик кызматын өтөп жүргөн. Барган жылы эле бутунан жараат алат. Бир жылга чукул убакыттан кийин Урал шаарындагы 159-дивизиянын даярдоосунан өтүп кайра эле майданга аттанган. Сталинград, Астрахан шаарын бошотууга катышкан. 1944-жылы кармашууда экинчи ирээт жараат алып өз мекенине кайткан.

Дүйшөн Жамгырчиев (оңдо) ​Кара-Буура районундагы Шекер айылында төрөлгөн. 1939-жылы армияга, кийин согуш башталганда андан ары майданга кеткен. Ошону менен кабарсыз. Кара кагаз, кат кабар да келген эмес. Согушка чейин жети класстык билими жана айдоочулук күбөлүгү болгон. Үйлөнө элек кезинде согушка кеткен. 

Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата "Азаттык" согуш ардагерлеринин 1939-1950-жылдардагы сүрөттөрүн чогултту. Сүрөттөрдөгү жоокелердин катарында быйыл 100 жашка чыгып, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын тосуп жаткандар да бар.