Сөз эркиндигин коргоого чакырган жүрүш

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте жарандык коом, журналисттер жана юристтер “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарына чабуулду айыптап, жүрүшкө чыгышты.

Алар бийликтен, укук коргоо органдарынан үч медианы жабуу талабы менен өткөн 13-октябрдагы акцияда айтылган коркутууларга чара көрүшүн талап кылды. Кыргызстанда сөз эркиндигине басым күчөп баратканы сынга кабылып, эркин медианы чектөөнүн кесепеттерин эске салышты.