«Үмүт 2020» саясий кыймылы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жакындарынын Дубайда кымбат балуу батирлери бар экенин айтып чыкты. Саясий кыймыл тараткан видеодо Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын жалпы баасы 5,5 млн. доллар деп бааланан эки батири бар экени айтылат.
“Мындай батир алуу үчүн жөнөкөй дарыгер, милиция, бажы кызматкери 2777 жыл иштеши керек”, – деп айтылат видео кайрылууда. Саясий кыймыл бийликтен Матраимовдорду жоопкерчиликке тартууну талап кылат. Матраимовдор бул маалыматтар боюнча азырынча комментарий бере элек.
Матраимовдун мүлктөрү тууралуу жакында «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» сайты кеңири иликтөө жасаган.
Ал иликтөөдө Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын Дубайда бир нече баалуу мүлктөрү бар экени кабарланган.
21-ноябрда үч медиа мекеме чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган. Бул иликтөөдө аты аталган мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов өзүнө байланыштуу бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин, «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган маалыматтар туура эмес экенин кошумчалап, актыгын далилдей аларын белгилеген. Анын кайрылуусун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 24-ноябрда «Фейсбукка» жарыялады.
29-ноябрда мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) беш сааттан ашык сурак берип чыкты. Матраимов сыртта күтүп турган журналисттерге комментарий берген жок. (TSh)