Дем алыш күндөрү MBank электрондук капчык кызматынын тегерегинде маселе жаралып, жүздөгөн кишилер акчасы жоголгонун айтып чыкты. Көп өтпөй компания кардарлардын эсебиндеги акчанын дайынсыз болуп жатышын техникалык мүчүлүштүк деп атап, маселе жайгарылганын билдирди. Финансы адистери муну боло жүргөн техникалык маселе катары карап, өлкөдө жаңы технологиялар чоң секирик жасап жатканын белгилөөдө. Кыргызстанда соңку жылдары кеңири колдонула баштаган электрондук капчыктар канчалык ишенимдүү жана кандай иштеп жатат?
Эки күндөн бери социалдык тармактарда ондогон кардарлар MBank мобилдик тиркемесиндеги акча-тыйыны өзүнөн-өзү жок болуп кеткени тууралуу кабарларды жазып жатышат. Көпчүлүгү банктын дарегине кескин сындарды айтууда.
“Кыргызстан” коммерциялык банкы 14-январь күнү бул көйгөйдү техникалык өнөктөшү “КартСтандарт” процессинг борборунда жаралган кыйынчылыктардан улам жаралганын билдирди. “КартСтандарттын” өзү менен байланышуу азырынча мүмкүн боло элек. Борбор өзү дагы жаралган жагдай боюнча кандайдыр бир маалымат таркаткан жок.
Жаралган кырдаал боюнча "Кыргызстан" коммерциялык банкынын жетекчилиги же жооптуу адистери менен да байланышуу мүмкүн боло элек. Учурда банктын телефонунда мындай автоматтык билдирүү жазылган:
“Урматтуу кардар, учурда кээ бир кардарлар эсептин калдыктарын туура эмес көрсөтүүгө дуушар болушууда. Биз азыртан эле бул маселелерди чечүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Жакынкы келечекте эсептин калдыктарын туура көрсөтүү калыбына келтирилет. Түшүнүүңүзгө үмүттөнөбүз жана сабырдуулугуңуз үчүн рахмат!”.
Көп өтпөй банк кырдаалды жөнгө салганы, кардарлардын электрондук капчыгындагы эсептер калыбына келгени маалымдалды.
15-январда Улуттук банк MBank мобилдик тиркемесиндеги жаралган жагдайга көз салып турганын билдирди.
“Банк тарабынан сунушталган маалыматка ылайык, техникалык иш үзгүлтүгү техникалык өнөктөш тарабынан келип чыккан, натыйжада Банктын кардарларынын эсептериндеги акча каражаттары туура эмес берилген. Улуттук банк өз кезегинде бул техникалык иш үзгүлтүгү боюнча көзөмөл иш-чараларын жүргүзүүдө. Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Улуттук банк жагдайга көз салып, Кыргыз Республикасынын банк системасы үчүн тобокелдиктерди минималдаштыруу жана финансылык кызматты керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүүдө”, - деп жазылган Улуттук банктын билдирүүсүндө.
MBankтын айланасында мындай жагдайлар буга чейин да болуп келген. Банк муну техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштырат.
MBank санарип банктык кызмат көрсөтүүлөр менен эле чектелбей, 90дон ашуун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү да сунуштап келет. Мындан тышкары, соңку кездери дагы кошумча бизнес тутумдарды өзүнө камтып, өзүнүн экосистемасын түзүү аракетин жасап жатат.
Дагы караңыз MBank кардарлардын акчасынын жоголушуна түшүндүрмө берди“Келечек мобилдик банкингде”
“Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзамда “мобилдүү банкинг” - бул аныктама берилген. Ага ылайык, “кардардын мобилдик телефонунан банкка жиберген билдирүүлөрү аркылуу банктык эсепти алыстан туруп башкаруусу мобилдүү банкинг” деп аталат.
Мобилдүү банкингди колдонуудагы ыңгайлуулук жана убакытты үнөмдөө мүмкүнчүлүгү анын негизги артыкчылыгы болуп саналат. Ал аркылуу банкка барбай туруп, сутканын каалаган убагында аралыктан каржы операциясын жүргүзө аласыз. Бирок смартфонду уурдатып жиберсеңиз же башка бирөөнүн колуна тийип калса, капчыктагы акчага кооптуулук жаралышы мүмкүн.
Финансы боюнча талдоочу Арсланбек Кененбаев мобилдик тиркемеде жаралган мүчүлүштүктөрдү боло жүргөн техникалык маселе катары карайт:
“Бул системадагы бир ката болуп калды. Мындайлар боло берет. Анткен менен абдан ыңгайлуу. Мына азыр "О!" оператору “Халык Банкты” сатып алып атат дешет. Азыр Ошканын мобилдик банкинги абдан жакшы иштейт. MBank, Оптима Банк, Элсом иштеп атат. Дагы жаңы технологиялар чыгат. Азыр технологияларга абдан көп инвестиция жасалып жатат. Өтө көп операциялар жасалууда. Банкка барсак, кезекте эки саат отуруп, бир кагазды жасайбыз. Бул эми кечээки күн да, аны менен эч ким иштебейт. Азыр Америкада автотөлөмдөр бар, светке бот төлөйт. Менин картамдан өзү төлөйт, кандай эсеп келгенин мен карабайм. Банкка, ипотекага да төлөм автоматтык түрдө кетет. Биз ошол жакка баратабыз, ал алыс эмес. Коопсуздукту да сөзсүз караш керек, тобокелдик чоң. Азыр технологиялардын секириги болуп жатат, мындайда ар кандай нерселер боло берет”.
