Майыптыгы барларга жумуш берген ишкана жабылып калышы мүмкүн

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад шаарындагы "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Жалал-Абад окуу өндүрүштүк ишканасы" жабылып калышы мүмкүн. Буйрутманын азайып кеткендиги ишке кедергисин тийгизип жатат. Аталган коомдун мүчөлүгүнө угуу, көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган 180 адам катталган. Алардын 80и жумушка жарамдуу болсо, ушул тапта болгону 37си иштеп жатат.