2-августка караган түнү Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин ВКонтакте социалдык сайтындагы баракчасында саясатчы СССРдин чек араларын калыбына келтирүүгө убада кылган пост жарык көргөн.
Бир нече мүнөттөн кийин ал пост өчүрүлүп, экс-президенттин жардамчысы "анын баракчасы хакердик чабуулга туш болгонун" билдирди. Сөз болгон билдирүү өзгөчө Казакстандагы социалдык тармактарда активдүү талкууланып жатат. Медведев Казакстан тууралуу сөз кылып, кошуна өлкөнү "жасалма мамлекет" деп атаган.
Андан тышкары казак бийлигин "орустардын геноциди" үчүн айыптап, "тартып алынган жерлер" кайтарыларына сөз берген. Андай жерлер арасында Грузия дагы аталган. Посттун автору СССРдин ыдырашын "ката" деп атаган жана аны оңдоо керектигин айткан.
Биз казакстандык саясат таануучу Шалкар Нурсеитти сөзгө тартып, ал окуяны комментарийлеп берүүнү өтүндүк.
- Менимче, бул сөздөр Казакстандагы көп адамдарды таң калтырган жок. Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басарынын ВКонтакте социалдык түйүнүндөгү баракчасына жарыяланып, кийин тез эле өчүрүлө калганы таң калычтуу. Буга чейин канчалаган орусиялык депутат, пропагандачы Украинага согуш башталганда, ага чейин деле Казакстанга, КМШдагы башка өлкөлөргө байланыштуу ушундай пропагандалык билдирүүлөрдү таратып келген.
Бирок бул ирет кезинде премьер-министр, президент болгон жогорку жетекчинин баракчасына ушундай сөздөрдүн чыгышы, кийин жардамчысынын "хакердик чабуул болду" деген билдирүүсү бир топ суроолорду пайда кылат. Бул чындап эле техникалык мандем болдубу? Медведев жазып туруп өзү өчүрүп салдыбы? Бул экинчи кезектеги маселе. Ал жерде көңүл бурчу башка жагдай бар. Орусия Украинага каршы согуш баштагандан бери ички жана сырткы аудиторияга урушта жеңебиз, биздин таасир орбитабыздан чыгып кетүүгө талпынбагыла дегендей ишарат кылгылары келет. Бул саясий-технологиялык амалкөй ыкма да болушу мүмкүн.
Дагы караңыз Казакстан аскер күчүн чыңдоого кириштиМедведев катардагы орус жараны эмес. Ал саясий жогорку кызматкер. Чындап эле хакердик чабуул болсо, жок дегенде өзү билдирүү жасашы керек эле. Себеби, Казакстан, аты аталган башка өлкөлөр бул көз карандысыз мамлекеттер. Эгер Медведев ошол посттогу сөздөргө кошулбаган, колдобогон болсо, расмий билдирүү менен чыгышы керек эле.
Азыр технологиялар заманы, телефонуна, смартфонуна видео тартып, техникалык себеп болду, хакердик чабуулга кабылдык деп кечирим сураса жарашат эле. Бирок андай билдирүүнү көргөн жокпуз. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да билдирүү жасаган жок. Ошондуктан муну саясий-технологиялык тактика деп түшүнсө болот. Биринчиден Казакстан сыяктуу КМШнын калган өлкөлөрүнө саясий кысым көрсөтүү, Кремлдин каш кабагын байкап тургула деген эскертүүнү ишарат кылуу аракети болушу мүмкүн.
- Сөз болгон пост көп узабай өчүрүлгөнү менен анын скриншотун байма-бай бөлүшүп жатышат. Ошол сөздөр сырткы публикага багытталганбы же ички аудиоторияга таасир этүүнү көздөйбү?
- Менимче, бул биринчи кезекте ички окурмандарга багытталган пост. Анткени азыр Орусияда саясатчылар көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгусу келсе, Путиндин стратегиясын колдонууга тырышат. Тактап айтканда, Советтер Союзун калыбына келтирүү идеясын ураан катары колдонуп келатышат. Муну менен катар тыш жактардагы аудиторияны да көңүл сыртында калтыргысы жок. Расмий Астана билдирүү жасабаса да, канчалаган журналист, жарандык активист социалдык тармактарда нааразылыгын айтып жатышат.
Дагы караңыз Казакстандын Кремлди ызаланткан чечими- Ошол комментарийлерге токтоло кетсеңиз. Кандай реакция билдирип, эмне деп жазышууда?
- Менин байкаганыман социалдык түйүндөрдө, Фейсбук, Инстаграмда ал пост терс кабыл алынды. “Димон Медведев” деп аны тэг кылып, "Казакстан көз карандысыз мамлекет, “жасалма мамлекет” эмес деп" жазышууда. Азыр көңүл борборунда Арман Шораев деген активист жаздырган Медведевге каршы видео болууда.
Украинадагы согуш башталгандан бери казак коомчулугу биздин өлкөгө байланышкан мындай билдирүү, постторду өтө терс кабыл алат, бул абдан сезимтал маселе экенин көрүүдөбүз деп ойлойм. Менимче, орусиялык технологдор Казакстандагы ички маанайга байкоо салып жатат. Казакстандагы орус тилдүү, казак тилдүү аудитория кандай реакция билдирет деп тамырды тартып көрүү үчүн жасалган билдирүүлөр шекилдүү.