2022-жылы октябрь айында да KICB, “Оптима Банк” жана “Кыргызстан” коммерциялык банктарынын мобилдик тиркемелеринде техникалык мүчүлүштүктөр чыгып, убактылуу иштебей калган. “Оптима Банкта” андан мурда да бир нече жолу байланыш үзгүлтүккө учураган учурлар болгон.
Дагы караңыз Акчаны электрондоштуруу: Кыргызстандагы секирикӨкмөттүн санарип банкты өнүктүрүү аракети
Кыргыз өкмөтү 2022-жылы май айында “Кыргызтелеком”, “Альфа Телеком”, “Дастан” корпорациясы жана Евразия сактык банкын Санариптик өнүгүү министрлигинин карамагына өткөрүп берген. Мындай чечимди Кыргызстандагы санариптештирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү жана улуттук экономиканын бардык тармактарында санариптик платформаларды ишке киргизүү боюнча чыгымдарды кыскартуу аракети менен түшүндүрүшкөн.
Ошол кездеги санариптик өнүгүү министри Талант Иманов “Евразия сактык банкынын” базасында бизнес-процесстерди толук электрондук жүгүртүүгө өткөрүп, санарип банкингди өнүктүрүү жана банктын ачык экосистемасын түзүү ниетин билдирген.
Өкмөт башчы Акылбек Жапаров “Евразия сактык банкынын” базасында Казакстандагы “Каспий Банк” менен Орусиядагы Сбербанк сымал санарип банк түзүү зарылдыгын айткан.
Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде өлкө боюнча толук кандуу санариптик банкты куруу учурдун талабы болуп турганын билдирген.
“Республикада толук кандуу санариптик банкты куруу - учурдун талабы. Аны ишке киргизүү менен биз төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ болобуз. Бизнес процессинде толук электрондук документ жүгүртүү болот. Азык-түлүк, кызмат көрсөтүүлөр баштаган жалпы алып-сатуу аракеттери электрондук түрдө ишке киргизилет жана бул кардарлардын өзүн-өзү түз тейлөөсүнө чоң көмөк көрсөтөт. Муну жарандар интернет-банкинг жана бул жааттагы башка кызматтар аркылуу колдонууга болот; донорлор жана өнүктүрүү институттары менен иштөөдө ишканалардын инвестициялык артыкчылыгын жогорулатат”, - деген президент Садыр Жапаров.
Бирок өкмөттүн санарип банкингдин айланасында ачык экосистема түзүү убадасы алигече аткарыла элек. Талант Иманов Санариптик өнүгүү министрлигинен кетип, Инвестиция боюнча улуттук агенттикти жетектегени баргандан көп өтпөй "Евразия сактык банкы" да ошол мекеменин башкаруусуна өткөрүп берилди.
Финансылык талдоочу Арсланбек Кененбаев кубаттуу санарип банкинг системасын түзүү үчүн мамлекетте ресурс жетиштүү экенин, негизгиси мыкты адистер менен убакыт керек болорун айтат. Бирок рынокто курч атаандаштык жүрүп турганда аны ким иштетет деген маселе башкы планга чыгарын эскертет:
“Каспий Банк” – бул жаңы технологиялар. Менин оюмча, анын административдик ресурсу дагы бар болчу. Алар банкты борбор кылып, анын айланасына соода-сатык, кызмат көрсөтүүлөрдү “Каспий” аркылуу төлөй турган кылышкан. Ушинтип экосистеманы жасап коюшту. Азыркы заманда атаандаштык башка өңүттө жүрүп калды. Атаандаштык ишканалар менен өндүрүмдөр ортосунда эмес, экосистемаларда болуп калды. “Каспий Банк” өтө жакшы экосистеманы уюштурду. Ошол экосистемада бардыгы бизнес кылып, акча таап атышат. Мына, МБанк дагы экосистеманы жасап жатат – MBank Business ж.б. деп. Экосистема жакшы болсо, соода жүрө берет, кардарларга да ыңгайлуу. Ошондуктан “Каспий Банктын” ийгилигинде, менимче, админресурс, экосистема жана жаңы технологиялар шайкеш келди”.
Кыргызстанда жалпысынан 23 коммерциялык банк иштейт. Алардын өлкө боюнча 320 филиалы бар. MBank мобилдик банкинг тармагында калк арасына кеңири жайылган. Google Play порталындагы маалыматтарга караганда, МБанк тиркемеси 1 млндон ашуун жолу көчүрүлгөн. Андан кийин Optima24, Элсом жана Компаньон тиркемелери 500 миң жолудан көчүрүлгөн.